"Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.
Кыргызстанда мамлекеттик медицина кызматкерлеринин айлык маянасынын аздыгы жыл санап бул тармакта иштегендердин саны кыскаруусуна алып келген. Натыйжада ооруканалардын саны акыркы 20 жылда эки эсеге азайып, мыкты деген шыпаагерлердин бир тобу Бишкек жана Ош шаарларына топтолсо, дагы бир тобу чет өлкөлөргө чыгып кеткен.
Кыргызстанда “Юридикалык атоолордун жана башка түшүнүктөрдүн орусча-кыргызча сөздүгү” жарык көрдү. Сөздүккө 14 миң аталыш жана түшүнүктөр кирген. Китеп акысыз таркатылат.
Башкы прокуратуранын кыйноолорго каршы тобун өз алдынча органга айлантуу демилгеси козголууда.
Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын чек аралары тогошкон аймактарда соңку жылдары курулган кан жолдор транс чек аралык базарлардын ачылышын шарттады. Баткен - Пүлгөн айланма жолунда катарлаш пайда болгон үч дүң базардын негизги максаты - кошуна өлкөлөргө кытай товарларын реэкспорттоо.
Дүйнөнү чарк айлынып келүү үчүн саякатка чыккан 28 жаштагы бишкектик блогер Руслан Токочев учурда үчүнчү мамлекетте жүрөт. Ал мындан бир ай мурда 40 мамлекетти кыдыруу максаты менен сапарга чыккан.
14-апрелден бери көгүлтүр отсуз калган Ошко газ качан берилээри дале белгисиз.
“Кыргызсгаз” Орусиянын “Газпромуна” толугу менен өткөнүнө төрт күн боло электе Ошто газ берүү токтотулду. Бул боюнча “Кыргызгаз” Өзбекстан менен сүйлөшүү жүргүзүп жатканын маалымдады.
Бекешов: саясатта тууганчылыкка көз жумса болот
Акыркы эки жылда Бишкектеги “Дордой”, Оштогу “Кара-Суу”, Баткендеги “Халмион” базарларындагы сатуучулар сырттан товар алып келип, аны кайра жакынкы коңшуларга сатуу күн өткөн сайын сээлдеп баратканын айтып, нааразы болушууда.
Кечигип келген жаздан улам дыйкандар талаа жумуштарын тез арада бүтүрүүгө билек түрө киришти. Кабарчыбыз Сабыр Абдумомунов Баткен-Бишкек жол сапарында жаз жарышка назар салды.
17-мартта Бишкекте Аксы окуясынын 12 жылдыгына карата илимий-практикалык конференция өттү. Анда Аксы каргашасына укуктук баа берилбей жатканы, окуяны кыргыз тарыхына киргизүү сунуштары айтылып, жыйынга бир да бийлик өкүлү катышпаганы сынга алынды.
Памирлик кыргыздардын атайын өкүлү Абдилмиталип Сиражидин президент Атамбаев менен жолугуу үчүн Кыргызстанга келди. Ал Улуу Памирдеги кыргыздарга жарандык берүү өтүнүчүн билдирмекчи.
Кыргызстандык жарандык активист Илья Лукаш ишембиде коркутуу жана кысым көбөйгөндүгүнө байланыштуу өлкөдөн чыгып кетти. Учурда Киевде жүргөн активист "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди
2012-жылы Таластагы Кум-Арык мектеп-интернатында 10 жаштагы Айзаданы мугалим бутуна мык сайылган жыгач менен сабаган окуя катталган эле.
Жалпы республикалык тестирлөөнү өткөрүү тендерин бул милдетти 12 жылдан бери аркалап келген бейөкмөт уюм жеңип алды. Бул коомчулукта тандоо формалдуу өттү деген сын-пикирди жаратты.
Соңку кезде Кыргызстанда саясий окуяларды сатирага салган куудулдардын оюндары көрүүчүлөрдүн купулуна толо баштады.
Мындан 25 жыл мурун, 1989-жылдын 15-февралында советтик аскерлер ооган жергесинен толугу менен чыгып кеткен. Бүгүн Кыргызстанда да бул күн белгиленди.
Вице-премьер-министр Токон Мамытов Чек ара кызматында учурда 400гө чукул кызматкердин орду бош турганын билдирди.
Медицина илимдеринин доктору, профессор, нарколог Жеңишбек Назаралиев Кыргызстанда кара куурайды мыйзамдаштыруу демилгесин эмне себептен көтөргөнүн "Азаттыкка" айтып берди.
Айжигитов: Убактылуу чек ара сызыгы зарыл
Дагы жүктөңүз