"Азаттык" радиосунун журналисти жана алып баруучусу. Сезимтал журналистика, кесиптик этика боюнча адис.
Адистер быйыл Кыргызстанда каржы кризиси болоорун божомолдой баштады. Буга Салык жана Бажы кызматтарында каражаттар 900 миллион сомго аз жыйналганы негиз болууда.
Өзбекстандын аймагындагы Кыргызстандын Барак эксклавынын тургундары жол ачып берүү же башка аймакка көчүрүү талабын коюшууда.
9-август күнү жабылган кыргыз-өзбек чек арасындагы негизги өткөрүү жайы - "Достук" бекетинин качан ачылаары белгисиз бойдон.
Ош шаарынын тургуну Азиза Ташхожаева 4 жылдан бери куурчак жасап, кайталангыс сувенир катары сатып келет.
Оштун Масалиев көчөсүнүн айрым тургундары калаадагы мечиттерде азан айтуу тартипке салынсын деген өтүнүч менен шаардык казыятка кайрылды.
«ОшТВ» телекомпаниясына жаңы жетекчи болуп дайындалган Эрнис Кыязов каналга карата коомчулук арасында калыптанып калган «мэриячыл» деген мөнөздөмөнө жоёорун айтты.
Ош милициясы аймактагы мыйзамсыз диний жамааттарга дээрлик 400дөй адам мүчө экенин жарыялады.
Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев Оштун мэри жакында шайланат деп билдирди. Бирок күнү азырынча белгисиз.
Оштун чок ортосунда жайгашкан "Бексултан" базары менен калаа жетекчилигинин ортосундагы талаш бир жылдай убакыттан бери чечилбей келүүдө.
Ошто милиция кызматкерлери тарабынан сабалды делген адвокаттын арызынын негизинде иликтөө иштери башталды.
Ошто "Хизб-ут Тахрир" идеяларын таратып жүрөт деген шек менен кармалган эки кызды сот үй камагына бошотту.
Өзгөн районунун Мырзаке айылында жайгашкан Абдырайым кары атындагы мамлекеттик медреседе жайкы диний лагер уюштурулуп, 100дөн ашуун бала шарият таалимин алууда. Ошондой эле спорттук оюндар менен машыгып жатышат. 20 күндүк лагерде жеткинчектерге жергиликтүү молдолор менен кошо Сирия жана Тажикстандан келген адистер билим берип жатышат. Эл ичинде чет өлкөлүк жарандардын кыргызстандык балдарга диний таалим бериши туура эмес деген пикир бар. Ал эми облустук казыят мунун баары мыйзамдын негизинде көзөмөлдө экенин айтууда.
АКШнын Кыргызстандагы элчиси Памела Спратлен 2010-жылдагы Июнь калабасынан кийинки Ош тууралуу “Азаттыкка” маек курду.
Ош облусунун Өзгөн жана Ноокат райондорундагы медреселерде балдар үчүн жайкы диний лагерлер иштей баштады.
Июнь окуясынан кийин жергиликтүү жаштар арасында улуттук кызыкчылыктарды көздөгөн активдүүлүк жогорулап кеткени байкалат. Калабадан кийин айрым жаштарда жарма патриоттуулуктун да күч алганын жергиликтүү байкоочулар айтышат.
Ош-Бишкек жолунун үч жарым күн буулуп турушу үч түрдүү максат менен коштолду.
Ала-Букада Сафед-Булан жана Сары-Талаа айылдарынын калкы элдешип жатат. Жергиликтүүлөр балдардын мушташын улут аралык кагылыш катары көрсөтпөөнү укук коргоочулар менен журналисттерден суранышууда.
Жалал-Абаддын Ноокен районунда жайчылык өнөрдү улантып келаткан үч айым бар.
Бул илдетке кабылгандар коомчулуктун кодулоосу оору азабынан да ашып түшүп жатканына кападар.
Ош шаардык мэриясына караштуу Коопсуздук жана укук тартиби боюнча координациялык кеңеш күч органдары менен биргеликте чагымчыл аракеттерге каршы туруу чечимин кабыл алды.
Дагы жүктөңүз