"Азаттык" радиосунун журналисти жана алып баруучусу. Сезимтал журналистика, кесиптик этика боюнча адис.
Майда уурулуктан тарта ири кылмыштарды жасаган айымдар өткөн жылдарга салыштырмалуу 20 пайызга көбөйгөн.
Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагери, 89 жаштагы Талиб Рахимов эки буту иштебей калганына карабай, табыпчылык өнөрүн таштабай келет.
2010-жылдагы калабадан кийин Ошто иштеп жаткан журналисттердин арасында өзүн өзү чектөө күч алды.
Ош облусунда мектепке жоолукчан барган кыздардын маселеси кайрадан талкуулана баштады.
Оштун Араван районунда көз карандысыз телеканал иштей баштаганына бир жылдан ашты. "Араван" телерадиокомпаниясы деген аталышта иш жүргүзүп келе жаткан бул медиа мекеме азырынча Кыргызстандын райондорунда өз жыштыгына ээ алгачкы телеканал.
Кадамжайда бир катар жашоочулар баптисттик диний агымдын ишин көзөмөлдөөнү талап кылып кол топтоду.
Ош шаарында сойкулук бизнеси менен алектенгендерге каршы жергиликтүү милиция күрөшүп жатканы менен калаада денесин саткан кыздардын жумушу токтоп калган жок.
Дээрлик үч жарым жылдан бери Өзбекстан менен Кыргызстанды Оштогу “Достук” өткөрмө бекети гана байланыштырып турат.
Соңку үч жылдан бери Ошто алгачкы жолу 10-февраль күнү жергиликтүү өзбек ырчыларынын чоң концерти болду.
Баткендик Исабек Максутов жергиликтүү ырчылардын арасынан аймакта алгачкы жолу концерт койгон чыгармачыл жигит.
Кыргызстандын Өзбекстандагы эксклавы - Барак айылынын калкы чек ара ачылбай жатканына нааразы.
Июнь калабасында жапа чеккендер жаңы жыл алдында алган батирлеринин ачкычын кайра өткөрүп берүүнү көздөп жатышат.
Оштук укук коргоочу Равшан Гапиров шаар тургундары ага-ини Жахонгир менен Фарход Имадиновдорду милиция мыйзамсыз камакка алды деп билдирди.
Акыркы кезде Оштогу өзбек ырчылардын чыгармачылыгы жандана баштады. Июнь калабаcынан кийин алардын жаңы ырлары өзбек тилиндеги телерадиоканалдардын жоктугуна байланыштуу эл-журтка жетпей жаткан эле.
22-январда Санкт-Петербург шаарынан Ошко келаткан учактын бортунда көз жарган Гүлдана Шерикпай кызынын ден соолугу жакшы.
Баткен облусунун Үч-Коргон айылындагы тажик тектүү жаштар арасында ата-бабалары жасап келаткан өнөрлөрдү улантуу көрүнүшү азайып баратат.
Баткендин Кадамжай районуна караштуу Үч-Коргон айыл округундагы тажик тилдүү мектептер китеп тартыштыгынан улам аралаш тилде окутууга өтүп жатат. Калкынын 60 пайыздан ашуунун тажик тектүү жарандар түзгөн бул аймакта толук тажик тилинде окуткан мектеп жок.
Ошто белгисиз бирөөлөр атып кеткен ИИМдин полковниги Толкунбек Шоноевдин сөөгү жекшембиде жерге берилди.
ИИМдин уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөш башкармалыгынын түштүк бөлүмүнүн башчысын атып кетишти.
Ош шаарында колу жука үй-бүлөдөн чыккан бөбөктөрдү тарбияга алган Балдар үйүнүн жетекчилигине жана ал жердеги кызматкерлерге нааразы болгон энелер “Азаттыкка” арызданышты. Алар тарбиячыларга балдарды уруп-сөгөт деп кине коюп жатышат. Балдар үйүнүн жетекчилиги муну куру доомат деп атады.
Дагы жүктөңүз