"Азаттыктын" Жалал-Абаддагы кабарчысы.
Жалал-Абаддын Аксы районунда 51 жаштагы аялдын өлүмүнө шек саналып күйөөсү камакка алынды. Ал аял 9-январда Үч-Коргон айылдык ооруканасына “Тез жардам" кызматы менен денесинде көгала тактары бар, эс-учун жоготкон абалда жеткирилип, алган жараатынан улам ошол жерден жан берген.
Жалал-Абаддын Аксы районунда 51 жаштагы аялдын өлүмүнө шек саналып күйөөсү камакка алынды. Маркум 9-январда Үч-Коргон айылдык ооруканасына “Тез жардам" кызматы менен денесинде көгала тактары бар, эс-учун жоготкон абалда жеткирилип, алган жараатынан улам ошол жерден жан берген.
Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жол курулушуна старт берилди. Курулушту баштоо аземинде бул Кытай менен Европаны бириктирген темир жол болору жана Борбор Азия мамлекеттерин өнүктүрүүгө салым кошору айтылды.
27-декабрда Жалал-Абад шаарында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун жана Кытай менен Өзбекстандын өкүлдөрүнүн катышуусунда Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушун баштоо аземи өттү.
Аксы районунда 14 жашка чейинки балдар арасында сарык оорусу көп катталып жатат. Былтыр он айда гепатиттин А түрү менен 150дөй бала катталса, быйыл жыл башынан берки он айда алардын саны 800дөн ашты. Райондук ооруканада бейтаптар батпай, кошумча бөлүмдөргө жаткырылып жатат.
Соңку жылдары Орусияда иштеген кыргызстандык мигранттар түрдүү себептер менен мекенине массалык түрдө кайтып келүүдө. “Данисте” бул жолу мекенине кайткан мигранттардын жашоосу, өз жеринде эмне менен алектенип жатканы тууралуу баяндайт.
Ала-Бука районундагы Падек айылында Т.Жоробаев атындагы орто мектептин курулушу боюнча кылмыш иши козголду. Райондук прокуратура мектепти текшерип чыгып, курулуш сапатсыз жүргүзүлгөнүн билдирген. Жаңы мектеп жабылып калгандыктан ушул тапта 713 окуучунун баары эски мектепте окуусун улантып жатат.
Сузактатын Багыш айылындагы “Кенжетай-1” бала бакчасында балага кол көтөргөн учур тартылган тасма боюнча прокуратура үч берене менен кылмыш ишин козгоп, Сузак райондук милициясы да териштирүү жүргүзө баштады. Билим берүү жана илим министрлиги окуянын чоо-жайын аныктоо үчүн комиссия түздү.
Сузакта Багыш айылындагы “Кенжетай-1” бала бакчасында балага кол көтөргөн учур тартылган тасма боюнча Жалал-Абад облустук прокуратурасы, Сузак райондук ички иштер бөлүмү териштирүү жүргүзө баштады. Окуяга байланыштуу кылмыш иши козголду.
Жалал-Абад облусунун Сузак айыл аймагында айылдык кенешке келчү 31 депутаттын 12 мандаты аялдарга берилет. Шайлоого 20дан ашуун аял талапкер катышты. Өзгөчө бул жолу шайлоого өзбек улутундагы аялдардын жигердүү катышканы жергиликтүүлөр үчүн чоң жаңылык болууда.
Жалал-Абад шаарынын тургуну Гулзада Калыкова дары чөптөрдөн экосамын жасап, чакан ишкерлигин кеңейтип жатат. Химия сабагынан мугалим болуп иштеген аял турмуш-шарттын айынан Орусияга кетип, ал жакта он жылдай эмгектенген. Андан соң ден соолугунан улам мекенине кайтып келип, ишкерликке киришкен.
Америкалык ыктыярчы Бен Харнден Базар-Коргон районундагы мектепте англис тилинен сабак берип иштеп жатат. Аны айылдыктар Бекжан деп аташат. Кыргызстанга былтыр келген Бен азыр эл менен аралашып, кыргыз тилинде эркин сүйлөп, бош убактысында ат минип, улакка да барат.
Жалал-Абадда пахтанын баасы арзандап, дыйкандар жыл сайын анын аянтын кыскартып жатышат. Пахтанын килограммы ушул тапта 65 сом турса, 2-3 жыл мурда 115 сом болчу. Ал ортодо жергиликтүү бийлик аймакта пахтаны кайра иштетип, кездеме чыгаруу үчүн атайын класстер түзүүнү көздөп жатканын билдирди.
Сузак-Кара-Дарыя багытындагы 5 чакырымдан ашуун жол кеңейтилип, 100дөн арбын үй жана 90дой коммерциялык имарат жылдырылып жатат.
"Азаттык" Украинадагы согушка кеткен бир нече каармандын кайгылуу окуясын баяндоо менен Орусиянын түрмөлөрүндө мигранттарды кан күйгөн кармашка айдоо дагы эле уланып жатканын көрсөтөт. Белгилүү себептерден улам берүүдө сүйлөгөн каармандардын жүзүн жаап, атын өзгөртүп беребиз.
Жалал-Абаддын Сузак районунда 18 жаштагы жигиттин өлүмүнө байланыштуу 30-сентябрда маркумдун жакындары облустук бийликтин имаратынын алдына нааразылык акциясына чыкты. Алар тергөөнүн жүрүшүнө нааразы болуп жатышат.
Баткенде Орусиядан миграциядан кайткан жарандарга колдоо көрсөткөн долбоор иштеп жатат. Коомдук уюмдун жана донорлордун колдоосу менен чакан ишкерлик боюнча окуулар уюштурулуп, каражат да берилет. Орусиядагы абалдан улам мекенине кайткан мигранттар көбөйгөн шартта бул долбоордун мааниси артууда.
Сузак районунда дайынсыз болуп жаткан 18 жаштагы баланын сөөгү 15 күндөн кийин табылды. Анын өлүмүнө шектелип беш бала камакка алынды. Алдын ала маалымат боюнча бала мушташтан каза болгону айтылууда.
Кыргызстанда токойлор өлкөнүн алты пайызынан аз аянтты ээлейт. Анын басымдуу бөлүгү Жалал-Абад облусунда. Эң эле уникалдуусу жаңгагы менен таанылган Арстанбап токою. .
Кара-Көл шаарында үй-жайы күйүп кеткен 16 үй-бүлө боз үйдө баш калкалоого аргасыз. 13-августта алар жашаган барак тибиндеги эки кабат үйдө өрт чыгып, жашоого такыр жараксыз болуп калды. Эми тургундар үй-жайын кантип калыбына келтирүүнү билбей турушат.
Дагы жүктөңүз