"Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.
“Эже-сиңдилер” берүүсүндө кенже курактагы балдарды өнүктүрүү жаатындагы өксүктөр тууралуу баарлашуу болду. Көрсөтүүгө активист Гуля Алмамбетова, алып баруучу, үн режиссёру Назгүл Жамгырчиева, педагог Асылбек Жооданбеков катышты.
Милиция бөлүмүндө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн Бурулайдын трагедиясы боюнча бийлик кайрылуу жасабаганы сынга кабылды. Баткенде 20 жылда корук түптөгөн жазуучунун максаты. Кочкордо кооптуу мектепте билим алган окуучулар. Жети-Өгүздө тогуз балалуу жаш үй-бүлө дагы перзенттүү болууну каалайт.
"Эже-сиңдилер" телеберүүcүндө бул жолу хижабчан кыз-келиндерге карата стереотиптер тууралуу кеп кылдык. Теле баарлашууга "Мутакалим" уюмунун төрайымы жамал Фронтбек кызы, журналист Ызаат Тургунбаева жана теолог Изаура Масеитова катышты.
Баткендеги темирге жан салган уста. Нарында окуучуларды китепке кызыктырган активист. Бишкектин четинде жупуну батирде комуз чапкан ата жана башка баяндар бүгүнкү “Данисте” видео топтомуна кирди.
Сокулуктун Кызыл-Туу айылында жашаган Муса Иманалиев ичкиликтин айынан көчөдө калган жана үй-бүлөсү бузулуп, кыйналган адамдарды чогултуп, аларды дарылап, кайра сергек жашоого буруу менен алектенет. Ал мына 14 жылдан бери “ЫйыкРух” деп аталган борбор түзүп, үч жүздөн ашуун адамдын жашоосун өзгөртүп
Бул жолу "Эже-сиңдилер" телеберүүсүндө ата-энелерди түйшүккө салган бүтүрүү кечелери тууралуу сөз кылдык. Студиядагы баарлашууга Эл акыны Меңди Мамазаирова, Билим берүү жана илим министрлигин өкүлү Гүлшан Абдылдаева жана жарандык активист Назгүл Насиева катышты.
Нарындагы алыс жолдун азабын тарткан окуучулар. Аракечтикти жакшы мамиле менен айыктырган борбор. Анталияда бөйрөк дартына чалдыккан мигрант кыз. Французча спектакль ойногон кыргыз актерлору. Кыргызстандагы орус-казактарынын жашоосу.
Кыргыз коомунда “жетелеме жигиттер” көппү? Эркекти өз алдынча чечим кабыл алууга, энеси менен аялына бирдей мамиле кылууга үйрөтсө болобу? Апасы менен аялынын ортосунда чайналган эркектер акыры ажырашууга барып же депрессияга түшөбү? “Эже-сиңдилер” берүүсүнүн коноктору бул жолу ушул темада баарлашты
Өнөрү менен өкүттү жеңген каракөлдүк мугалим. Футбол ойноп эс алган баткендик кыз-келиндер. Чүйдө элден арзан алынып, дүкөндө кымбат сатылган сүт. Орусияга барып сатирасы менен атагы чыккан бишкектик келин. Жол кырсыгына каршы жаңы технология сунуштаган окуучулар. Кыргызстандык еврейлер. Ушул тема
12-майда Португалияда өткөн "Eurovision -2018" ыр сынагынын финалдык таймашында ийгилик Израил мамлекетине ооду.
Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониянын астындагы "Эл ырчысы Эстебес" тобу жакында Кыргызстандын баардык аймактарын кыдырып концерт беришет. Гастрол алдында салттуу музыканы даңазалаган бул топ "Азаттыктын" студиясына келип жаңы репертуары менен тааныштырып, обон созуп беришти.
Учурда кыргыздарда баарлашуу маданияты барбы же орой болуп кеттикпи? Тейлөөдө, көчөдө бөтөн адамга кайрылганда жок дегенде "кечиресиз", "рахмат" деген сөздү айтууга жарабай калдыкпы? Сылыктыкты кантип жайылтуу керек? "Эже-сиңдилер" бул жолу ушул суроолордун тегерегинде баарлашты.
Кайрымдуулук кылган ноокендик согуш ардагери, эл ташыган нарындык мугалим, отуз жылдан бери базарда ырдап үй-бүлөсүн баккан майып, эне тилин унуткан кыргызстандык немистер, эл кыдырган ырчылар. Ушул жана башка баяндарды “Данисте” телетоптомунан көрүңүз.
Бул жолу "Эже-сиңдилер" баарлашуусуна айрым жаштарга караганда активдүү, тынбай изденип, көп окуган, өз жөндөмүн ачып, аны өстүргөн айымдарды чакырдык.
Профессионалдык рингде бир да жолу жеңиле элек мекендешибиз Акжол Сулайманбек уулу WBA ASIA чемпиону болду. Баткенде “Айгүл Тоо” коругундагы 20 гектар жерге тигилген бак сугарылбай куурап калды. Төө менен бизнес кылган тоңдук чарбагер. Ушул жана башка баяндар “Данистенин” жаңы топтомунда.
“Данисте” телепрограммасынын бул жолку темалары: Жашоосун балдарсыз элестете албаган Чыңгыз Тукуевдин билимге умтулуусу жана сүйгөн кесиби менен тагдырындагы кыйынчылыктарды жеңип чыкты, Стамбул шаарына келген туристтерди коштоп, киреше тапкан студент Айдай Добулбекова, Баткендеги диниятчылар жаштар
Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда аялдар арасында ичимдикке берилгендердин саны жылдан жылга көбөйүп жатканын белгилейт. Аялдарды арактан алыстатууда эмнелерге көңүл буруу зарыл? Бул жолу “Эже-сиңдилер” баарлашуусунда адистердин кеп кеңешин угуп көрдүк.
Беш тилде эркин сүйлөгөн, тайбокс менен машыккан Айбийкенин Таиланддагы жеңиши, америкалык ырчы Жина Чавездин Аравандагы концерти, чет элдиктер сүйүп жеген Бишкек лагманы жана башка баяндар “Данисте” телетоптомуна кирди.
Бул жолу "Эже-сиңдилер" берүүсү туура тамактануу жана анын пайдасы тууралуу сөз кылат. Берүүнүн коноктору ырчылар Мерген Турган, Мээрим Мураталиева жана Чолпон Талипбек болду. Өнөр адамдары туура тамактануунун жардамы менен саламаттыгын чыңдаганы, ашыкча салмактын азабы туурасында кеп салышты.
“Данисте” телетоптомунун бул жолку чыгарлышында: Он жашынан ата кесибин улантып, маасы ултарып келе жаткан устанын сыры. Орусияда кырсыктан майып болуп калган жалгыз бой эне насыядан кутула албай жатат. Кыргыз, өзбек, тажик, перс акындарынын ырларын жатка билген Рахмат карыя. Көп өнөрлүү тубаса майы
Дагы жүктөңүз