“Ата Мекен” фракциясы учактардын күйүүчү майларына акциздик салык киргизүү маселесин талкууга алууда.
Саясат таанучу Марс Сариев быйыл Кыргызстанда саясий-экономикалык абал аябай татаалдашып кетиши мүмкүн деп боолголойт.
Кыргызстанда акыркы бир жылда эле азык-түлүк баалары акырындап кымбаттап отуруп, кыйла өсүп кетти.
Энергетика тармагындагы кырсыктан улам ишембинин кечинде ордо калаанын жана өлкөнүн бир топ аймактары электр кубатысыз калды.
Ыйсанын туулган күнүн бүгүн православдар эле эмес, айрым тарса кыргыздар да белгилөөдө.
4-январда үч милиция кызматкерине ок аткан деген шек менен УКМК издөө салган алты адам ким?
“4-январда милиция кызматкерлерине динге жамынган топтордун мүчөлөрү кол салган”,-деп билдирди ички иштер министри Зарылбек Рысалиев.
Кышында колу-бутун үшүккө алдыргандар арбып, электр кубатын артыкбаш урунуудан улам айрым аймактарда электр станциялары иштен чыга баштады.
“Адилет” укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова Курманбек Бакиев баштаган мурдагы төбөлдөрдү Интерпол издөөдөн баш тартканын жарыялады.
Жаңы жыл тосуу тынч өтүп, олуттуу мыйзам бузуулар катталган жок. Ош шаарында болсо тыюу салынганына карабай тарсылдактар атылды.
Көгүлтүр оттун баасын тактоо боюнча Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы сүйлөшүүлөр жаңы жылдан кийин уланмай болду.
30-декабрда бир катар ишкерлер жаңы өкмөттү жана Жогорку Кеңешти бизнес чөйрөсүнө көңүл бурууга чакырган билдирүү таратты.
Июнь окуясын иликтеген Улуттук комиссиянын корутундусу президент менен парламент кароосуна жөнөтүлгөнү турат.
Парламенттик көпчүлүккө кирген фракциялардын келечеги көп ишеним жаратпай тургандыгын “Перспектива” аналитикалык консорциумунун жетекчиси Валентин Богатырев “Азаттыкка” курган маегинде билдирди.
Түштүктө орун алган окуяларды иликтөө боюнча эл аралык комиссиянын төрагасы Киммо Килюнен иликтөөнүн жыйынтыгы февралда чыгарын айтты.
Июнда Ош жана Жалал-Абадда болгон окуяларды иликтөө боюнча эл аралык комиссия өз жыйынтыгын февраль айында жарыя кылат.
Интернет аркылуу маалымат гана албастан акча табууга да мүмкүн. Мындай мүмкүнчүлүктү азыр айрым кыргыз жаштары да колдоно баштады.
12-декабрь залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү. Калемдештери жазуучунун жоктугу Кыргызстанга абдан сезилип жатканын белгилешүүдө.
“M-Вектор” консалтинг агенттигинин иликтөөсү боюнча Кыргызстанда жарандардын 77 пайыздан ашыгы өлкөдөгү коррупциянын деңгээли жогору деп баалашат.
65 өлкөдөгү окуучуларынын билим деңгээлин иликтөөгө алган PISA эл аралык борбору Кыргызстанда мектеп окуучуларынын билим сапаты эң төмөн деген жыйынтык жарыялады.
Дагы жүктөңүз