"Азаттыктын" кабарчысы. 2009-жылы Нарын мамлекеттик университетин аяктаган.
3-сентябрда Бишкек шаардык сотунда “Кемпир-Абад” иши боюнча соттук жараян дагы жылып, кийинки отурум 10-сентябрга белгиленди. Башкы прокуратура райондук соттун чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна кайрылган жана жараян былтыр 6-августта башталган.
Кыргызстанда күйүүчү май дагы 4 сомго чейин кымбатташы мүмкүн. Мунай ташуучулар ассоциациясы билдиргендей, буга Орусиядагы кырдаал себеп болууда. Кыргызстан күйүүчү майга болгон керектөөсүнүн 90-95% Орусиядан сатып алат.
Жаңы-Тилек - Нарындын Ак-Талаа районундагы карым-катнашы кылуу татаал болгон четки айылдардын бири.
Нарын шаарынын тургундары жаңы оңдолгон жолдун сапатына нааразы. Зарыга күткөн асфальт тегиз басылбай калганы тууралуу тартылган тасмалар соцтармактарда кызуу талкууга айланды.
Ушул тапта Кытай–Кыргызстан–Өзбекстанды байланыштырган стратегиялык темир жолдун курулушу кызуу башталды. Жалпысынан 480 чакырым болгон темир жолдун 300 чакырымдан ашыгы Кыргызстанды аралап өтөт. “Данисте” рпограммасы Нарындын Ак-Талаа районунун акыркы Кош-Дөбө айылына барып келди.
Бишкектин Көк-Жар конушунун 172-контурунда жашаган тургундар президент Жапаровго, УКМК төрөгасы Ташиевге кайрылды. Буга чейин ал жердеги мыйзамсыз делген курулуштарды бузуу учурунда бир нече кишини милиция кармап кеткен.
2020-жылдын ушул күндөрү Бишкекте коронавирустан каза болгондор күн санап өсүп турган.
Мындан беш жыл мурда, 2020-жылдын ушул күндөрү Бишкекте коронавирустан каза болгондор күн санап өсүп турган.
Изилдөөчүлөр байыркы жылкы тукуму саналган кыргыз жылкысы жоголуу коркунучунда экенин айтууда.
Камактагы ишкер Имамидин Ташовдун ишине байланыштуу казак жараны кармалганы белгилүү болду. 31 жаштагы Тараздын тургунунун жакындары ал Ташов менен камактагы активист Тилекмат Куреновдун "каржылык тапшырмаларын аткарып, бийликти басып алуу аракетине көмөктөшкөн" деп айыпталып жатканын айтышты.
“Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен камалган ишкер Имамидин Ташовдун ишине байланыштуу Казакстандын жараны кармалганы белгилүү болду.
Бишкектин чет жакасындагы Молдовановка айылын көптөр абак жайлар менен байланыштырат. Үч миңдей калк жашаган айылдын бир кылымдык тарыхы дагы концлагерлерден башталган. “Данисте” бул жолу абак жайлардын айланасына отрукташкан айыл турмушу тууралуу айтып берет.
Бишкекте тарыхый-маданий мурас саналган 400гө жакын объект бар.
Кыргызстанда 2 миңден ашык лезгин улутундагылар жашайт. Алар өздөрүн кыргыз коомунун ажырагыс бөлүгү катары санап, Ала-Тоону мекеним деп билишет. Лезгиндер 1936-жылы өз мекенинен зордоп көчүрүлгөн кавказдыктардын урпактары. “Данисте” бул жолу Чүй боорун жердеген лезгиндер тууралуу кеп кылат.
Климаттын өзгөрүшү, кургакчылык Кыргызстандагы ири ГЭСтердин ишине түз таасирин тийгизүүдө. Акыркы жылдары суу сактагычтарга жетиштүү суу топтолбой, өлкө энергетикалык кризиске кабылууда.
Кыргызстандын өрөөндөрүндө элдин негизги тиричилиги төрт түлүккө байланган. Өлкөдөгү мал базарлар күүлдөп иштеп, андагы соодагерлер аймактарды кыдырып, сооданы кызытат. “Данисте” базарда соодагерлик кылган Токтобүбүбү Токтоматова тууралуу баяндайт.
“Азаттык” радиосу “Спорт: Кыйынчылыкты жеңген кыраандар” деген сынагына көрсөтүлгөн талапкерлер менен тааныштырууну улантат. Белгилүү улакчы Сейитбек Анарбек уулу былтыр бутунан оор жараат алгандан кийин машыктыруучулукка өттү.
Кыргызстан соңку жылдары улуттук көк бөрү оюнун эл аралык аренага алып чыгуу аракетин көрүп келүүдө.
Кыргызстандагы айылдар эмнеге Михайловка, Константиновка, Николаевка, Александровка, Петровка, Палтавка деп аталып калган? Анын тарыхый маани-маңызы барбы? Арадан 100 жылдан ашык убакыт өтсө да Орусиянын оторчулук саясатынын шары менен аталып калган кыргыз айылдарынын аты эмнеге өзгөрбөйт?
Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз капчыгайынын боорунда жайгашкан чакан айылды жергиликтүүлөр “Жети-Өгүз курорт” деп аташат.
Дагы жүктөңүз