"Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.
Таштанды жайдагы Алтын-Казык башаламан конушундагы жашоо, Жети-Өгүздө өлбөстүн күнүн көрүп жашап жаткан майып балалуу ата-эне, кыргыз телерадиосу жана уюктук байланышы жетпеген Баткендеги айыл тууралуу баян.
Азыркы жаштар өмүрлүк жарды кандай тандашат? Жигиттер эмне үчүн өзүнө жаккан кызга үйлөнө алышпайт? Ыймандуу кыздар эмне үчүн модада? Бул жолку "Эже-сиңдилер" талкуусунда ушул суроолордун тегерегинде кеп-дүкөн жүрдү.
Кагазда саны бар, өзү иштебеген Баткендеги маданият үйлөрү. Өз тек жайын билбеген, 25 жылдан бери ар кимдин колунда малай болуп жүргөн Азаматтын тагдыры. Кыргызстандык үч мигрант кыздын Анкарада ачкан ашканасы.
Азыркы кыз-келиндердин эрмеги эмнеде? "Эже-сиңдилер" ток-шоусунун коноктору хоббиден киреше табуу боюнча кеп-кеңештери менен бөлүшөт.
Быйылкы "Грэмми" сыйлыгын тапшыруу аземинде АКШ президентинин дарегине сындар айтылды.
Айлыгы беш миңден ашпаган, үйү жок театр артисттери. Он чакырым каттап окуган нарындык окуучулар. Кошуна өлкөнүн бренди менен чет жакка сатылып жаткан кыргыз күрүчү. Курут жасаган көлдүк кыз-келиндер. Чек арадагы жайма базарлар. Суукта кыйналгандарга соопчулук кылган шаардыктар.
Бишкектеги Жылуулук электр борборундагы кырсыктын кесепетин ооруканалардагы бейтаптар да тартышууда. "Азаттыктын" кабарчылары Бишкектеги Улуттук госпиталдын Эне жана баланы коргоо борборуна барып, ал жердеги абал менен жеринен таанышып келди.
Ат-Башыдагы волейбол ойногон айымдар, алты баласы менен жалгыз калган ата, Базар-Коргондо үңкүрдө жашаган үй-бүлө жана башка баяндар “Данисте” тележурналынын жаңы чыгарылышында камтылды.
Бул жолу "Эже-сиңдиге" келген айымдар каада салт, адам баалуулуктары жана адатка айланган тенденциялар тууралуу кеп куруп беришти. Коноктор профессор Ишенгүл Болжурова, изилдөөчү Алтын Капалова, антрополог Зарина Урмамбетова.
"Манас" аба бекетинин жанындагы Дача СУ конушуна "Боинг" үлгүсүндөгү жүк ташыган учак кулап түшкөн кандуу окуяга туура бир жыл болду. “Азаттыктын” “Данисте” телепрограммасынын бул жолку чыгарылышы апаттан кийинки элдин жашоосуна арналды.
Наристелеринин сүрөтүн Интернетке байма-бай жарыялап турган ата-энелер. Бешиктен бели чыга элек жатып, социалдык тармактардагы өз баракчаларына жүздөгөн көрүүчүлөрдү топтогон балдар. «Эже-сиңдилер» телепрограммасынын бул жолку темасы - социалдык тармактар жана наристелер.
Тагдыры арасат калган үч жаштагы сузактык Мадина, автобусчунун түйшүктүү бир күнү, жаратман студенттин кайрымдуулук иши, Баткендеги жер астындагы күмүш шаар, кыргыздын якут келиндери ушул баяндар "Данистенин" жаңы чыгарылышында.
Ооганстандын Памиринен Нарынга келген кыргыз айымдары заманбап турмушка көнүп баратат.
Травматолог-ортопед Бакыт Калчаев кышындагы коопсуздук эрежелерин айтып берди.
"Ыйман, адеп жана маданият жылы" деп жарыяланган 2017-жылдын жыйынтыгы кандай болду?
"Данисте" телеберүүсүнүн бүгүнкү майрамдык чыгарылышында: Москва, Стамбул жана Кыргызстандын аймактарынан куттуктоолорду сунуштайбыз, турмушу өзгөргөн каармандарыбыздан кабар алабыз, Salt Peanuts Jazz тобунан жандуу кыргызча ыр студиябызда жаңырат.
"Азаттыктын" студиясында Salt Peanuts Juzz деп аталган, Борбор Азиядагы мыкты жаз тобу конокто болду.
2017-жылдагы Кыргызстандын саясий жана коомдук турмушундагы урунтуу окуяларды тизмектейбиз.
“Эже-сиңдилер” кеп-дүкөндүн чыгарылышында майрамдык кымгуут, дасторкон толтуруу, мейман тосуу жана жумуштагы жыл жыйынтык бүтпөгөн иштердин айынан стресске батуу тууралуу сүйлөшөбүз.
Кыргыз-казак чек арасындагы төрөтканасы жок айыл, темир жолдогу кырсыктан бутунан ажыраган кыз, Испания сыймыгына айланган кыргыз дүйнө чемпиону, жер алдынан чыккан суу каптаган Чүй районунун айылдары бул жолку “Данисте” тележурналынын мазмунун түздү.
Дагы жүктөңүз