"Азаттыктын" Жалал-Абад облусундагы кабарчысы. Жалал-Абад Мамлекеттик университетинин филология жана журналистика факультетин аяктаган.
Бийлик бул аймакта дезинфекциялоо иштерин жүргүзүп жатат.
Бийлик Кыргызстанда коронавирусту аныктоо жана жайылтпоо боюнча бардык шарттар бар экенин билдирди.
Бүгүн 17-мартта мурдагы президент Аскар Акаевдин бийлигине нааразылык билдирип чыгып, алты адамдын өмүрүн алган Аксы окуясына 18 жыл толду. Арадан бир топ жыл өтсө да окуяга укуктук баа берилбей жатканын жабырлануучулар айтып келет.
Мындан 18 жыл мурда болгон Аксы окуясын эскерүү иш-чарасы Боспиек айылында өтүп жатат.
Жалал-Абадда мүшөгү эки миң сомдон сатылып жаткан ун укук коргоо органдарынын жана жергиликтүү бийликтин катуу текшерүүсүнөн кийин гана мурдагыдай баа менен сатыла баштады.
Аксы районундагы мектеп окуучуларынын мушташын милиция териштирип жатат. Ал арада социалдык тармактарда топ балдар биригип окуучуну тепкилеп жатканы тартылган видео коомчулукта кызуу талкууга түштү.
Биринчи топтогу майып Кеңеш Пиназаров ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүүсүнө карабай акыркы 5 жылдан бери Арстанбап токой чарбасын жетектеп келет. Аны бул кызматка майып экендигине карабай аймактагы токой пайдалануучулар ассоциациясы сунуш кылган.
83 жаштагы Кадыр карыя Жалал-Абад-Сузак каттамында такси айдайт. Учурунда Сузактын Достук айылында тракторист болуп көп жыл эмгектенген карыя үйдө бекер отургусу келбейт. Ал бир чети иш менен өзүн алаксытса, экинчи жагынан анча-мынча тапканы менен неберелеринин көнүлүн алат.
Кезегинде атагы алыска тараган, Майлуу-Суу лампа заводу токтоп калуу коркунучуна кептелди. Заводдо өндүрүштүн ыргагы басаңдап, жумушчулардын саны да кыскара баштады.
Бишкек-Ош жолунда түндө болгон кырсыктан жети адам каза тапты. Алардын арасында бир машинеде бараткан айылдаштар жана бир туугандар да бар. Ал эми ооруканага түшкөндөрдүн үчөө Өзбекстандын жарандары.
Иштамберди кенинен таштанды катары чыккан калдыктарды Шекафтар айылынын аймагына ташып келип көмүү жергиликтүү тургундар арасында нааразычылык жаратты.
Майлуу-Суу электр лампа заводунда өндүрүштүн ыргагы басаңдап, жумушчулар да азая баштады.
Сузактын тургуну 25 жаштагы кызын жана эки небересин Сириядан алып келүүгө жардамдашууну өтүнүп, бийликке кайрылды. Ал бул тууралуу Сузак райондук мамлекеттик админстрациясындагы жыйын учурунда билдирди.
Жергиликтүү тургундар чачыранды алтын казууга мораторий киргизүүнү талап кылышууда.
Көк-Жаңгак шаарындагы №6 Михаил Ломоносов атындагы мектептин мугалими, 81 жаштагы Казикан Тайшинов билим берүү бөлүмү менен соттошуп, азырынча мектепти таштап кеткиси жок. 2-топтогу майып ардагерге жакында эле медициналык комиссия «иштөөгө болот» деген бүтүм чыгарып берген.
Кытай менен чек аранын жабылышы «Кыргызмунайгаздын» ишине да таасирин тийгизди.
Жалал-Абадда күйөөлөрү тарабынан бычакталганы айтылган эки келин ушу тапта ооруканада дарыланууда. Алардын биринин окуясын милиция кокустук катары тергеп жатат. Ал эми мейманканада бычакташкан жубайлардын окуясына байланыштуу келиндин күйөөсү камакка алынган.
Жалал-Абад шаарынын 71 жаштагы тургуну Бурул Бекташевага сот аткаруучулар уулунан үйүн бошотуп берди.
Жалал-Абадда 1,5 миңдей үй-бүлө жер көчкү жүрүү коркунучу бар аймактан кетпей жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери февраль айынан баштап аларга кайрадан эскертүү бере баштады. Былтыр Ноокендеги 14 үй-бүлө соттун чечими менен мажбурлап көчүрүлгөн болчу.
Жалал-Абадда «Мен - жаш үй-бүлө» аттуу үч айлык окуу башталды. Анда 20 кыз үй-бүлө курууга даярдык тууралуу сабак окуп жатат. Мэриянын жаштар комитети уюштурган саамалык жаш үй-бүлөлөрдөгү ажырашуунун алдын алууну көздөйт.
Дагы жүктөңүз