2-ноябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибеков президенттикке талапкерлер менен сүйлөшүүлөрдү улантты.
Кыргызстанда президенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбаган бир катар талапкерлер сотко кайрылууну көздөп жатышат. Алар жер-жерлердеги мыйзам бузуулар боюнча конкреттүү фактылар бар экенин айтууда.
Президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча, шайлоочулардын эң көп добушун Алмазбек Атамбаев алып, 50 пайыздык тоскоолдуктан өттү.
Бардык добуш берүү бекеттеринде шайлоо камылгалары аяктап баратат. Кошумча бюллетендер да аймактык шайлоо комиссияларына бөлүштүрүлүп бүттү.
27-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы үч талапкердин каттоосун жокко чыгарды. Ал арада шайлоочулардын жаңыланган тизмеси белгилүү болду.
26-октябрга карата Кыргызстандагы шайлоочулардын саны 3 миллионго жеткени, 4 миңдей жаран экиден көп жерде тизмеге кирип алганы маалым болду.
Шайлоо мезгилинде жана андан кийин деструктивдүү күчтөрдүн аракетине жол берилбей турганын ички иштер министри Зарылбек Рысалиев билдирди.
Үгүт иши аяктарына беш күн калганда административдик ресурска каршы күрөшөбүз деген ураан астында 8 талапкер меморандумга кол койду.
21-октябрда айрым укук коргоочулар шайлоо алдында улуттук азчылыктардын өкүлдөрүн коркутуп, үркүтүү аракеттери катталганын жар салышты.
Шайлоо алдындагы үгүт иштеринин жүрүшүндө 17 мыйзам бузуу катталды. Ал арада Мадумаровдун жактоочусу сабалганы кабарланды.
19-октябрда Бишкекте "Көз карандысыз Кыргызстандын калыптанышындагы парламенттин ролу" аттуу эл аралык конференция өттү.
Коомдук телеканалда башталган талапкерлердин теледебаттары коомчулукта жана интернеттеги социалдык түйүндөрдө кызуу талкуу жаратууда.
17-октябрда Боршайком төрагасы кыргыз тилдүү басылмаларга кайрылып, шайлоо өнөктүгүн чагылдырууда этият болууга чакырды.
Президенттик шайлоого жарым ай калганда шайлоочулардын тизмесин тактоо иши маселе жаратууда.
Апта башынан бери президенттик жарыштан 4 талапкер өз ыктыяры менен баш тартты. Бүгүн БШК алардын үчөөсүнүн арызын канааттандырды.
“Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы жер-жерлерде айрым талапкерлердин үгүт материалдары өрттөлгөн учурлар катталганын жар салды.
11-октябрда Кыргызстандагы “Таза шайлоо” ассоциациясы жер-жерлерде шайлоочуларды мажбурлап, тизмеге киргизүү аракети жүрүп жатканын жарыя кылды.
Күрөшүп жатып президенттик шайлоого катышуу укугун алган Нариман Түлеев 10-октябрда талапкерлигинен өзү ыктыяры менен баш тартты.
Кыргызстан муфтияты шайлоо алдында чагымчыл аракеттер күчөгөнүн билдирип, мусулмандарды мындай аракеттерге алдырбоого чакырды.
Кыргызстанда өспүрүм балдарды зордуктаган учурлар, башкача айтканда бачабаздыкка (педофилизм) кабылган балдардын саны өсүүдө.
Дагы жүктөңүз