"Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.
Эки жыл мурда 21-ноябрда Орусияда “Чет өлкөлүк тыңчылык жөнүндө” мыйзам күчүнө кирген. Андан бери Орусия Юстиция министрлиги мыйзамга туура келбеген бейөкмөт уюмдардын тизмесин жарыялап, четинен соттошо баштады.
ТАСС агенттиги 23-ноябрда Орусия президенти менен болгон маекти жарыялады. Анда Путин өзүнүн дүйнөлүк басылмалардагы рейтинги, президенттик шайлоо, үй-бүлөсү, рублдун курсу тууралуу пикирин ачыктады.
Болгариялык профессор Татьяна Дронзина радикал исламчыларга кошулган казакстандыктарды жихадчы деп тырмакчага албай атоону сунуштайт. Дронзинанын Азаттыктын казак кызматына берген маеги кыргызчага которулду.
Ооганстан менен Cириянын согуш талааларында жүргөн өзбек жихадчыларынын үгүттөрү, катарга чакыруу тууралуу видеолору интернет аркылуу өзбекстандык жаштар арасында тездик менен жайылууда
Тажикстандык эки келиндин урушу Путиндин кеңешчиси, саясатчы жана экономист Сергей Глазьевди өз уулу менен тирештирди.
Экзит-полдун эсеби боюнча Украинадагы кезексиз парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгы менен беш пайыздык чектен жети партия өттү.
Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун ушул жылдагы үчүнчү жолку ырайым этүү жарлыгы менен абактан бошотулгандар үйүнө чыга баштады.
Казакстанда эл арасында теңгенин куну дагы учат экен деген кабар тарады.
YouTube видео хостингинде Тажикстандын түндүгүндө пландалып жаткан куралдуу каршылык тууралуу телефон сүйлөшүүсү жарыяланды.
Өзбекстандыктар Skype, WhatsApp, Telegram, Viber, Mail.Ru агент мобилдик кызматтары аркылуу үн жана видео баарлашууда тоскоолдуктарга кабылууда.
Киев бийлиги кабыл алган жаңы эрежеге ылайык, эми шаардагы соода борборлор, дүкөндөр Орусиядан келген товарларды өзгөчө белги менен бөлүп сатууга тийиш.
Орусиянын Жогорку Соту ноябрда “Мемориал” коомдук уюмунун ишмердигин токтотуу чечимин кабыл алышы мүмкүн.
Өзбекстан пахтасына каршы эл аралык бойкотко кошулган ири компаниялардын саны 153кө жетти.
12-октябрда Ажербайжандын борбору Бакуда миңдеген оппозиция тарапкерлери бийликке каршы митингге чыгышты.
Орусиянын “Газпрому” жакынкы келечекте Өзбекстандан жана Түркмөнстандан газ сатып алуудан таптакыр баш тартышы мүмкүн.
Тажикстандын Маңзаттарды көзөмөлдөө агенттиги ооган наркодилерлери жаңы маркетинг жолуна түшкөнүн билдирди.
Өзбекстан Чек ара кызматына көмөкчү коомдук топторду түзө турган болду. “Чек ара кошуундары” деп аталган топтордун мүчөлөрү Өзбекстандын чек ара тилкелерин коомдук башталышта кайтарууга алышат.
Крымда акыркы 10 күн ичинде эле үч татар жигиттин ың-жыңсыз жоголушу крым татарларын коркутуу катары бааланууда.
Кош жарандыгы бар орусиялыктардын өз эрки менен Федералдык миграция кызматына катталуу мөөнөтү 4-октябрда аяктайт.
“Азаттыктын” Кыргызстандын эгемендик күнүнө арналган “Элге кайрылыңыз” сынагынын жеңүүчүлөрү ой бөлүшөт.
Дагы жүктөңүз