"Азаттык" үналгысынын мурдагы директору; Борбордук Азия тарыхы, этнология, маданий тарых жаатындагы адис, т.и.д., профессор.
Тарыхчы жана публицист Тынчтыкбек Чоротегин 2015-жылдын тогуздун айынын 24-25инде Кытай Эл Республикасынын Шинжаң Уйгур Автоном Районунун борбору Үрүмчү шаарындагы Шинжаң педагогикалык университетинде өткөн “Манас” жана кыргыз салты” аттуу эл аралык илимий жыйын тууралуу маалымдайт.
Кытайдын борбору Бээжин шаарында уйгур дастанын изилдөөгө арналган эл аралык туңгуч илимий жыйын өттү. Ага манас таануучулар да жандуу катышты.
Кыргызстандын заманбап география жана картография илимин түптөгөн мээнеткеч инсандардын бири, коомдук ишмер Садыбакас Өмүрзаков (1921-2002) алатоолук илимпоздордун ар-намысы болчу.
Кыргызстандын заманбап тарых илимине залкар салым кошкон чыгыш таануучу, профессор Өмүркул Караевдин 85 жылдыгына карата тарыхчы шакиртинин баяны.
Бүгүн, аяк оонанын 22синде, Кыргызстанда эне тилдин – мамлекеттик тил макамын алган кыргыз тилинин майрамынын ирегесинде, - алгачкы жолу Кыргызстандын өкмөт башчысынынын деңгээлинде кыргызча “Википедиянын” өнүгүү деңгээли жана көйгөйлөрү талкууга алынып жатат. Мындагы башкы маселе – интернеттеги кыргызча барактардын өнүгүшүнө карата расмий жана жарандык кайдыгерликти жеңүү.
Шайдылда Базар – Тибет тоолорун көздөй кетчү Каракорум тоосунун бийиктеги өрөөнүндө жайгашкан. Бул тоолуу аймакта кыргыздар эзелтеден бери байырлап келет дешет...
Кытайлык кыргыздардын бараандуу санжырачыларынын бири Төлөк Төрөкан топтогон мол маалыматтын бир бөлүгү КЭРдин Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусунда айрыкча китеп болуп чыккан. Анын санжырасына караганда, кыргыздар Теңир-Тоонун байыркы эли.
Баш оонанын 1инде Кыргызстан атуулдарынын демилгелүү топторунун аракети жана бийликтин колдоосу менен Улуттук китепканада жана Боом капчыгайынын түндүк оозунда 1916-жылкы көтөрүлүштүн баатырларын жана Улуу Үркүндүн шейиттерин эскерген коомдук иш-чара өткөрүлдү.
Сөз эркиндиги үчүн күрөштү биринчи кезекте ыңкылапчылар аздектеши керек. Ал эми азыркы бийликтегилер – негизинен 2010-жылдын ыңкылапчыларынан турат эмеспи.
Он кылым илгерки мусулман түрк аалымдарынын эне тилибиздеги көөнөргүс эмгектери азыр да түркөйлүктү ашкерелеп келет.
Быйыл даңазалуу этнограф, кыргыз таануучу Саул Абрамзонго (1905-1977)110 жыл толот. Анын чыгармачыл мурасы Кыргызстанда жана дүйнө жүзүндө кеңири маалым. Бирок ал өз эмгектери үчүн кыргызстандык коммунист аткаминерлердин жүйөсүз көр жемесине бир нече ирет кабылганы да эсте.
Кытайлык кыргыздардын залкар манасчысы Жусуп Мамай (1918-2014) көөнөрбөс мурас калтырган ары дастанчы, ары санжырачы, ары агартуучу, ары коомдук ишмер, ары элдик дипломат болчу. Кулжа (июн) айынын 1инде анын дүйнөдөн өткөнүнө бир жыл болот.
Үстүбүздөгү жылы “Кыргызстан” Демократиялык Кыймылы (КДК) элдик бирикмесинин чейрек кылымдык мааракеси Кыргызстанда салтанаттуу белгиленип жатат.
Кыргыздын чыгаан демократ, коомдук ишмери, улуттук маданиятты өнүктүргөн ишкери, демөөрчүсү жана публицисти Табылды Эгембердиев (14.1.1951 – 16.5.2015) Бишкекте дүйнө салды.
Жазуучу Каныбек Иманалиевдин “Шабдан баатыр” деген романынын негизинде режиссер Эрнест Абдыжапаров жазган эки сериялуу көркөм тасманын долбоордук сценарийи тууралуу коомдук талкуу май (бугу) айынын 11инде Бишкек шаарында өткөрүлдү.
Кыргызстандагы 2005 жана 2010-жылкы элдик ыңкылаптардын мааракелерине карата сереп. Бул баяндама 2015-жылдын 24-мартында Бишкек шаарында өткөн илимий-тажрыйбалык жыйында окулду.
Ак-Шыйрак кыштагынын жанындагы көрүстөнгө 1916-жылы Улуу Үркүн маалында бул аймактагы ашууларда набыт болгондордун сөөктөрү арууланып кайра коюлуп, куран окулду. Бул иш-чарага Кыргыз өкмөтүнүн, Жогорку Кеңештин, ар кыл саясий партиялардын жана коомчулуктун өкүлдөрү катышты. 02.8.2014.
КЭРдин Кызыл-Суу Кыргыз автоном аймагынын Улуу-Чат ооданынын борборунда кыргыз салтын, тарыхын, маданиятын жана азыркы рухун чагылдырган ажайып эстеликтер бар.
Ички Монголиядагы ПИАК жыйынынын маданий чарасы маалындагы тарыхчынын блогу.
Дагы жүктөңүз