"Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.
"Эже-сиңдилер" долбоорунун бул жолку темасы кыз-келиндердин үй түйшүгүн жеңилдеткен кызмат көрсөтүүлөр жана мунун кыргыз үй-бүлөсүнө тигизген таасири тууралуу сөз болот.
Эгер жаш дарыгер кесибин сүйсө, бирок пара алгысы келбесе кантип жашашы керек?
Насыяга той өткөрүп, 6 миң сом айлыкка жашаган жаш дарыгерлер. Коомдун майыптарга кайдыргерлиги, кенебестиги. Кызыл-Кыядагы механик аял. Баткендеги лимонзарлар. Айтматовдун балалыгы өткөн Оштогу бакчасы жана башка баяндар “Данисте” тележурналынын бүгүнкү чыгарылышында.
ОшМУнун Батыш чех университети менен билим кызматташтыгы, 12 жыл балдары менен кулчулукта жүргөн ноокаттык жалгыз бой эненин азабы, толеранттуулук маданиятын жайылткан баткендик жаш активист тууралуу баяндарды “Данисте” тележурналынан көрүңүздөр.
"Эже-сиңдилер" долбоорунун бул жолку темасы ажырашуудан жапа чеккен балдар, ата-эненин укуктары жана туугандардын басымы тууралуу кеп болот.
Виртуоз-аккордеончу, композитор Догдурбай Урмамбетовдун жан дүйнөсү, Арстанбаптагы элкурган мектептер, Барскоондо дини башка маркумдун сөөгүнүн башка айылдын жерине берилгени, Петровкадагы 18 жаштагы кыздын табышмактуу өлүмү, Баткендеги жалаң эркек балдар окуган класс, Казакстанда 17 жылдан бери ишт
“Данисте” телепрограммасынын жаңы чыгарылышына бир көчөгө байланган оштук өспүрүмдөрдүн турмушу, лимон өстүргөн базаркоргондук мугалимдер, Стамбулда автотетик жасаган кыргыз жигит жана кызылчачы аялдар тууралуу баяндар кирди.
Жаштык ышкысын комуз менен өзгөчө ыргакка салган музыканттар Чолпон Мелисбекова менен Эламан Каныбеков "Азаттыктын" телестудиясында конокто болду. Көпчүлүккө эми гана таанылып келаткан бул дуэт комуздун коштоосунда эксклюзив чыгарма аткарып беришти. Жаш комузчулар муну менен кыргыз улуттук аспабын ж
"Эже-сиңдилер" программасынын бул жолку талкуусунда аялдардын кыргыз саясатындагы орду, алар кабылган тоскоолдуктар жана саясатчы айымдар жөнүндөгү стереотиптер тууралуу кеп болду. Талкууга коомдук ишмер Жылдызкан Жолдошева, укук коргоочу Рита Карасартова жана Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сура
Зордук-зомбулукка кабылган аялдарга коомдо мамиле кандай? Зомбулукту башынан өткөргөн айымдарга көпчүлүк учурда басым жасалып, өздөрү кайра күнөөлөнүп, укук коргоо органдарында да, сотто да, коомдо да аларга болгон мамиле терс экени айтылат. "Азаттыктын" “Эже-сиңдилер” берүүсүнүн бул жолку чыгарылыш
Өз кыздарынан баш тартып, уул күтүүнүн айынан бузулган үй-бүлө, ат жалында ойноп, ата түнөгүн сактаган программист Замиранын кыялы, жыт чыкпаган таза ажаткана, күн табына ысыган жылуу суу, какыраган талааны бакчага айланткан иштерман жетиөгүздүк жаратмандар, комузду менен рок ойногон музыканттар жан
Жаш музыканттар Чолпон Мелисбекова жана Эламан Каныбеков комуздагы кызыктуу чыгармалар менен интернет көрүүчүлөрдүн бүйүрүн кызытууда. Көпчүлүккө эми гана таанылып келаткан бул дуэт "Азаттык" үчүн комуздун коштоосунда эксклюзив чыгармасын аткарып беришти.
Эне болуу бактысына жеткен Жибек Сагынбекова наристесин аргасыздан балдар үйүнө өткөрүп берген. Майыптыгынан улам күйөөсү менен бирге Ысык-Атадагы майыптар жана карылар үйүндө жашап жаткан Жибек баласын колуна алуу үчүн мамлекеттен турак-жай суроого мажбур.
Мектепке барбай жаңгак терген сузактык балдар, окумуштуу-тарыхчыларды ойго салган көмүлгөн мумия, Нарынга жер которгон памирлик кыргыздар, өкмөткө нараазы болгон Дача СУ конушунун тургундары, топ тепкен кыздар жана башка баяндар “Данисте” тележурналынын бүгүнкү чыгарылышына камтылды.
“Данистенин” жаңы чыгарылышына Баткендеги төрөтканасы жабылып калган айылдагы киндик эненин иши, кырк жылдан бери билим берип келаткан акталаалык көзү азиз мугалимдин өрнөк болчу эмгеги, Сирияга кеткен тоңдук бир туугандардын таржымалы, Токтогулдагы эки жолу өрт чыгып, кулайын деген эски мектеп, Гер
Мен өткөндө Талас шаарындагы Манас-Ордо тарыхый комплексинде болгонумда дүкөндөрдүн катарында бири өзгөчө боз үйгө баш бактым эле. Бул жерде өз колунан жаралган улуттук таберик буюмдарды курагы 70тен ашкан ардагер апа Тинатин Сманалиева сатат экен. Уз эне толгон- токой буюмдарды сатып эле тим болбо
Бул жолу биздин телестудияга эки жылдан бери Кыргызстанда жашап жүргөн жапониялык ыктыярчы кыздар келди. Алар кыска аралыкта кыргызча суудай сүйлөп, комузда ээн-эркин кол ойнотуп калганы болду. Деңиз жана океан суусу менен курчалган мекенин сагынган жапон кыздарды Сабыр Абдумомунов кепке тартты.
Он жылдан бери Бишкектин тегерек-четинде көчүп-конуп ар кандай батирлерде күн кечирип жаткан үй-бүлөнү "Азаттыктын" кабарчылары Ак-Ордо-3 конушунан кезиктирди. Араң эле курулган бир бөлмөдө алты баласы менен күн кечирип жаткан үй-бүлөнүн шарты жана акыбалы тууралуу кеп болот.
Бир күндө жүз килограммдан пахта терген жалалабаддык кыз-келиндер, Ат-Башыдагы тапкычтар, Кыргызстандын жолдорун жактырбаган, мантысын сүйүп жеген жапон кыздар, жер кепеде жашаган жакыр үй-бүлөнүн жашоо таржымалы жана башка баяндар бул жолку “Данисте” видео түрмөгүндө баяндалат.
Өзүнүн оорулуу экенине карабастан, кыздарга үлгү болгусу келип, майып кыздарды колдоого чакырган эрки күчтүү Гүлмайрам, Москвадагы кыргыз балдары окуган лицей, анжир бактарын асыроо түйшүгү, эксперименттен коркпогон баткендик дыйкандар жана башка видео баяндар “Данистенин” бул жолку топтомуна кирди
Дагы жүктөңүз