“Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. Ж.Баласагын атындагы КУУнун журналистика факультетин 2009-жылы аяктаган.
5-июнда Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылында жергиликтүү жаштар мушташты. Милиция кырдаалды жөнгө салды.
Медиакоомчулук "Азаттыктын" журналисти Ыдырыс Исаковду коргоого чакырган кайрылуу менен чыгышты.
Токмок шаардык соту 27-апрелде сегиз айдан бери издөөдө жүргөн жергиликтүү кеңештин депутаты Тынай Жансеитовду үй камагына чыгарды. Ал 25-апрелде өз ыктыяры менен милицияга колго түшүп берген. Жергиликтүү тургундар Тынай Жансеитов саясаттын курмандыгы болуп жатканын айтышты.
Токмок шаардык кеңештин депутаты Тынай Жансеитов 25-апрелде милицияга өзү келген.
Таймаштын аралаш түрү боюнча UFC'нин чемпиону, кыргызстандык Валентина Шевченко 8-апрелде күйөрмандары менен жолукту. Кыргызстандык чемпион менен жолугушууга келген адамдардын саны көп болгонуна карабай, Шевченко бир катар суроолорго жооп берди.
Таймаштын аралаш түрү боюнча UFC'нин чемпиону болгон кыргызстандык Валентина Шевченко 7-апрелде Бишкекке учуп келди.
Бишкектин «Дордой» командасы АФК кубогунун алкагында биринчи тайпалык оюнду өткөрдү.
Бишкектин «Дордой» футбол клубу 3-апрелде АФК кубогунун алкагында алгачкы тайпалык оюнун баштады.
Бишкектеги “Ак-кула” ат майданында Нооруз майрамына арналган көкбөрү оюндары өттү. Күйөрмандардын негизги көңүлү көкбөрү оюндарынын финалына бөлүндү. Финалда “Ынтымак” жана “Достук” командалары ойношту.
Көкбөрү федерациясы жаңы жетекчини шайлаган соң федерациянын айрым өкүлчүлүктөрүндө нааразылык пайда болду.
27-февралда Кыргызстандын көкбөрү федерациясынын кезексиз курултайы өтүп, анда федерациянын учурдагы жетекчиси Жыргалбек Саматовдун ордуна жаңы жетекчи болуп Искендер Кадыркулов шайланды.
Жакында эле тузүлгөн “Аламан көкбөрү федерациясы” коомдук бирикмесинин негиздөөчүсү Максат Чакиев жаңы уюм тууралуу “Азаттыкка” түшүндүрмө берди.
14-февралда Астанада Бүткүл дүйнөлүк көкпар (көк бөрү) федерациясынын жыйынынын чечими чыкты.
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын дарбазачысы Кутман Кадырбеков 21 жашта. Азия кубогунда Кыргызстан командасынын дарбазасын татыктуу коргоду.
Сооронбай Жээнбеков футболчулар менен жолуккан учурда жаңы стадионду куруу заман талабы экенин белгиледи.
24-январда Ала-Тоо аянтында Азия Кубогуна катышып, Бириккен Араб Эмираттарынан учуп келген футболчулардын урматына уюштурулган салтанат болуп өттү. Иш-чарада премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргызстандын футбол боюнча курама командасына 2 млн. сомдук сертификат тапшырды.
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы бүгүн таңда Бишкекке учуп келди.
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы бүгүн таңда Бишкекке учуп келди. «Ак шумкарларды» "Манас" аэропортунан биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов баш болгон бийлик өкүлдөрү жана көптөгөн күйөрмандар тосуп алды.
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Азия кубогунун алкагында Бириккен Араб Эмираттарынын командасына утулуп калды. Натыйжада Кыргызстан үчүн Азия биринчилиги аяктап, ал эми үй ээлери арабдар чейрек финалга жолдомо алды.
Футбол боюнча Азия кубогундагы беттештердин алкагында Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын футболчуларынын 1/8 финалындагы оюну аяктады. Анда 3:2 эсеби менен Бириккен Араб Эмираттары утту. Беттеш Абу-Даби шаарындагы “Шейх Зайид” стадионунда 21-январда Бишкек убактысы боюнча кечки саат 11де б
Дагы жүктөңүз