Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары Тышкы иштер министрлигиндеги кадр саясатын сынга алып, туугандарды кызматка алуу күч алганын билдирип чыгышты.
Бакиевдин бийлиги тушунда лицензия берилген Иштамберди кенин учурда кытайлык компания иштетип, бул кенден Кыргызстан казынасына салыктан башка пайда түшпөчүдөй. Тек гана 50 чакырым жолду салып берүү жагын компания мойнуна алган.
850 млн. доллар пайда алып келери айтылган Андаш кенинде компания менен жергиликтүү тургундар ортосунда мунаса табылбаганы үчүн иш токтоп турат.
Кыргызстанда Кумтөрдөн кийинки эле эң ири алтын кени саналган Жерүй ондогон жылдарга созулган аракеттерге карабастан токтоп турат.
Өткөн аптада дүйнөдө Эл аралык толеранттуулук күнү белгиленди. "Арай көз чарай" талкуусу сабырдуулук темасына арналды.
Цыгандар ырдагандай ырдап, бийлегендей бийлеш үчүн үйрөнүү же окуу жетишсиз. Ал үчүн цыган болуп гана төрөлүп, цыган катары жашоо керек. Мындай пикирди бул элдин маданиятын изилдеген дээрлик бардык окумуштуулар белгилеп келишет.
Шайлоо өнөктүгү маалында ЖМКда плюрализм орун алып, ошол эле кезде каралоо жана аймактык араздашууну козуткан материалдарга басым жасалды.
“Азаттыктын” “Арай көз чарай” талкуусу ВИЧ инфекциясына кабылган ымыркайлар жана алардын энелеринин талаптарына арналды.
Кыргызстанда учурда алтын кендерин иштетүү жана казууга берилген 161 лицензия күчүндө. Алардын 80 пайыздайы чет өлкөлүк компаниялардын колунда.
Кыргызстандагы кургак учук боюнча соңку абал тууралуу Улуттук Фтизиатрия борборунун жетекчиси Автандил Алишеров “Азаттыкка” маек курду.
Мурдагы президенттер Акаев менен Бакиевден "экс-президент" макамын алып салуу демилгеси көтөрүлдү.
Ош, Жалал-Абад шаарларынын калыбына келтирүү боюнча мамдирекциянын жетекчиси Жантөрө Сатыбалдиев июнь коогасында жапа чеккендерди үй менен камсыз кылуу иштери жөнүндө кеп салат.
“Кумтөр” алтын кенин иштеткен “Центерра голд инк” компаниясынын вице-президенттик кызматы үчүн Кыргызстандын атынан үч талапкер ат салышып жатат.
Бүгүн дүйнөдө расизм, фашизм жана антисемитизмге каршы эл аралык күн белгиленүүдө. 1938-жылы ушул күнү Германияда жөөттөр кызыл кыргынга туш болгон
“Джеймстаун” фонду Орусия Кыргызстандагы президенттик шайлоодо жеңген талапкерге Канттагы аба базанын мөөнөтүн 49 жылга узартуу шартын коюп жатканын жазып чыкты.
Кыргызстандын кышка даярдыгы тууралуу Энергетика министринин орун басары Автандил Калмамбетов “Азаттыкка” маек курду.
Маалымат жана басма сөз күнүн утурлай серепчи Илим Карыпбеков өлкөдөгү сөз эркиндигинин абалы тууралуу суроолорго жооп берди.
Орусиянын Санкт-Петербург шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын саммити өтүүдө.
Жогорку Кеңештин айрым депутаттары Оштун Чоң-Алай районунан Тажикстанды көздөй кара май аткезчилигинин жаңы жолу пайда болгонун билдирип чыгышты.
Президенттик жарышта үчүнчү орунга чыгып, шайлоонун жыйынтыгын тааныбай жаткан Камчыбек Ташиев нааразылык акцияларды уюштуруудан баш тартты.
Дагы жүктөңүз