Кыргызстан коргонуу кеңешинин катчысы генерал Бусурманкул Табалдиев Кыргызстан-АКШ сүйлөшүүлөрүнүн айрым жагдайлары тууралу “Азаттыкка” маек курду.
Грузия президенти ушул жылдын 7-мартында Азербайжан парламентинде Москванын Евразия биримдигин түзүү боюнча демилгесине карата пикирин айтты.
Ошто 1-мартта - жаздын биринчи күнүндө өткөн митинг, анда коюлган талаптар канчалык жүйөлүү?
АКШнын Кыргызстандагы элчиси Памела Спратлен "Азаттык" үналгысына маек курду.
Кыргызстанда сөз эркиндиги менен жоопкерчилик айкашат деп ойлойсузбу?
Өкмөт 100 күндүк иш планын сунуш кылганы турат. Эгер ал максаттын өтөөсүнө чыкпаса, премьер керт башы менен жооп берүүгө даяр экенин билдирди.
(Азил-чыны аралаш)
Атамбаевдин америкалык транзиттик борбор боюнча билдирүүсү тууралуу депутаты Токон Мамытов “Азаттык” менен ой бөлүштү.
Кыргызстандын 20 жылдык эгемен тарыхында бийлик биринчи жолу тынч жол менен колдон колго өткөрүлдү. Эми жаңы бийликтин ички, тышкы саясаты, адам укуктары, сөз эркиндиги жаатындагы багыты кандай болот?
Кыргызстанда демократиянын өнүгүшүнө АКШ кол кабыш кылат. Бул тууралуу АКШ Мамкатчысынын жардамчысы Роберт Блейк билдирди.
Кыргызстанда шайлоонун жыйынтыктарына жана келерки президенттин ички жана тышкы саясатына карата талдоочулар ойлорун айтууда.
Кыргызстан күрдөөлдүү күздүн мөмө-чөмөсү менен кошо президенттикке талапкерлердин акчалары менен убада-ураандарынын түшүмүн алганы турат.
Рудаки атындагы Тажик коомдук бирикмесинин ардактуу президенти, Кыргызстан улуттук илимдер академиясынын академиги Абдухалим Раимжанов, Кыргыз-орус славян университетиндеги кыргыз тили кафедрасынын окутуучусу, доцент Галина Василькова жана Кыргызстан парламентиндеги «Республика» фракциясынын өзбек тектүү депутаты Абдулатип Режабалиев “Сыйабанда” моноулуттуу өлкө күчтүү болобу же көп улуттуу өлкөбү, Кыргызстанды жердеген 80ден ашык улуттун өкүлдөрү азыркы саясий, экономикалык, чечим кабыл алуу процесстерине активдүү катышып, өлкөнүн жеңилин жерден, оорун колдон алып жатабы? - деген суроолордун тегерегинде пикир алмашты.
Белгилүү журналист жана саясый ишмер Мелис Эшимканов каза тапты. Жеке оорукана 48 жаштагы Эшимкановдун жүрөгү токтоп калганын тастыктады.
1999-жылы Кыргыз жеринде кен чалгындоо иштерин жүргүзүп жаткан жапон геологдорун моджахеддер туткунга алганы Борбор Азиядагы чакан мамлекет бүт дүйнөгө таанылган. Ошол күндөрү жапондордун кыргыз тилмечи Өмүрбек Жанакеев 64 күн бою чет жердиктерди таштабай, жанында караан болуп, чогуу азабын көтөрүшкөн.
Кыргызстан президенти Роза Отунбаева өлкө эгемендигинин 20 жылдыгы алдында “Азаттыкка” атайын маек курду.
Кыргызстан башкы прокурору Аида Салянова “Азаттыкка” атайын маек курду.
Ошентип Кыргызстанда 60га чукул адам президент болом деп БШКга арыз таштады. Биздин жер-жерлердеги сурамжылоолор көргөзгөндөй, дагы ондогон, балким, жүздөгөн адамдар түптүз эле президент болуудан кайра тартпайт экен.
Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатка тандап алуу турниринде Кыргызстандын курама командасы өз жеринде Өзбекстанга 0:3 эсебинде утулуп калгандан кийин кыргыз футболунун абалына жумурай журтта кызыгуу күч алды.
Премьер-министр Алмазбек Атамбаев “Азаттыктын” бир катар суроолоруна жооп берди.
Дагы жүктөңүз