"Азаттык" радиосунун журналисти жана алып баруучусу. Сезимтал журналистика, кесиптик этика боюнча адис.
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия диний теманы чагылдырган журналисттерди кылдат болууга чакырып жатат.
Тубаса азиз Замира Калыбек кызы Улуттук илимдер академиясында илимий кызматкер. Ал Кыргызстанда майыптарга түзүлгөн шарттар, муктаждыктар жана кыялдары тууралуу айтып берди.
Ислам Сатаровдун "Gamma media group" компаниясы дүйнө жылдыздарынын концертин уюштуруп, протоколдук иш-чараларды да даярдашат.
Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов "Билим берүүнүн мыктысы" деген сыйлык алганы нааразы пикирлер менен коштолууда.
Кырсыкка кабылган учак Тегеранга жакын жердеги "Пайам" аэропортуна конушу керек эле.
2019-жылы кыргызстандык жүргүнчүлөр арасында аба каттамына артыкчылык бергендер көбөйдү.
Улуттук энергохолдинг компаниясы компьютерде отуруп иштеген жумушчуларына 2017-жылы 3 миллион 700 миң сом кенемте төлөгөнү талкууга түштү.
Глобалдык фонд Кыргызстандагы ВИЧ илдети бар кишилерди акысыз дары менен камсыздоо ишин 2020-жылдын аягында токтотот. Мындан улам калктын бул илдет менен күрөшкөн катмары өкмөт бейтаптарга азыртан кам көрбөсө, кыйын кырдаал түзүлөт деп чочулашууда.
2018-жылы Кыргызстанда адам укуктары маселесинде кандай жылыштар жана өксүктөр болду? Эл аралык коомчулук эмнелерди байкады?
Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы өзүн табып атаган Хашим Зайналиевди Кыргызстандан сыртка чыкпоого милдеттендирди.
Кыргыз-өзбек кино ишмерлеринин Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде тарткан "Делбирим" тасмасы чоң экрандарда көрсөтүлө баштады. Тасманын Бишкекте өткөн бет ачарына 500дөй адам катышты.
Абдил Сегизбаевге кылмыш ишин козгоо тууралуу маселе кайрадан күн тартибине чыкты.
"Акнет" ишканасына карата кылмыш ишинин козголушунун арты менен жүздөгөн абоненттер телевидение жана Интернет начар иштеп жатканына нааразы боло баштады.
Өзбекстандык белгилүү фотограф, документалист, бийликти ачык сындаган көз карашы менен айырмалаган Умида Ахмедова “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди. Ал Өзбекстандагы бүгүнкү жагдай, аялдардын укуктары, ырчы кыздарга мамиле жана кыргыз кыз-келиндеринде байкаган өзгөрүүлөр жөнүндө сүйлөдү.
Кыргызстандагы Жалпыга маалымдоо каражаттарынын үстүнөн түшкөн арыздарды караган комиссиянын ишине сереп.
Бишкекте ВИЧ жуктуруп алган 38 жаштагы тургун "илдетим тууралуу коомчулукка жарыялап жиберишти" деп эл аралык уюмдарга нааразы болуп жатат.
Кыргызстандагы билим берүү тармагын талдаган Булан институту президентке кайрылып, мектептердин көйгөйүн чечүүгө тез арада көңүл бурууга чакырды.
Кыргызстандын жаңы тышкы иштер министринин алдында кандай милдеттер бар? Саясат талдоочу Чынара Эсенгул "Азаттык" радиосунун суроолоруна жооп берди.
Санкт-Петербургдагы метродо 2017-жылдын 3-апрелиндеги жардырууну ким, эмне максатта уюштурганы беймаалым бойдон калып келет. Кылмышка шектелип кармалган кыргызстандыктар күнөөнү моюнуна алган жок. Алар муну куру доомат деп жатышат.
"Коопсуз шаар" долбоорунун тегерегиндеги талаш жаатында экономист, эл аралык ишкерлер кеңешинин мурдагы төрагасы Темирбек Ажыкулов ой бөлүштү.
Дагы жүктөңүз