"Кыргызстанда парламенттик демократиянын келечеги бар, бир аз чыдайлы" – деди “Азаттыкка” маегинде өлкө президенти.
АКШнын Кыргызстандагы элчиси Памела Спратлен “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.
Добуш берүү аяктаар замат негизги партиялардын лидерлери жана өкүлдөрү өз пикирин "Азаттыкка" айтып беришти.
Бюджет дефолтко учурабайт, айлык-пенсиялар үзгүлтүксүз төлөнөт, – деп билдирди 1-вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев.
Испания Италияны 4:0 деген ири эсеп менен утуп, Европанын катары менен эки жолку чемпиону болду. Мыкты бомбардир наамына алты футболчу татыды.
1-июлда Киевде Испания менен Италия финалда беттешип, Европанын эң мыктысы ким экени аныкталат.
Евро-2012де биринчи финалист дайын болду. Пенальтиден коңшусу Португалияны 4:2 менен уткан испандар эми Германия – Италия беттешинин жеңүүчүсү менен алтын медалды талашмакчы. Немистер Италиянын үч футболчусун ойнотпой койсок эле утабыз деп билдиришти. Голландиянын устаты Марвейк кызматын тапшырды.
Чехтерди уткан Португалия жарым финалга кадам таштады. Гректер немистерге каршы жанын аябай турганын айтууда. Көпчүлүк адистер финалда Испания менен Германия кез келишет деп жатышат.
Бүгүн Варшаванын улуттук стадионунда алгачкы жарым финалчы аныкталат. Португалия – Чехия таймашынын жеңүүчүсү эртең Гданьскиде Германия – Грекия матчында утканы менен беттешмекчи. Польшада Ирландиялык күйөрмандын сөөгү табылды.
Д тобунан чейрек финалга Англия менен Франция чыкты. Украинанын атактуу футболчусу Андрей Шевченко чоң футболдон кетээрин жар салды, УЕФА Хорватияга 80 миң евро айыппул салды.
Европа чемпионатында С тобунан чейрек финалга Испания менен Италия чыкты.
Биринчи чейрек финалчылар анык болду, футбол жылдызы Роналду акыры гол киргизди, Москвага кайтып келген орус футболчуларын күйөрмандары тосуп алган жок.
Д тобунда Украина Францияга 0:2 эсебинде утулса, Англия Швецияны 3:2 менен жеңди, орус оюнчусу Алан Дзагоев күйөрмандарына кайрылып, сабырдуу болууга үндөдү.
С тобунда Италия Хорватия менен 1:1 эсебинде тең чыкса, фавориттердин бири Испания Ирландияны 4:0 менен утту.
Европа чемпионатында В тобунда 2-тур аяктады, Португалия Данияны 3:2, Германия Голландияны 2:1 эсебинде утту.
12-июнда Европа чемпионатынын 2-туру башталды.
Евро-2012 чемпионатында бардык топтордо биринчи тур жыйынтыкталып, бүгүндөн тарта 2-тур старт алат.
Польшада жана Украинада футбол боюнча Европа чемпионаты өтүүдө. “Азаттык” спорт фестивалынын ар бир күнүнө сереп таштоодо.
Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев “Азаттыкка” кеңири маек куруп, глобалдык жана ички кырдаал тууралуу ойлорун ортого салды.
Апрелде ФИФА, же футбол ассоциациясынын эл аралык федерациясы түзгөн жадыбалда Кыргызстан 208 өлкө ичинен 195-орунду ээледи.
Дагы жүктөңүз