"Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.
Бул жолу “Эже-сиңдилер” телебаарлашуусунда кыргыз үй-бүлөсүндөгү кыз-бала менен эркек баланын орду тууралуу сөз кылдык. Эмне үчүн уул төрөбөгөн аялдарды жектейбиз? Эмнеге кыздар катар-катар төрөлсө ата-эне наристенин атын Бурул, Кайрыл, Уулкелсин, Жаңыл деп атаганга шашабыз?
Үч жылдан бери Кыргызстанда жашап, иштеп жүргөн АКШ жараны Жэйкоб Дуайэр Кыргызстан, кыргыз жаштары тууралуу оюн айтып, тил үйрөнүү боюнча кеңештери менен бөлүштү.
Карылар үйүндөгү кусалык жана сагыныч. Кыялы ишке ашкан ата. Үркүн маалында Кытайга сүрүлүп, кайра советтик Кыргызстанга качып келип бийликтен кордук көргөн аксакал. Фитнеске каттап, жаш кыз-келиндерден калбай спорт менен машыккан апалар.
Сууга түшкөндө коопсуздукту эл да, эс алуу жайларынын ээлери да эске албайт. Сугат суу тартыштыгынын айынан насыя алып айдаган эгиндери күйүп кетип, дыйкандар түшүмдөн куржалак калууда. Кыргызстандык мигранттар Орусияда отурукташа албай жатканына улуттук өзгөчөлүк себеп болду деп эсептешет.
Эмне үчүн кыргызстандыктар үй-бүлөнү пландоого маани бербей келебиз? Аялдардын төрөт ортосундагы аралыгын бузган кандай жагдайлар көп кездешет? "Эже-сиңдилер" талкуусу бул жолу ушул теманын тегерегинде болду.
"Эже-сиңдилер" баарлашуусунун бул жолку темасы абактагы кыз-келиндердин абалына арналды.
"Аз өмүрүң чоң сабак кайран жигит, Алтын башын мекенге сайган жигит. Чексиздикке талпынган бүркүт элең, Ала-Тооңду бүркүттөй айлан жигит..!" “Данистенин” бул жолку чыгарылышын толугу менен кесиптешибиз Уланбек Эгизбаевдин жаркын элесине арнадык.
Бул жолу “Эже-сиңдилер” телебаарлашуусунда каражатсыз ишти баштаган кыз-келиндер тууралуу кеп курдук.
Текстил өндүрүмүн эки эсе жогорулаткан Кыргызстандын фабрикасы тышкы базарга чыгуу сырлары менен бөлүштү. Акыркы акчасын фотоаппаратка алмаштырган Айкуттун сүрөтчүлүк ышкысы. Ошондой эле Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларында совет бийлигине сын кантип берилген? Жазуучу, драматург Бексултан Жакиевдин ой-
Бул жолу "Эже-сиңдилер" баарлашуусунда эл көзүнө көрүнгөн аялдарга болгон коомчулуктун басымы тууралуу кеп козгодук. Студияда конокто стэндапер Назгүл Аилчинова, радио алып баруучу Алина Баженова, теле алып баруучу Нурзат Токтосунова болмокчу.
Аутист балдар менен сүйлөшүп, алардын эмоционалдык абалын аныктап, адиске көмөк берген робот. Легендарлуу поляк ырчысы жана композитор Анна Германдын Таласта калган балалыгы. "Жаратмандар" түрмөгүнөн 153 багбаны, 72 гектар алма багы бар айыл кооперативи.
Кечээ жумушсуз жүргөн кыз-келиндер, бүгүн бизнести чагат. Ысык-суук дебей суу кечкен атбашылык мурап. Тазалыкты даңктаган кыз. Кыргыз-өзбек чек арасынан өтүү жеңилдегенден бери эки өлкө жаштарынын ортосунда турмуш куруу жанданып, үйлөнгөндөрдүн саны көбөйдү.
Кыргызстандык келиндер жубайы тууралуу кандай ойдо? Азыркы кыздар кандай жигиттерди тандашат? “Эже-сиңдилер” телебаарлашуусунун кезектеги коноктору фито-терапевт Ташбү Каразакова, активист Аманкул Бабакулов жана блогер Азиза Мурзашова.
Сокулукта катуу таяк жеген эгиз кыздын апасы энелик укугунан ажыратпоону өтүнүп, адистерден кеп-кеңеш алып жатат.
"Данисте" телетоптомунда Кыргызстандын булуң-бурчунан данектүү каармандарды, кызыктуу баяндарды сунуш кылабыз.
Кыргызстанда былтыртан бери орус тилдүүлөргө багытталган "Парафраз" видео триалитиси тартууланып келет. Анда кыргыз тилинин өзгөчөлүгү күнүмдүк турмуштагы жагдайлар, салт-санаа аркылуу баяндалат. Чакан чыгармачыл топтун иши, максаты, пландары тууралуу долбоордун демилгечиси жана автору Оля Ковалева
"Эже-сиңдилер" берүүсүндө миграциядагы кыз-келиндердин жагдайы, кыйынчылыгын жана алардын чет элден алган сабагын талдоого алдык.
Кыргыз тилин жайылткысы келген орус кыздардын демилгеси. Көл жээгин таштандыдан тазалаган тоңдуктар. Жазмакер уюштурган Ат-Башыдагы жаңы китепкана. Беш тыйынга иштеп, кайра-кайра сыркоологон тестиер балдар.
Коомду ойго салган “Ала качуу” тасмасы. Чыр-чатактуу мекен чегиндеги чек арачылардын жупуну турмушу. Акция маалында акындын мырзалардын намысына тийген ыр саптары. Режиссер Руслан Акундун “Көк бөрү” жаңы тасмасы. Чек арачы кызматында жүргөн үй-бүлөлөрдүн түйшүгү.
"Эже-сиңдилер" берүүсүнүн коноктору уурдалган кыздын милиция бөлүмүндө каза болгон окуясынан улам Кыргызстанда кыздардын өз эрки жана тандоосу менен турмуш курууга бөгөт болгон жагдайларды талдашты.
Дагы жүктөңүз