"Азаттыктын" Жалал-Абаддагы кабарчысы.
Бир жыл аскерде кызмат өтөп, эми үйгө кайтып келем деп турган маалда чек арадагы кагылышууда окко учкан 19 жаштагы Умарбек Курманбековдун сөөгү Базар-Коргон районунун Коткор айылында жерге берилди. Ал Баткен облусундагы “Капчыгай” чек ара бөлүгүндө кызмат өтөп жүргөн.
Баткендеги чек ара жаңжалынан сузактык 22 жана 19 жаштагы кырчын өмүрлөр кыйылды. Экөө тең бир жылдык аскерде кызмат өтөп жүрүшкөн. Даниэлбек Малашов сентябрдын 15де үйүнө кайтып келмек. Ал эми 19 жаштагы Нурислам Карыбеков үйдүн улуусу болгондуктан ата-энесинин ишенген тиреги эле.
Сузак айыл айылдык кеңешиндеги аялдардын бири, жашы 70ке таяп калган Хапизахон Сатыбалдиева өзбек коомчулугундагы кыздарды эрте турмушка берүү адатына жана үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка каршы күрөшөм деп депутаттыкка аттанган.
Тогуз-Торо районундагы Саймалуу-Таш петроглифтерин ЮНЕСКОнун тизмесине киргизүү аракети кайра башталды. Тарыхый корукта 10 миңдеген саймалуу таш бар. Алардын айрымдары омкорулуп, кээ биринде таш бетиндеги жазуулар өчүп баратканын тарыхчылар эскертишет.
Ноокен районунун Достук айыл аймагынын тургундары 20 көчөгө гүлдүн он чакты түрүн өстүрүп жатат. Жергиликтүү бийлик көчөлөргө гүл койгуч жасап, атайын идиштерди орнотуп берген. Көз жоосун алган гүлдөрдү негизинен жол боюндагы үйлөрдүн жашоочулары карайт.
Өлкө эгемендик алган жылдардагы эң ири зилзала 1992-жылы 19-августта Токтогул районунун Толук айылында катталган. Анда ондон ашык киши каза таап, миңдегени жараат алып, 600дөй үй жарактан чыккан. Отуз жыл мурда болгон бул каргаша айыл элининин күнү бүгүнкүдөй эсинде.
Ноокен районунда зордукталган алты жаштагы кыздын жакындары кылмышка шектүүнү өмүр бою эркинен ажыратууну суранууда. Cот отуруму 16-августка белгиленди.
Жалал-Абад облусунун Арстанбап эс алуу жайына быйыл Өзбекстандан эс алуучулар көп келип жатат. Батыштан келген туристтер да бар. Айылдагы жолдун начардыгы, башаламан жайгашкан соода жайлар жана таштанды маселеси туристтерге ыңгайсыздык жаратууда.
Жалал-Абадда төрт жылдан бери окуп жаткан индиялык студент кыз Бинси Калли Сузактын алыскы айылдарындагы жаш балдарга англис тилин үйрөтүүдө.
Маматусуп Эргешбаев Жалал-Абад облусунун Аксы районунда жашайт. Орусияда миграцияда жүргөн жигит, ненец улутундагы кызга үйлөнгөн. Мекенине кайтып келгенде чакан бизнес кылууну пландап, өзү жашаган Таш-Жар айылында самын чыгара турган чакан цехти ишке киргизди.
Сары-Челек биочөйрөлүк коругунун болжолдуу 100 гектардай аянтын зыянкеч курт каптап, сейрек кездешчү гүлдөр менен чөптөрдү жок кылып жатат. Курт корукка жакын айылдардын эгин талааларын да каптап, жергиликтүү элдин айласын кетирүүдө.
Сузакта комбайнчылардын кызматы кескин кымбаттап, эгинди былтыркыдан үч миң сомго жогору баада ордуруп жатышат.Дыйкандар быйылкы түшүмдөн пайда тапмак турсун, чыгымды жабуу да оор болуп жатканын айтышууда.
Сузакта аялын өлтүрдү деген шек менен кармалып, убактылуу абак жайында жаткан жаран кайын-журтун өлтүрөм деп коркутууда. 25 жаштагы келин Одинанын сөөгү үч-төрт жыл мурда ажырашып кеткен күйөөсүнүн короосунан 23-июнда табылган. Үй-бүлөдөгү зомбулук адам өмүрүн алып, эки баланы жетим калтырды.
Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Кызыл-Туу айылында 6-июлда өткөн нааразылык акциясынан кийин топурак казган карьердин иши токтоду.
Чаткалдык 72 жаштагы Тажымат Мамадиев аялы Айнура Корчуева экөө жергиликтүү тургун Доорбек Смаиловдон токмок жеп, жабыркаганын айтууда.
Кербен шаарынын айрым көчөлөрүндө таза суу айлап чыкпай, эл кыйналып жаткан чак. Күндө чака көтөрүп, айыл аралап суу издеген тургундар тиешелүү кызматтарга кайрылып, көйгөйдү чечип берүүнү суранган. Бирок жыйынтык чыга элек. Бийлик шаардын 60 пайызын таза суу менен камсыздаганын билдирүүдө.
Дагы жүктөңүз