Профессор Осмонакун Ибраимов 2012-жылдан бери “Азаттык” менен кызматташат.
Дүйнө маданиятынын тарыхында ары кызыктуу, ары таңкалычтуу окуялар абдан көп.
Музыкадагы гигант, Атлантиканын эки тарабына бирдей классик, дүйнөдөгү эң бай кесипкөй композитор, Британиянын эң бай жүз адамынын бири…
Окумуштуулар, айрыкча психологдор "жөндөм, талант деген нерсе ар бир адамда болот" деп айтышат. "Бирок ошол талант дайым эле ачыла бербейт экен же ачылса да толугу менен ачылбайт экен" дешет. Чындыгы бар сөз го. Алыс кетпейли да, өзүбүздүн кыргыз адабиятын алалы.
Орусча-кыргызча бирдей жазган белгилүү филолог, 40 жылдан ашуун мугалимдик кесипти аркалаган профессор. Кыргызстандын эл жазуучусу, Токтогул сыйлыгынын ээси. Кыргыз улуттук энциклопедиясын бир канча жыл башкарган кылдат редактор. Бул сапаттардын баары бир гана кишиге, бирок эмнегедир унутулуп бараткан мыкты инсанга - Мухтар Борбугуловго таандык эле.
“Эл ичи - кенч” деп бекеринен айтылбаса керек. Ойлоп отурсаң эмне деген кызыктуу да, даңктуу да, ошону менен бирге кайталангыс да адамдар арабызда жашаганына же жашап өткөнүнө таң каласың, сыймыктанасың. Ошондой эч бир кайталангыс, өтө сейрек инсандардын бири - советтик Кыргызстанда чейрек кылымдан ашуун финансы министри болуп иштеген Алиаскар Токтоналиев болсо керек.
Демейде бул же тигил инсандын өмүр баянын, жасаган иштерин эскерип отуруп анын тарыхтагы орду тууралуу ой жүгүртөбүз. А бирок тарыхта калыштын миң бир эки жолу, түрлүү оош-кыйыштары болот эмеспи.
Эч кимге окшобогон акын жана адам Түмөнбай Байзаков... Качан болсо тамашасы даяр, аскиясы белен, чын-чынында ички күйүтүн тышкы күлкү менен баскан кайран Түмөке!
Быйыл Кеңешбек Асаналиевдин 90 жылдык мааракеси белгиленет.
Кытайдын театрында улуу кыргыз эпосу «Манастын» негизинде коюлган опера жөнүндө ой.
Байдылда Сарногоевдин акындык күчү эмнеде эле? Анын күчү – элдигинде, массалыгында эле.
Эл жазуучусу, мыкты акын, даркан котормочу, драматург жана прозаик Эрнис Турсуновдун бейнесине сүртүмдөр.
Эл акыны Акбар Рыскуловдун быйыл “Үмүт-күдүк” аттуу жаңы китеби жарык көрдү.
Осмонаалы Сыдык уулу кыргыз элинин тарыхын, санжырасын биринчилерден болуп кагазга түшүргөн.
Бочеллинин адамдык тагдыры оор болсо да, ырчылык өнөрүн ийгилик коштогон талант.
Сепсиз келген кызга окшотуп, эгемендик күнүн чындап төгүлүп-чачылбай, ооз учунда майрамдайбыз.
Түгөлбай Сыдыкбеков менен жары Асылгүлдүн бири-бирине сыйы башка жубайларга өрнөк.
Алмаш Чойбекованын акындык тагдыры бир башка, адамдык жазмышы андан да башкача болду.
Сыма Цяндын “Тарыхый баяндар” китеби дүйнөдөгү эң эле баалуу эмгектердин бири.
Гимн мамлекеттерде эле эмес, чоң саясий уюмдарда, партияларда да бар.
Бельгиялык шансонье Сальваторе Адамо - сейрек кездешкен романтик.
Дагы жүктөңүз