Учурда кыргыздарда баарлашуу маданияты барбы же орой болуп кеттикпи? Тейлөөдө, көчөдө бөтөн адамга кайрылганда жок дегенде "кечиресиз", "рахмат" деген сөздү айтууга жарабай калдыкпы? Сылыктыкты кантип жайылтуу керек? "Эже-сиңдилер" бул жолу ушул суроолордун тегерегинде баарлашты.