"Азаттыктын" журналисти. Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн аяктаган.
Бишкектеги Гареев атындагы ботаникалык бакка футбол аянтчаларын курууга тыюу салуу чакырыгы айтылды. Депутат Дастан Бекешов бийликке кайрылып, бул демилгеге уруксат бербөөнү суранды. Бактын жетекчилиги курулуштар боло турган аянтта жер таштак жана дарактар өспөй турганын жүйө келтирүүдө.
Мурдагы депутат Аккулу Бердиев үй-бүлөлүк зомбулукка жана алдамчылыкка айыпталып кармалды. Анын аялы көп жылдардан бери зомбулукка кабылып келгенин, күйөөсү көп аял алганын айтып, бийликке кайрылган эле.
20 күндөн бери камакта отурган жарандык активист Айбек Теңизбай эч жакка кетпөө тил каты менен эркиндикке чыкты. Ага “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу” деген берене менен иш козголгон. Активист андай айыпты четке каккан.
Мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Кыргыз эл баатыры наамынан, сыйлыктарынан ажыратылды. Зеленский менен Трамп жекшембидеги 3 сааттык сүйлөшүү жемиштүү болгонун, согушту токтотууга кыйла жакындатканын билдиришти. Ысык-Көлдө Балыкчы - Бөкөнбаев - Барскоон жолу беш жылдан бери бүтпөй жатат.
Ысык-Көлдө Балыкчы - Бөкөнбаев - Барскоон унаа жолунун курулушу беш жылдан бери бүтпөй жатат. Өткөн аптада УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жол курган жалданма компаниялардын өкүлдөрү менен жолуккан. Анда бул жолду 2026-жылдын 31-августуна чейин бүтүрүүнү тапшырды.
Аксыда мындан бир жарым ай мурда каза болгон Гүлмээрим Карабалаеванын туугандары УКМК төрагасына кайрылып, бул ишти тергөөнү өз көзөмөлүнө алууну суранып жатышат.
Жер агенттиги жаңы комиссия түзүп, шахматтык жерлер боюнча иш алып барат. Жаңы жарлыкка ылайык, мындай жер ээлерине Мамлекеттик ипотекалык компаниядан батир же айыл чарба багытындагы жер тилкеси сунуш кылынышы мүмкүн. Азыр жаңы комиссиянын курамы такталууда.
Жарандык активист Айбек Теңизбай Бишкектеги №1 тергөө абагына эки айга камалды. Атайын кызмат ал социалдык тармакта белгилүү бир улутка каршы жеке кастыгын билдирген провокациялык билдирүүлөрдү системалуу түрдө жарыялап келгенин кабарлады. Теңизбай айыпка макул эмес.
Түндүк-түштүк альтернативдик жолун салуу иштери жүрүп жатканда ток тартып эки буту, эки колунан ажырап калган 27 жаштагы Алмаз Курманкулов кыргыз бийлигине кайрылууда.
Кыргызстандыктар Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо үчүн добуш берүүдө. Эл жаңы парламентке кандай депутаттар келсе дейт? Жаңы парламенттен эмне күтөт? Бул суроолор менен “Азаттыктын” кабарчысы Ысык-Көлдүн тургундарына кайрылды.
Бишкектеги Бангладеш жарандары кыргыз бийлигинен жардам сурашты. "Азаттыкка" кайрылган 20дан ашык Бангладештин жарандары соңку учурда убада кылынган айлыгын ала албай, ачка цехтин ичинде жашап жатышканын айтышууда.
Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин бийликке кайрылуусунан кийин саясий айдыңда талкуулар кызыды. Мунун артынан эле өлкөнүн мурдагы премьер-министрлери билдирүүлөрүн жарыялады.
Бишкек шаардык соту активист, Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаевдин үч жылдык пробация жазасын күчүндө калтырды. Карабаев айрым кылмыш иштери боюнча илимий экспертиза жүргүзгөн кызматкерлердин бири болчу.
6-ноябрда Вашингтондо өтө турган "АКШ - Борбор Азия" C5+1 саммити чөлкөмдөгү геосаясий жана экономикалык алакаларды талкуулоого багытталган.
Москвада "Сахарово" миграциялык борборунда ушу тапта 160 кыргызстандык кармалып турат. Кыргызстандын акыйкатчысынын орун басары Айчүрөк Назаралиева жакында аталган мекемеге барып, алардан кабар алган. "Азаттык" аны кепке тартты.
Кыргызстанда өлүм жазасы боюнча коомдук талкуунун мөөнөтү аяктап жатат. Путин "Буревестник" канаттуу ракетасы кезектеги сыноодон өткөнүн айтты. Жоомарт Карабаев сотто суракка алынып, күнөөсүз экенин айтты. Бишкек шаарынын жаңы башкы планынын долбоору жарыяланды.
Бишкек шаардык соту "Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбековду, партиянын мүчөлөрү Ирина Карамушкинаны жана Роза Түрксеверди күнөөлүү деп таап, пробация менен абактан бошоткон райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.
Ички иштер министрлиги Ак-Ордо конушунда эки адамдын өлүмүнө шектүү кармалганын, буга байланыштуу алдын ала бардык далилдер чогултулганын маалымдады.
Караколдо классташ кызына кол көтөргөн окуучунун окуясы боюнча териштирүү башталганын Ысык-Көлдүн жетекчилиги билдирди. Ал эми окуя болгон №2 Байсары уулу Кыдыр аке атындагы орто мектептин директоруна, класстан тышкаркы иштерди уюштуруучусуна жана социалдык педагогуна сөгүш берилди.
Дагы жүктөңүз