Ленин райондук сотунда прокурор жапырт баш аламандыкка айыпталган 11 журналистти алты жылдан абакка кесүүнү сурады. Адвокаттар айыпты четке кагып, соттон аларды актоону талап кылды. Эл аралык уюмдар мамлекеттик айыптоонун мындай өтүнүчүн сындашты.
Аскар Акаевдин экс-президент макамын калыбына келтирүү өтүнүчүн жалпы парламент карай турган болду. Тармактык комитет бул боюнча депутаттык комиссия түзүү тууралуу анын арызын четке какты.
Тергөө абагында жаткан Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаев атайын кызматтын кысымына кабылып жатканын айтып, президент Садыр Жапаровго кайрылды.
Мурдагы президент Аскар Акаев "экс-президент" макамын калыбына келтирүү өтүнүчү менен Жогорку Кеңешке кайрылды. Ал 2005-жылы 24-мартта үй-бүлөлүк, авторитардык, коррупциялык бийликке каршы чыккан элдик толкундоонун арты менен бийликтен кулатылган.
1-сентябрда Бишкек - Нарын - Торугарт автожолунун 51-чакырымында он кишинин өмүрүн алган кырсык болуп, беш машине кагышкан. Жыл башынан бери өлкөдө 3 миңдей жол кырсыгы катталып, 300гө чукул киши каза болду.
Кыргыз өкмөтү маалымат каражаттары, интернетте жалган маалымат тараткандарды жазалоо боюнча кезектеги мыйзам долбоорун сунуштады. Анда жалган маалымат таратты деп табылгандарга 100 миңден 200 миң сомго чейин айып салынат.
Кыргызстандагы “Мбанк” жана "Керемет банк" баштаган ири банктар Орусия менен акча которуу кызматташтыгын убактылуу токтотту. Экономисттер мындай чечимди Батыштын экинчи даражадагы санкцияларына илинип калуу коркунучу менен байланыштырууда.
Чүй облустук сотунун эки судьясын кылмыш жоопкерчилигине тартууга Судьялар кеңеши макулдук берди. Президентке аларды ээлеген кызматынан убактылуу четтетүү жөнүндө сунуш жиберилди. 2-июлда УКМК эки судья кармалганын, алар соттолуучудан 6 миң доллар пара алууга шек саналып жатканын билдирген.
Бишкекте электрондук коштомо кагазды жана электрондук эсеп-фактураны колдонууга каршы соодагерлердин нааразылык акциясы уланды. Өкмөт соодагерлер арасында түшүндүрүү иштери күчөтүлөрүн билдирди.
Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда жумушчу күч жетишпей жатканы жөнүндө кайрылуу жасап, соңку эки жылда айрым кийим тигүү, курулуш компанияларынын иши токтой баштаганын билдирди. Президент иш издегендерди Эмгек министрлигине кайрылууга чакырды.
Казакстанда 2022-жылы январда кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов кыйноого кабылган окуяга байланыштуу Алматы шаарынын Полиция департаментинин башчысынын мурдагы орун басары Берик Абилбеков кармалды. Бул иш боюнча буга чейин төрт полиция кызмактери кармалган.
Бишкектеги бир мандаттуу Свердлов округунда кайра шайлоо өтө турган болду. Буга чейин сот, анын артынан Борбордук шайлоо комиссиясы бул округдан келген депутат Шайлообек Атазовдун мандатын жокко чыгарган.
Кыргыз өкмөтү сунуштаган уран жана торий кендерин казууга уруксат берген мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке түштү. Буга чейин президент Садыр Жапаров Кызыл-Омпол кенин мамлекет өзү иштетүүнү пландап жатканын айткан.
Бишкекте 9-майдын урматына Жеңиш аянтында майрамдык иш-чара өттү. Шаар тургундары "Өчпөс отко" гүл коюп, согушта курман болгондорду эскеришти. Быйыл жыл сайын адатка айланган "Өлбөс полк" жүрүшү болгон жок. Ага карабай айрым тургундар чоң аталарынын сүрөттөрүн көтөрүп чыгышты.
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) тергөө абагынан чыккан депутат Адахан Мадумаровдун иши боюнча Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун ѳкүмүн 26-апрелде талкуулап, Мадумаровду мандатынан ажыратты.
Өлкөдө көк жөтөл күч алып, ага чалдыккандардын саны соңку төрт айда миңден ашты. Жугуштуу ооруга чалдыккандардын көбү эки жашка чейинки балдар.
Кыргызстанда "Чет өлкөлүк өкүл" деп мүнөздөлгөн мыйзамдын кабыл алынышына АКШ, Евробиримдик жана айрым эл аралык уюмдар тынчсызданууда. Ал тапта президент Садыр Жапаровдун бейөкмөт уюмдар тууралуу жазганы талкууга түшүп, жарандык коом өлкө жетекчилигин маалыматты бурмалоого айыптап жатат.
Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду Бишкектин Биринчи Май райондук соту бир айга камады. Ош шаардык сотунун чечими менен агасы Тилек Матраимов бир айга, инилери Руслан жана Ислам Матраимовдор 18-майга чейин камалды. Айыпталуучулар комментарий берүүдөн баш тартты.
Кыргыз бийлиги издөөдө жүргөн экс-бажычы Райымбек Матраимов Бакуда экени аныкталганын билдирди. УКМК Бишкекте азербайжандык кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалып, алардын Матраимов менен байланышы бардыгы, Кыргызстандын жетекчилерине кол салууну пландаганы айтылды. Баку расмий комментарий бере элек.
Баш калаанын жолдорунун көбү бузулуп, шаардагы коопсуздукка коркунуч жаратууда. Соцтармактарда ар жерде оюлуп калган, бузулган жолдордун видеолорун чыгарып, бийликке кайрылгандар арбын. Бишкек мэриясы күн жылыса жолдор толугу менен оңдолорун билдирет.
Дагы жүктөңүз