Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиевдин өзүн жана үй-бүлөсүн коркуткан кат алганы тууралуу маалыматы талкуу жаратты. Анын чоо-жайын күч түзүмдөрүнөн турган тергөө тобу иликтей баштады.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагында жаткан Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов үй камагына чыкканы белгилүү болду. Жети айдан ашуун УКМКнын тергөө абагында жаткан Матраимовду бошотуу өтүнүчүн УКМКнын тергөөчүсү келтиргени маалым болду.
Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун саммитинде экономика, коопсуздук жана маданий кызматташтык маселелери талкууланды. Ага Түрк мамлекеттери уюмунун беш мүчөсү – Кыргызстан, Түркия, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстандын жетекчилери жана уюмга байкоочулук кылган өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышты.
Сот Афтандил Жоробековго 70 миң сом айыпка жыкты. Ал мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы чыккан соң "бийликти күч менен басып алууга чакырык жасоого" айыпталып кармалган. Активист алты айга чукул абакта жатып, кийин үй камагына чыккан.
Экс-депутат Кубатбек Байболовдун үй-бүлөсүнүн “Дордой” жана “Орто-Сай” базарындагы 8 гектар жери мамлекетке өттү. Атайын кызмат мэриянын менчигине берилген базардын наркын 3,8 млрд сомго баалап жатат. Ал эми Байболовдор эл аралык сотторго чейин кайрыла турганын билдирди.
Бишкектин шаар бийлиги “Дордой” жана “Орто-Сай” базарларындагы “Оберон” базары соттун чечими менен мэрияга өткөнүн билдирди. “Оберон” ишканасынын ээси Нуржамал Байболова менчик укугу бузулуп жактанын айтып, сот чечимин мыйзамсыз деп атады. Соодагерлер базардын тагдырына тынчызданып жатышат.
Парламент төрагасынын мамлекеттик гимнди өзгөртүү боюнча сунушун колдогондор менен катар кескин сындагандар бар. Бул демилге азырынча парламентке келип түшө элек. "Азаттык" Жогорку Кеңештин депутаттарына микрофон сунуп, пикирин сурады.
Чаткалда кар көчкү алдында калган алты жарандын үчөөнүн сөөгү табылып, тик учак менен айылга жеткирилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Дайынсыз жоголгон дагы үч жаранды издөө иштерине кошумча күч тартылганы белгилүү болду.
Парламенттин комитеттери интернетте жана медиада жалаа жабууга айып пул салган мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды. Документ азыркы редакциясында кабыл алынса, "жалаа жапты" делген адамга 100 миң сом айып салынат.
Кемпир-Абад иши боюнча айып тагылган саясатчылар менен активисттер Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясына ишенбөөчүлүк көрсөтүп, судьяларды алмаштырууну өтүндү. Өтүнүч колдоо тапкан жок. Кийинки отурум 11-октябрда болот.
Жапырт иш козголгон 11 журналисттин сотунда шектүүлөрдүн дээрлик бардыгы акыркы сөзүн сүйлөп, өкүм чыгаруу кийинки отурумга калды. Журналисттер сотто коюлган айыптарды четке кагышты. Прокурор жапырт башаламандыкка айыпталган 11 журналисттин ар бирин алты жылдан абакка кесүүнү сураган.
Президент Өзгөн айланма жолун атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиев салып жатканын ырастады. 14 чакырымдык жол ишке кирсе, жеңил машинеден 200 сом, жүк ташуучу автоунаадан 700 сом алынат.
Ош облустук сотунун судьясы Нургазы Алимкулов сол колунан бир нече жаракат менен ооруканага түшкөнү маалым болду. Аймактагы бириккен клиникалык оорукана менен шаардык милициядан билдиргендей, судья колун өзү кескен. Учурда тергөө жүрүп жатат.
Кыргызстандагы медиа аракеттенүү платформасы өкмөттү интернетте жалаа жабууга жана мазактоого айып пул салган мыйзам долбоорун артка кайтарууга чакырды. Талаштуу документте жалган кабарларды же пост-комментарийлерди жазгандарга 100 миң сом айып пул салуу сунушталган.
Ливанда соңку соккулардан бир үй-бүлөдөн тогуз кишинин өмүрү кыйылды. Израил "Хезболланын" жоочуларына каршы күрөшү токтобой турганын билдирди. Кыргызстандагы медиа аракеттенүү платформасы өкмөттү талаштуу мыйзам долбоорун артка кайтарууга чакырды. Өзбекстанда мектептеги окуяга Орусия кийлигишти.
Ленин райондук сотунда прокурор жапырт баш аламандыкка айыпталган 11 журналистти алты жылдан абакка кесүүнү сурады. Адвокаттар айыпты четке кагып, соттон аларды актоону талап кылды. Эл аралык уюмдар мамлекеттик айыптоонун мындай өтүнүчүн сындашты.
Аскар Акаевдин экс-президент макамын калыбына келтирүү өтүнүчүн жалпы парламент карай турган болду. Тармактык комитет бул боюнча депутаттык комиссия түзүү тууралуу анын арызын четке какты.
Тергөө абагында жаткан Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаев атайын кызматтын кысымына кабылып жатканын айтып, президент Садыр Жапаровго кайрылды.
Мурдагы президент Аскар Акаев "экс-президент" макамын калыбына келтирүү өтүнүчү менен Жогорку Кеңешке кайрылды. Ал 2005-жылы 24-мартта үй-бүлөлүк, авторитардык, коррупциялык бийликке каршы чыккан элдик толкундоонун арты менен бийликтен кулатылган.
1-сентябрда Бишкек - Нарын - Торугарт автожолунун 51-чакырымында он кишинин өмүрүн алган кырсык болуп, беш машине кагышкан. Жыл башынан бери өлкөдө 3 миңдей жол кырсыгы катталып, 300гө чукул киши каза болду.
Дагы жүктөңүз