"Азаттыктын" Жалал-Абаддагы кабарчысы.
Жалал-Абад шаарындагы балдардын психоневрологиялык стационардык мекемесинде 117 бала жатат. Алардын көпчүлүгүн майыптыгы бар балдар түзөт.
61 жаштагы студент Калысбек Тагаев азыр Жалал-Абаддагы Нур коллежинин экинчи курсун аяктап жатат. Келечекте башталгыч класстын мугалими болгусу келет. Анын группалаштары 19-20 жаштагы улан-кыздар. Калысбек Тагаевдин студенттик жашоосу менен тааныштырабыз.
Жалал-Абад мамлекеттик университетинин илимий китепканасында коомдук ишмер Азамат Алтайга (Кудайберген Кожомбердиев) арналган бурч бар. Анда Азамат Алтай чогултан «Ала-Тоо» журналынын, “Кыргызстан маданияты” гезитинин ондогон нускалары жана үй-бүлөлүк архиви сакталып турат.
Кочкор-Ата шаарында ууланды деп айтылган 23 бала ооруканада жатат. 11-майда шаардагы мектептердин биринин 6-7-8-класстарынын 42 окуучусу "Тез жардам" аркылуу ооруканага жеткирилгени кабарланаган. Айрымдары дарыгерлердин кароосунан кийин үйлөрүнө чыккан. Ууланууга эмне себеп болгону айтыла элек.
97 жаштагы сузактык Мамасалы Жумаев боз улан кезинде кан майданга аттанып, жапон согушуна чейин барган. Экинчи дүйнөлүк согушка Кыргызстандан 360 миңден ашуун киши катышкан. Жыл өткөн сайын ардаргерлер азайып, үркүрдөй гана киши калды. Быйыл Экинчи дүйнөлүк согуштун аяктаганына 78 жыл толду.
"Азаттык" бул жолу Жалал-Абаддын облус борборунан 350 чакырым алыс жайгашкан Чаткал районунун Жаңы-Базар айылына барды. Өмүрүнүн 40 жылын тигүүчүлүккө арнап, айылдын кыз-келиндерине да жумуш таап берген 75 жаштагы Байскан Көчөрбаева боюнча айтып беребиз.
Жалал-Абад шаарынын 26 жаштагы тургуну Айтурган Кочкорова "Резин Арт" технологиясын үйрөнүп, түркүн буюмдарды жасап сатат. Анын кол эмгегинен чыккан буюмдарга кызыгып, Москвадан бери буюртма бергендер бар. Чайырдан же эл арасында айтылгандай смоладан буюм жасоого кызыккандарга сабак өтө баштады.
Сузак районунун 31 жаштагы тургуну Аксана Омокова сегиз баланын энеси. Жолдошу Орусияга иш издеп кеткен. Мындан үч жыл мурун үч эм төрөгөн Аксанага жергиликтүү бийлик жардам убада кылган. Андан бери кооптуу жерде жашап жаткан үй-бүлө өкмөттөн жер тилке сурап, ала албай жүрөт.
Чаткал районун облус менен байланыштырган жол көйгөйү чечилбесе элдин жашоосу оорлоп, азык-түлүк, тамак-аш жана күйүүчү май кымбат сатылып жатат.Бул маселени Жалал-Абаддын облус жетекчилиги менен жолугушууда райоон тургундары көтөрүштү.
Аксы районундагы Кызыл-Бейит айылында 80дей кожолук жашайт. Айылда электр энергиясы, медпункт, мектеп жок, уюлдук байланыш да жакшы тартпайт. Жаштар шаарга ыктап, айылда улгайган адамдар көп.
Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 2022-жылы сентябрда Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта курман болгон 22 жаштагы жоокер Даниэлбек Малашовдун үй музейи ачылды. Анын ысымы көчөгө да берилди.
13-мартта Аксы аймактык ооруканасында өрт чыгып, 100дөй бейтап эвакуацияланган. Бул окуя ооруканалардагы өрт коопсуздугун эске салды. Чатыры толугу менен күйүп кеткен оорукана 4,5 миллион сомго чукул чыгым тартканы белгилүү болду.
Жалал-Абад шаарында 500 окуучу окуп жаткан кесиптик лицей жабылып, ордуна спорт мектеби ишке кирет. Лицейдин мугалимдер жамааты кесиптик окуу жайдын жабылышына нааразы болууда.
Бишкекте жана Аксы районундагы Боспиек айылында "Аксы окуясын" эскерүү иш-чаралары өттү. Президент Жапаров баштаган жетекчилер 2002-жылдагы Аксы жана 2010-жылдагы Апрель окуяларында элдин эркиндиги үчүн курман болгондордун элесине арналып тургузулган "Ала-Тоо" аянтындагы монументке гүл коюшту.
Арстанбап айыл аймагында 72 үй-бүлө көчкү коркунучу бар аймакта жашап жатышат. Аларга 2017-жылы коопсуз жайдан жер тилкелери жана жөлөк пул берилген. Бирок алар көчкөнгө каршы болгондуктан, жергиликтүү бийлик мажбур көчүрүү аракети көрүлүп жатканын билдирди.
Жалал-Абадда аялдардын тилектештик курултайы өттү. Анда аялдарга карата зордук-зомбулук, алардын саясий чөйрөдөгү орду, экономикалык мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Ар тармактан чогулган лидер айымдардын иш чарасына кабарчыбыз Талгат Абжалил катышты.
Чаткал районунда кар тынымсыз жаап, кардын калыңдыгы бир метрден ашкан. Облус менен байланыш токтоп, Чапчыма ашуусу жабылды. Үйдүн чатыры кулап, кооптуу аймактагы 15 жаран бала бакчанын имаратына көчүрүлдү.
Мектепте 42 жыл мугалим болуп иштеген Ибрагим Каримжанов гүл бизнесин түптөдү. Ага англис, немис тилинен сабак бергени бизнес баштоодо дагы пайдасын тийгизген экен. Тоолуу Арстанбапта күнөскана куруп, боз үй тиккен мугалим жайкысын туристтерди тосуп, гид болуп иштейт.
Дагы жүктөңүз