Кыргызстандын түштүк аймактарында чек аралардагы жаңжалдарды алдын алуучу иш-чаралар өтүп жатат.
Кыргызстанда соңку тогуз айда эле экстремизмдин белгилери бар 114 факт катталды.
Бүгүн Ош шаарынын күнү белгиленүүдө. Буга карата шаар мэри Мелис Мырзакматовду сөзгө тарттык.
Жогорку Кеңеш кумарканаларга тыюу салган мыйзамды кабыл алгандан бери бул тармак эми көмүскөгө кетет деген тынчсыздануулар чыга баштады.
Бүгүн Жогорку Кеңештин эл аралык иштер жана парламенттер аралык кызматташтык боюнча комитети кыргыз элчилеринин отчетторун угат.
Ошто өзбек мектептерин кыргыз тилинде окутуу демилгеси боюнча “Интербилим” борборунун аймактагы өкүлү Гүлгаакы Мамасалиева ой бөлүшөт.
Кыргызстандын Жогорку Кеңеши БШК каттоодон баш тарткан тогуз талапкердин шайлоого катышуу укугун кайра калыбына келтирүү токтомун кабыл алды.
29-сентябрда Кыргызстандын Жогорку Соту БШКнын көзөмөл арызын четке кагып, жарыштан четтетилген беш талапкердин пайдасына чечим кабыл алды.
Бейөкмөт уюмдар коалициясы шайлоо алдындагы байкоолорунун алгачкы жыйынтыгын жарыялап, коопсуздук жагынан тынчсыздануу бар экенин жар салды.
Президенттик шайлоону утурлай “Мен тандайм!” аттуу маалыматтык кампания ишке киришти. Ал арада каттоодон өтпөй калган талапкерлер Жогорку Кеңешке кайрылып, Боршайкомдун аракетине баа берүү талабын койгону турушат.
23-сентябрда президенттикке талапкерлердин мамлекеттик тил боюнча акыркы сынагы өттү. А.Атамбаев алдыңкы күндөрү кызматын өткөрөрүн жар салды.
БШК айрым талапкерлерди мамлекеттик тил сынагына киргизген жок. Сынакка катышам деп келген Үмөталиева менен Түлеевдин аракетинен майнап чыкпады.
Президенттикке талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктаарына аз убакыт калганда жарыштан четтетилген талапкерлердин БШКга нааразылыгы күчөдү.
20-сентябрда алгачкы эки талапкер: Камчыбек Ташиев менен Адахан Мадумаров расмий түрдө каттоодон өттү.
Кыргызстанда президенттик шайлоо жакындаган сайын талапкерлердин көпчүлүгү интернеттеги социалдык түйүндөрдү активдүү колдонууга өтүштү. Ал түгүл айрым талапкерлер атайын адистерди жалдашып, Фейсбук, Твиттер өңдүү социалдык түйүндөрдө натыйжалуу үгүт жүргүзүүнү колго алууда.
Шайлоо өнөктүгүнө көз салуу үчүн ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун байкоочулар миссиясы Кыргызстанга келди.
“Ар-намыстын” өкүлдөрү дале мунасага келе элек. Партиянын өкүлдөрү курултай өткөрүп, үч депутатты партиянын катарынан чыгарууну чечишти.
Парламенттик оппозиция депутаттарды шайлоо алдындагы үгүт иштерине катыштыруу демилгесин көтөрүүдө. “Ата Мекен” фракциясынын айрым мүчөлөрү президенттик шайлоого чейин мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү көздөшүүдө.
Кыргызстанда кыйноо фактыларын азайтуу үчүн жабык мекемелерди туруктуу текшерүүгө ала турган улуттук борбор түзүлгөнү турат.
Өзбекстан Кыргызстанга бере турган газдын баасын жыл башынан бери 24 пайызга көтөрүп, азыр анын миң куб метри 278 долларга чыкты.
Дагы жүктөңүз