Кыргызстан борбордук шайлоо комиссиясы кыйыр үгүт камтылганы айтылган көрнөк-жарнактарга кандай чара колдонорун билбей жатат.
1991-жылы Кыргызстандын башкалардан озунуп эртерээк эгемендикке жетишине ошол кездеги Мамлекеттик телерадиокомитетти жетектеген Сатыбалды Жээнбековдун салымы чоң болгон.
Президенттикке талапкерлер мамлекеттик тил боюнча сынактан 8-сентябрдан тарта өтө баштайт.
Мурдагы президенттин бир тууганы Жаныш Бакиевдин эки уулу - Нурсултан менен Асылбек Салиевдер кыргыз-казак чегинде кармалганы кабарланууда.
Кыргызстанда жаңы окуу жылы башталды. Ата-энелер балдарына дүкөндөрдөн китеп издеп, кымбат баада сатып берүүгө аргасыз.
Бүгүн Кыргызстанда Орозо айт. Муфтият айт болоорун чукул жарыялашы элдин көбүн түйшүккө салганы айтылууда.
29-августта Бишкекте биринчи жолу сыналгы аркылуу окуучуларга билим берген “Алиппе ТВ” аттуу канал ачылды.
27-августта 17 шаардын мэрлерин шайлоо өтүп, 4 шаарда мэр шайланбай калды. Талас мэрин шайлоо нааразылыктар менен коштолду.
Кыргызстандын 17 шаарында өтчү шаар башчыларын шайлоо да "шайтан оюндар" менен коштолуусу мүмкүндүгү айтылууда.
Кыргызстанда жашаган улуттардын өлкөдөн биротоло чыгып кетүүсүн токтотуу үчүн кечээ “Мен калам!” деген долбоор ишке киришти. Уюштуруучулар бул долбоор “көчмөндөр агымын” азайтаарына үмүттөнөт.
Орусиянын отставкадагы бир милиция кызматкери журналист Анна Политковскаянын өлүмүнө байланыштуу камакка алынды. Подполковник Дмитрий Павлюченков шейшемби күнү кармалып, Чеченстандагы адам укуктарынын бузулушу жөнүндө ачык айтып, Кремлди дайыма сынга алып келген журналисттин 2006-жылдын октябрь айындагы өлүмүн уюштурду деп шектелүүдө.
Президенттик шайлоону утурлай уюшма кылмыш топторго каршы күрөштүн экинчи этабы башталат – деп жар салды ички иштер министри Зарылбек Рысалиев.
Мигранттар шайлоо жөнүндө жаңы мыйзам сырттагы кыргыз жарандарынын укугун басмырлайт деп нааразы.
Бул жолку шайлоодо президенттикке талапкерлер чет өлкөлүк бийик даражалуу адамдар менен түшкөн сүрөт, видеолорун үгүт иштеринде колдоно албайт.
Кыргызстандык 26 жаштагы Тилек Мамутов интернет дүйнөсүндөгү гиганттардын бири - Google компаниясында иштегенине төрт жыл болуп калды.
Бишкектеги Тез жардам берүү кызматынын бөлүм башчысы Болот Абдылдаев ысык аба ырайынын кесепети, андан сактануунун жолдору жөнүндө кеп салды.
Кыргызстанда беш жашка чейинки балдар арасындагы өлүмдүн 22 пайызы тамак-аш жетишсиздигинен келип чыгууда. Бул тууралуу ЮНИСЕФ жана Дүйнөлүк банк биргелешип, июнь айынын акырында чыгарган жаңы баяндамада айтылат.
Ысык-Көлдүн Бостери айылында 4-июлда болгон чуулгандуу окуядан кийин абал тынч, бирок күнөөлүүлөр аныктала элек.
“Мекен шейиттери” коомдук бирикмеси апрель соту жөнсүз создугуп жатканын билдирип чыкты.
Июнь коогалаңын иликтеген эл аралык комиссиянын төрагасы Киммо Килюнен Кыргызстанга келүүгө даяр экенин билдирди.
Дагы жүктөңүз