"Азаттыктын" Жалал-Абад облусундагы кабарчысы. Жалал-Абад Мамлекеттик университетинин филология жана журналистика факультетин аяктаган.
Ноокен районунда интернети жок эки айылда окуучуларды мугалимдер таркатма материалдын негизинде окутуп жатат. Район аймагында аз камсыз болгон үй-бүлөнүн 800дөн ашык балдары да аралыктан окутууга толук тартылган жок.
Жалал-Абад шаары менен Сузак районуна караган Живпром жаңы конушунун тургундары айылга гуманитардык жардам берилбей жатканын айтып, нааразычылык билдирип чыгышты.
Жалал-Абад облусунун аймагында коронавирус илдети аныкталган 93 бейтаптын ичинен 52 киши айыгып чыкты. Алардын арасында беш медкызматкер да бар.
Жалал-Абадда медицина кызматкерлеринин жумушка барып келүүсү кооптуу жана татаал бойдон калууда. Айылдардан каттап иштегендер блокпосттордон жөө өтүшсө, шаар ичинде топтолуп автобустарда жүргөн медиктер арбын болууда.
Жалал-Абадда медицина кызматкерлеринин жумушка барып-келүүсү кооптуу жана татаал бойдон калууда.
Кыргызстанда коронавирус илдетинин жайылуу мөөнөтүнүн туу чокусу 20-24-апрель деп божомолдонуп жатат. Андыктан Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал 30-апрелге чейин узартылмай болду.
Жалал-Абаддын Кара-Көл шаарында окуучу кыздан 5 миң сом пара алып жаткан учурда кармалган милициянын иши тергелип жатат.
Саламаттык сактоо министрлиги аймактык оорукананын башчысын кызматтан алды.
Жалал-Абадда жазгы талаа иштери карантинге карабай өз нугунда жүрүүдө. Аймакта учурда жазгы айдап себүү 39% аткарылды. Пахта жана дан эгиндеринен сырткары быйыл дыйкандар жашылча өстүрүүгө да кызыгып жатат.
Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунда эгин аянттарын дарылоого колдонулган учуучу аппарат бул ирет турак жайларды дезинфекциялап жатат. Бул жумуштарды айыл чарбаны колдоо борбору акысыз аткарууда.
Жалал-Абадда коронавирустан айыккан үч адам ооруканадан чыгарылды. Алар - 46 жана 44 жаштагы түгөйлөр жана 62 жаштагы аял. Үйүнө кайтып жаткандар алгач коркконун эстеп, дарыгерлерге алкыш айтышты.
Ысык-Көл районунун Сары-Ой айылындагы эс алуу борборлордун биринде республика боюнча жарыяланган карантинге карабастан элүүгө жакын киши курулуш иштерин жүргүзүп жатат.
Сузак районунда 18-марттан тартып жарыяланган өзгөчө кырдаалдан кийин бир топ үй-бүлөлөрдө азык-түлүккө муктаждык жаралды. Райондун Лавдан-Кара айылындагы көп балалуу Каримовдордун турмушу кыйын кырдаалга туш келди.
Алар жакынкы күндөрү коронавируска чалдыккандарды дарылап жаткан адистер менен орун алмашат.
24-марттан тартып Жалал-Абад шаарына кирүүгө чектөө коюлду. Калаанын негизги көчөлөрүнө коюлган блокпосттордон сырттан келгендерди киргизбей, шаардыктарды сыртка чыгарбай жатышат.
Жалал-Абад шаарынын негизги көчөлөрүнө блокпосттор коюлуп, сырттан келгендерди киргизбей, шаардыктарды сыртка чыгарбай жатат.
COVID-19 аталышындагы коронавирус жайылып кеткенине байланыштуу өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыяланды. Бул илдетке байланыштуу бардык маданий иш-чаралар токтотулуп, Кыргызстан жылдагыдай Ноорузду майрамдабай калды.
Коронавируска байланыштуу Ноокат жана Сузак райондоруна карантин жарыяланды. Ноокат районунун аймагына 35 жерге блокпосттор орнотулду. Карантинде калган аймактардын азыркы кырдаалы "Азаттыктын" кабарчыларынын сүрөттөрүндө.
Сузакта карантинге алынган үч айылда он миңден ашык адам жашайт. Бийлик бул аймакта дезинфекциялоо ишин жүргүзүп жатат.
Жалал-Абад облусунун Сузак районунда өзгөчө кырдаал жарыяланып, карантинге алынган айылдар 19-марттын таңынан баштап толук курчоодо. Ушул тапта дезинфециялоо иштери жүргүзүлүүдө. Үч айылда 10 миңден ашуун калк жашайт.
Дагы жүктөңүз