Жазгүл Ормонованын тагдыры өтө татаал. Күйөөсү кайтыш болгондон кийин төрт баласы менен батирден батирге көчүп тапкан акчасын үнөмдөйм деп анда-санда ачка жүрүп өмүр сүрүп келатат. Жөлөк пул албайт. Учурда Талас шаарындагы китеп дүкөндүн бирине баш калкалап жатат.
"Азаттыктын" апта темасында быйылкы бүтүрүүчүлөр үчүн уюштурулуп жаткан иш-чаралардын өзгөчөлүктөрү, мааниси, тобокелдиктери тууралуу сөз болот.
Талас облусунун Ак-Дөбө айылында Герцен атындагы музей XX кылымдын 1930-жылдары түптөлүп, азыркы учурга чейин иштеп келет. Бул музей Кыргызстанда көркөм сүрөт музейинен кийинки эле орунда турат. Учурда музей кызматкерлери музейдеги сүрөттөр Маданият министрлигинин балансына өтүшүнө каршы болушууда.
Аймактардагы ойлоп табуучулуктун аркасы менен чарба жүргүзгөндөр тууралуу "Азаттыктын" баяндар топтомунан тааныша аласыз.
Басма сөзү салыштырмалуу эркин деп эсептелген Кыргызстанда эки миңден ашык маалымат каражаты каттоодо турат.
Апрелдин аягынан бери Кыргызстандын бардык аймактарында шамал аралаш нөшөрлүү жаан басылбай, ал айыл чарбасына, тиричиликке кедергисин тийгизип, чыгымдарга кирептер кылууда. Жаратылыш түзгөн күтүүсүз кырдаал жана анын кесепеттери тууралуу "Азаттыктын" апта темасында сөз болот.
9-майда Таласта мондур аралаш жамгыр жаап, Талас районунуда Долоно айыл окмотунон 30 үйгө суу кирген. Айдоо жерлердеги өнуп чыгып калган тообурчактардын, гулдөгөн алма-өрүктөрдүн, бүлдүркөндөрдун бүрлөрүнө зыян келтирилген. Өзгөрүш айылында 4 үйгө суу кирген. Чолпонбай айылында 5-6 гектар жерди суу
Таласта быйыл кайналы - кара өрүк бактарынын аянттары көбөйөт. Кыш күндөрү таластыктар улам бир районго топтолуп, кара өрүк өстүрүү боюнча жыйындарды байма-бай өткөрүшкөн.
Мамлекеттик жана менчик медициналык тейлөө мекемелеринде адам факторуна байланышкан калпыстыктар жана алардын кесепеттери тууралуу элде көп дооматтар айтылып келе жатат.
Манас районунун Арал айылынын тургуну Кенжегул Кумашев мал кыгынан биогаз чыгарган жабдыкты жасап, андан чыккан газды үй турмушта жагып жүрөт.
"Азаттыктын" апта түрмөгү бул ирет үй-бүлө, туугандар арасындагы мүлк талаш тууралуу болмокчу.
Жогорку Кеңеште кыздарды эрте күйөөгө берүүнү ооздуктоо үчүн мамлекеттик каттоодон өтмөйүнчө нике кыюуга тыюу салуу тууралуу мыйзам долбоору иштелип чыгып, талкууланып жатат.
Апта темасы аркылуу “Азаттыктын” кабарчылары Кыргызстанда калыптанып келаткан үй кызматчы, бала багуучу кызматтарынын азыркы көрүнүшүн сүрөттөгөнгө аракет кылышты.
Таластык уздардын колунан чыккан буюм-тайымдар чет өлкөлүк кардарлардын кызыгуусун арттырууда. 2015-жылы Италиядагы жарманкеге катышып, ал жактын талабын изилдеп келишкен уздар быйылкы жармаңкеге да даярданып жатышат.
Бул ирет “Азаттыктын” кабарчылары азыркы мектеп мугалиминин жоопкерчилиги менен түйшүгүн, укук-милдеттерин билип, бейнесин ачууга аракет кылышты.
Талас облусунда 250дөн ашык ата-эне балдарын эмдетүүдөн баш тартты. Бул кадамга алар диний көз караштан улам барышууда.
Статистикалык маалыматтарга караганда Кыргызстан постсоветтик өлкөлөр ичинде калкы жаш жана көбөйүп жаткан өлкөлөрдүн катарына кирет.
Кыргыз жергесин жердеген башка улуттардан айырмаланып, немис калкы 19-20-жылдары жергиликтүү калктын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө көрүнүктүү бурулуштарды жасаган.
Электр энергиясы кымбаттаганы Таласта отундун баасы да көкөлөдү. Жергиликтүү сатуучулар коңшу Казакстандан келген көмүргө суроо-талап көп экенин айтышууда.
Бул жолку апта темасы - окуу китептердин абалы. Көп улуттуу Кыргызстандын мектептеринде билим берүү негизинен кыргыз, орус, өзбек, тажик тилдеринде жүргүзүлөт.
Дагы жүктөңүз