Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу аралашкан Кадамжай районундагы көмүр кендин чыры аяктай элек. Кенди иштетүүгө лизенция алган “Уу-Таш” ишканасынын кожоюндарыбыз деген жарандар депутат, милиция кызматкери аралашып, көмүр кенин тартып алганын айтууда. Азыр соттук териштирүү уланууда.
Бишкек шаарындагы троллейбустардын 200дөй айдоочусу маянаны көтөрүү талабы менен иш таштады. Алар иш учурундагы келтирилген зыянга кошумча акча берүүнү жана троллейбус башкармалыгынын директору Талантбек Капаровдун жумуштан кетүүсүн талап кылууда.
Суунун тартыштыгы Бишкектин тегерек-четиндеги фермерлерди кыйнап жатат. Дыйкандар сугат суунун жоктугунан айыл чарба өсүмдүктөрү күйүп жатканын айтып, нааразылык акциягы чыгышты.
Бишкек шаарында таза суунун тартыштыгы ушул күндөрү эң чоң көйгөйгө айланды. Башкалаанын бир катар микрорайондорунда жана конуштарда суу тартыш болууда. Мэрия шаардагы суу түтүктөрдүн 80% эскиргенин, маселени чечүү үчүн 500 миллиондой сом зарылдыгын билдирди.
Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек" жана "Кең-Булуң" өткөрмө бекеттеринде узун кезек пайда болду. Айдоочулар күндүн аптабында үч суткага чейин кезек күтүүгө аргасыз.
Бийликти басып алууга айыпталган 30дан ашуун адамдын үчөөнүн аты-жөнү белгилүү болду.
Ысык-Көлдүн Жыргалаң айылында жашоо жандана баштады. Шахтерлор жердеген кыштактын эли алыскы Европа өлкөлөрүнөн туристтерди чакырып, жаштары англис тилин өздөштүрүүдө.
ФИФА президенти Жанни Инфонтино эки күндүк иш сапар менен 4—майда Кыргызстанга келди. Дүйнөлүк футболдун жетекчиси сапар алкагында президент Садыр Жапаров менен жолугуп, Кыргыз футбол бирлигинин жаңы административдик имаратын ачты.
24-февралда Кыргызстанда Украинанын элчилигинин алдында да активисттер эскерүү иш-чарасын өткөрдү.
Мындан беш-он жыл мурда Кыргызстандын саздары менен сууларынан кызыл колтук баканы көпчүлүгүбүз көрсөк керек. Азыр бул баканы күндүз чырак менен да издеп таппайсыз. Адистер "Кызыл китепке" кирген кызыл колтук баканын жоголуп кеткенин биринчиден климаттын өзгөрүшүнөн, экинчиден, адамдардан көрүшөт.
Бишкекте ЕАЭБде газ базарын түзүү, ички рыноктун көйгөйлөрү сыятуу маселелер талкууланды. Өзбекстандын Фергана аймагында газ жоктугуна нааразы болуп чыккандарды милиция 10 күнгө камады. Кемпир-Абад иши боюнча эки айга чукул тергөө абагында отургандардын айрымдарынын камак мөөнөтү узартылды.
Жогорку Кеңештин айрым депутаттары парламентте бийликтин кысымы күчөп, эл өкүлдөрүнүн чечим кабыл алуусуна таасир этүү аракети болуп жатканын айтышты. Aр бир бийликтин маалында парламентти көмүскөдө туруп башкаргандар болгон. “Азаттык” Жогорку Кеңештеги “көмүскө кардиналдарды” иликтеди.
“Кумтөр Голд” ишканасы боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия ишин баштай албай жатат.
Президент Жапаров кыргыз-өзбек чек арасын тактоо жана Кемпир-Абаддын суусун биргелешип башкаруу боюнча мыйзамдарга кол койду. "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын депутаты Исхак Масалиев алтын комиссиясынын төрагалыгынан өз каалоосу менен кетти. Украинада эл энергетикалык кризистен жапа чегип жатат.
Сот бийликти сындаган иликтөөлөрү менен таанылган журналист Болот Темировду депортациялоо чечимин чыгарды. Журналистти сот залынан кармап кетишти. Ереванда ЖККУнун саммитин утурлай нааразылык акциясы өттү. Кыргызстандан картошканы экспорттоо оор болуп жатат.
Казакстандагы шайлоодон кийин айрым байкоочулар дээрлик 80%дан ашык добуш топтоп, жеңишке жеткен Касым-Жоомарт Токаев эми Нурсултан Назарбаевдин таасиринен биротоло бошоду деген пикирде.
Эки күндөн кийин Катарда Футбол боюнча дүйнө чемпионаты башталат. Дүйнө чемпионатында алгачкы жолу аял-реферилер калыстык милдет аткарат.
Кемпир-Абад ишине байланыштуу эки айга кармалган активисттердин жакындары алардын жаш балдарыы бар экени эске алынбай калганына нааразы.
Башаламандык уюштурууга шек саналып камалган 20дан ашык саясатчы, активисттердин жакындары бийликти аларды бошотууга үндөштү.
Кыргызстан менен Өзбекстан жер алмашып, чек ара маселесине чекит коюуга аракет кылууда. Кыргызстан кошуна өлкөдөн 19699 гектар жер алып, ордуна Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин берүүгө белсенип турат. "Азаттык" кыргыз-өзбек бийлиги пландаган жаңы чек аранын, 900-горизонталдын чегин иликтеди.
Дагы жүктөңүз