"Азаттыктын" Жалал-Абаддагы кабарчысы.
Бүгүн 10-январда Кыргызстандын президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоочу референдум өтүтү. Президенттик шайлоого 17 талапкер ат салышты.
Жалал-Абад санаторийинин жетекчилик кызматы кайрадан талашка түштү. Аталган жайга убактылуу жетекчи катары келген Эгемберди Айтиевди андагы кызматкерлер кабыл алган жок.
Таш-Көмүр шаарындагы тоо арасында казылып жаткан көмүр калдыктарын терип, оокат кылган жарандар жүздөп саналат. Алардын арасынан майыптарды, сексенге таяп калган карыларды жолуктурууга болот. Таң эрте колуна атайын жасап алган зымы менен кабын көтөрүп баргандардын жалгыз максаты – үйүнө аман-эсен ка
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Аялдарга карата дискриминацияны жоюу боюнча комитети кыргызстандык Роза Горбаеваны абакта дискриминацияга кабылган деп тапты. Кыргызстандагы «Кыйноого каршы коалиция» өкмөттүк эмес уюму билдиргендей, комитет Горбаеванын арызы боюнча 1-декабрда чечим кабыл алып, кыргыз
Жалал-Абад облусунун Сузак районунда белгисиз кишилер атып кетишкен жеке ишкер Искендер Хамракуловдун жакындары 9-декабрда басма сөз жыйынын өткөрүп, кылмышка шектүүлөр жазага тартылбай жатат деп нааразылык билдиришти.
Аксы районунун Авлетим айыл аймагына караштуу Дейрес-Сай айылына жакын жерде Өзбекстан чек арага зым тарта баштады. Жергиликтүү эл чек ара сызыгы айылдын ичине чейин кирип келди деп арызданып жатат.
“Кыргызстандын Брюс Лиси” аталган 10 жаштагы Нурмухаммад Ташмаматов эл аралык “Интеррекорд” агенттигине катталды. Ал теннистин шаригин колундагы "нунчак" менен бир мүнөттө 42 жолу кайтарып рекорд жараткан. Нурмухаммад алдыда "Гиннестин дүйнөлүк рекорддор” китебине кирүүгө аракет көрүп жатат.
Жалал-Абаддын Ноокен районунда ондогон гектар пахтанын акыркы терими кар алдында калды. Дыйкандар быйыл суук эрте түшкөндүктөн пахтаны жыйнаганга үлгүрбөй калган. Ак алтындын түшүмүн жыйноо учурунда пандемияга байланыштуу жумушчулар тартыш болгон. Ошондон улам да терим иштери кечендеген.
Быйыл 7-октябрда Кербен шаарынын борборуна акимди кызматтан кетирүү талабы менен чогулгандардын кандуу окуя менен аяктаган жаңжалына чекит коюла элек.
Базар-Коргон районундагы Кызыл-Үңкүр айылынын тургундары балык чарбасы менен алектенип келет. Аталган айыл райондон 100 чакырым алыс жайгашкан. Бул жерде эки жылдан бери эс алуу базасы иштеп жатат. Тоо коюнунда, булак суусуна багылган балык үчүн жайкысын атайын келгендер арбын.
Он сааттап жол тиктеп, миңдеген тонна жүк ташыган машинистердин бир күндүк жашоосу тууралуу айтып беребиз. Биз бул жолу Кудайберди Мурзаев менен сапарга аттандык.
Ала-Бука, Сузак райондорунун акимдери иштен алынып, Жалал-Абад шаарынын мэри кызматын тапшырган.
Сузак районунун Жаңгак айылынын тургуну Раимбек Жумабаевдин үйү ушул жылдын сентябрь айында күйүп кеткен. Тилсиз жоо каптаган үй 2018-жылы мамлекеттик камсыздандыруудан өткөн. Бирок аталган уюм каражат бөлүүдөн баш тартып келет. Алар кырсыкка үй ээсинин өрт коопсуздугун сактабаганын жүйө келтирүүдө.
Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарына иш сапары менен барып, эл менен жолугушту. Бир топ жарандардын суроолоруна жооп берди. "Азаттык" Садыр Жапаровдун элдин суроолоруна берген жообу тууралуу сурамжылоо жүргүздү.
Бийлик алмашкан соң Чаткал менен Ала-Букадагы алтын компаниялары ишин токтотууга аргасыз болду.
Жалал-Абадда коронавирус жуктуруп алган бейтаптар үчүн кычкылтек баллондору жетишпей жатат. Облустук оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүндө бейтаптардын жакындары өз акчасына кычкылтек баллонун сатып келип, ыктыярчылардын көмөгү менен аны орнотуп жатышат.
Жалал-Абадда коронавирус жуктуруп алган бейтаптар үчүн кычкылтек баллондору жетишпей жатат.
"Азаттык" жаңы өкмөттүн акыркы кадрдык дайындоолору боюнча коомчулуктун пикирине кызыгып көрдү.
Жерди да туура иштетүүнүн арты менен жакшы киреше тапса болот. Сузак районунун дыйкандары кулпунай өстүрүп, пайда табуу ыкмасын жолго кое баштады. Атабеков, Ырыс жана Сузак айыл аймагынын дыйкандары азыркы тапта кулпунайдын күзгү теримин баштады. Элеттеги эпчил дыйкандар тууралуу видео тасма.
Дагы жүктөңүз