АФК кубогу: «Дордой» - «Алтын Асыр» таймашы
Бишкектин «Дордой» командасы АФК кубогунун алкагында биринчи тайпалык оюнду өткөрдү.
Бул беттеш 3-апрелде Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүп, атаандаш катары Түркмөнстандын «Алтын-Асыр» командасы конокко келди.
![Оюн 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктады.](https://gdb.rferl.org/5ABC0A66-967B-4BF7-92FA-14B7A477E3B1_w1024_q10_s.jpg)
1
Оюн 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктады.
![«Дордой» клубунун оюнчулары.](https://gdb.rferl.org/FDE344C3-3B08-48E7-BDDE-2714EF95DAB2_cx0_cy10_cw0_w1024_q10_r1_s.jpg)
2
«Дордой» клубунун оюнчулары.
![«Алтын-Асыр» клубу.](https://gdb.rferl.org/83521966-5869-45AD-A619-A2283785D3F5_cx0_cy10_cw0_w1024_q10_r1_s.jpg)
3
«Алтын-Асыр» клубу.
![Оюнду көрүүгө сегиз миңден ашуун көрүүчү келгени айтылууда. ](https://gdb.rferl.org/D849E293-3E28-48BF-8636-649D963A5C80_w1024_q10_s.jpg)
4
Оюнду көрүүгө сегиз миңден ашуун көрүүчү келгени айтылууда.
![«Дордой» оюнчулары биринчи таймды толугу менен көзөмөлгө алып, алгач эсепти 1:0 кылып, алдыга чыгышты.](https://gdb.rferl.org/39D4953A-C62C-41E1-8AC9-11C1586896F6_w1024_q10_s.jpg)
5
«Дордой» оюнчулары биринчи таймды толугу менен көзөмөлгө алып, алгач эсепти 1:0 кылып, алдыга чыгышты.
![«Дордойго» таандык голду чабуулчу Вахыт Оразсахедов киргизди. Оразсахедов Түркмөнстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын чабуулчусу жана «Алтын-Асыр» клубунун мурдагы оюнчусу.](https://gdb.rferl.org/C1EDEC84-261B-49C3-B2E7-DC97BB8B2693_w1024_q10_s.jpg)
6
«Дордойго» таандык голду чабуулчу Вахыт Оразсахедов киргизди. Оразсахедов Түркмөнстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын чабуулчусу жана «Алтын-Асыр» клубунун мурдагы оюнчусу.
![Оразсахедов «Алтын-Асыр» клубунун курамында 2016-жылы жана 2018-жылы ойногон. «Дордой» клубунун катарына ушул жылдын март айында кошулду. Буга чейин Түркмөнстандын, Орусиянын, Түркиянын жана Азербайжандын бир нече клубдарында ойноп келген. ](https://gdb.rferl.org/554913A7-79D3-422A-8CA6-A717D685A8DD_w1024_q10_s.jpg)
7
Оразсахедов «Алтын-Асыр» клубунун курамында 2016-жылы жана 2018-жылы ойногон. «Дордой» клубунун катарына ушул жылдын март айында кошулду. Буга чейин Түркмөнстандын, Орусиянын, Түркиянын жана Азербайжандын бир нече клубдарында ойноп келген.
![Экинчи таймда коноктор үстөмдүгүн күчөтүп, оюн бүтөргө беш мүнөт калганда жооп иретинде гол киргизе алышты.](https://gdb.rferl.org/F82086C3-20BD-4140-9820-31B02639500D_w1024_q10_s.jpg)
8
Экинчи таймда коноктор үстөмдүгүн күчөтүп, оюн бүтөргө беш мүнөт калганда жооп иретинде гол киргизе алышты.
![](https://gdb.rferl.org/AA9401B7-284E-47E0-A42B-7DAADBEC5722_w1024_q10_s.jpg)
9
![Оюн учурунда жаракат алган «Дордой» клубунун жарым коргоочусу Антон Землянухинге доктурлар жардам көрсөтүүдө.](https://gdb.rferl.org/5C895E62-3ACC-4866-8BD5-B73731CA4B26_w1024_q10_s.jpg)
10
Оюн учурунда жаракат алган «Дордой» клубунун жарым коргоочусу Антон Землянухинге доктурлар жардам көрсөтүүдө.
![](https://gdb.rferl.org/1CB03923-CE4D-463B-99B8-3ACB2783D51B_w1024_q10_s.jpg)
11
![Түркмөнстандын чемпиону «Алтын Асыр» футбол клубунун оюнчулары да, машыктыруучусу да Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондун абалына нааразылыгын жашырган жок.](https://gdb.rferl.org/B0F20476-FB3F-4318-908C-7D7233FAF92A_w1024_q10_s.jpg)
12
Түркмөнстандын чемпиону «Алтын Асыр» футбол клубунун оюнчулары да, машыктыруучусу да Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондун абалына нааразылыгын жашырган жок.
![Стадиондогу чөп талаптагыдай өстүрүлбөгөндүктөн 3-апрелдеги оюндун жүрүшүндө кээ бир чабуулдар чаң аралаш жүрүп жатканына стадиондогу калың эл да күбө болду. Кененирээк: Стадиондун сапаты футбол беттешин бузду](https://gdb.rferl.org/C21CEC75-7C44-4F7A-B2D2-BE0D5EE37B7B_cx0_cy8_cw0_w1024_q10_r1_s.jpg)
13
Стадиондогу чөп талаптагыдай өстүрүлбөгөндүктөн 3-апрелдеги оюндун жүрүшүндө кээ бир чабуулдар чаң аралаш жүрүп жатканына стадиондогу калың эл да күбө болду.
Кененирээк: Стадиондун сапаты футбол беттешин бузду
![Оюнда жаракат алганын айткан «Алтын-Асыр» клубунун чабуулчусу Алтымурат Аннадурдыевге доктурлар жардам көрсөтүүдө. ](https://gdb.rferl.org/B71F3DCC-FDF3-4FE4-A87E-2B180EA66029_w1024_q10_s.jpg)
14
Оюнда жаракат алганын айткан «Алтын-Асыр» клубунун чабуулчусу Алтымурат Аннадурдыевге доктурлар жардам көрсөтүүдө.
![АФК кубогуна даярдык көрүш үчүн «Дордой» клубу Түркиянын Анталия шаарына эки жумага окуу-машыгууга барып, бир нече жолдоштук беттеш өткөрүп 25-мартта Бишкекке келген. Түркияга кетер алдында клуб өз катарын сегиз оюнчу менен толуктаган. Оюнчулардын төртөө чет өлкөлүк, калганы жергиликтүү футболчулар. ](https://gdb.rferl.org/2A2B4549-D662-4FA9-975E-D20BCFD9874E_w1024_q10_s.jpg)
15
АФК кубогуна даярдык көрүш үчүн «Дордой» клубу Түркиянын Анталия шаарына эки жумага окуу-машыгууга барып, бир нече жолдоштук беттеш өткөрүп 25-мартта Бишкекке келген. Түркияга кетер алдында клуб өз катарын сегиз оюнчу менен толуктаган. Оюнчулардын төртөө чет өлкөлүк, калганы жергиликтүү футболчулар.
![](https://gdb.rferl.org/DBF3611E-CC5D-41F3-A1F2-BD19C80B2C5A_cx0_cy8_cw0_w1024_q10_r1_s.jpg)
16
![«Дордой» клубу - футбол боюнча Кыргызстандын 10 жолку чемпиону, Кыргызстандын кубогун 10 жолу алган. АФКнын президентинин кубогун (2006-2007-жылдары) эки жолу жеңген. АФК кубогуна 2015-жылы катыша баштаган. Быйыл төртүнчү ирет ушул кубок үчүн ойнойт.](https://gdb.rferl.org/7F40709A-CFD3-4B05-938D-4284BBD38E36_w1024_q10_s.jpg)
17
«Дордой» клубу - футбол боюнча Кыргызстандын 10 жолку чемпиону, Кыргызстандын кубогун 10 жолу алган. АФКнын президентинин кубогун (2006-2007-жылдары) эки жолу жеңген. АФК кубогуна 2015-жылы катыша баштаган. Быйыл төртүнчү ирет ушул кубок үчүн ойнойт.
![АФК кубогунун тайпалык беттештеринде жалпысынан Азиянын 36 клубу тогуз топко (тайпага) бөлүнүп ойношот. «Дордой» клубу Түркмөнстандын «Алтын-Асыр», Тажикстандын «Истиклол» жана «Хужанд» клубдары менен D тайпасына бөлүнгөн. Тажикстандык эки клуб кечээ бири-бири менен ойноп, ал 3:0 эсебинде «Истиклолдун» жеңиши менен аяктады.](https://gdb.rferl.org/BD6C5458-EE16-4196-93ED-5BBD8B667B79_w1024_q10_s.jpg)
18
АФК кубогунун тайпалык беттештеринде жалпысынан Азиянын 36 клубу тогуз топко (тайпага) бөлүнүп ойношот. «Дордой» клубу Түркмөнстандын «Алтын-Асыр», Тажикстандын «Истиклол» жана «Хужанд» клубдары менен D тайпасына бөлүнгөн. Тажикстандык эки клуб кечээ бири-бири менен ойноп, ал 3:0 эсебинде «Истиклолдун» жеңиши менен аяктады.
![Бул баскычта командалар ушул жылдын июнь айынын аягына чейин жалпы алтыдан оюн (өз талаасында жана конокто) өткөрөт. Тайпада эң көп упай топтогон команда кийинки баскычка чыгат.](https://gdb.rferl.org/CE07EA6C-0DB5-432A-B79C-A851F282476E_w1024_q10_s.jpg)
19
Бул баскычта командалар ушул жылдын июнь айынын аягына чейин жалпы алтыдан оюн (өз талаасында жана конокто) өткөрөт. Тайпада эң көп упай топтогон команда кийинки баскычка чыгат.