Белгилүү шоумен, тележурналист, алып баруучу Бакыт Букаев киши колдуу болгонуна эки аптадан ашты. Бирок “китебиңизди кармап алып ыйлап отурам” деп жазган социалдык тармактагы күйөрмандарынын жашы кургай элек.
Кюстендил Болгариянын түштүк-батышы тарабындагы аймакка кирет. Борбору Софиядан 85 чакырым аралыкта жайгашкан бул шаар тоолуу Кыргызстандын кооз жерлерин эске салып кетет экен. Кошунасы Серб мамлекети. Улагалаш эл арасында жер талаш маселеси дайым болуп келген эмеспи. Биздин заманга чейинки бешинчи кылымдарда түзүлгөн байыркы шаардын жер-шарты чын эле жашоого ыңгайлуу. XIV кылымда бул жер үчүн сербиялыктар менен согушканы, Осмон империясы учурунда алгач эле бутага алынган аймак болгону бекер эмес окшойт.
Кыргыздын таланттуу уулдарынын бири, Кыргыз эл артисти, белгилүү обончу Апаз Жайнаков дүйнө салды.
Маркум акын Тургунбай Эргешовдун 1976-жылы жазылган ыр дептери табылды.
Ушул жылдын 12-сентябрында кылымда бир келчү талант Рыспай Абдыкадыровдон айрылганыбызга 19 жыл толду.
Таланттуу обончу, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Жеңишбек Шамшиев быйыл 68 жашка чыкмак.
12-июлда Чехиянын борборунда Сүйөркул Дооров менен Сансыз Мирзираимовдун сүрөт көргөзмөсү ачылды. Ток боектор, эки башка нуктагы, ошол эле маалда бир мезгилдин ыргагына үндөшкөн көргөзмө "Мезгил жаңырыгы" деп аталып, коюлган эмгектер чакан залды өзгөчө түскө бөлөдү.
Түркияда иштеген дарыгер мекендешибиз Эркин Орозакунов адамдын өпкө, боорун башка денеге көчүрүү операцияларын жасайт.
Орусиялыктар тарткан “Кухня” сериалында Айнура аттуу каармандын ролун жараткан жердешибиз Жаңыл Асанбекова Москвада жашайт.
Союз убагында кыздар арасында пахтачылык бригадасын түзүп, жашоодо активдүү болууга жол көрсөткөн, кыргыз элине таанымал акын Азада Бегимкулованын өмүрү, чыгармачылыгы, өксүгү, өмүрүнүн аздыгы тууралуу баян.
Он тогуз жаштагы Бегимай Жапар кызы АКШ армиясындагы тартип, тарбия жана өзгөчө мыйзамы, өз кызматы тууралуу айтып берди.
Кыргыз сахнасында 2004-жылдан бери жаңырып келген "Сүйүү ыры" чыгармасынын жаралыш тарыхы.
Андан бери үч жылдын жүзү болду. Жердешибиз Чолпон катуу ооруп жыгылды деп уккан элек. Колдон келген жардамыбызды берип, операциясы ийгиликтүү аяктаса экен, бутуна туруп кетсе экен деген тилек кылганбыз. А бирок...
Бүгүн кыргыздын таланттуу уулу Болот Миңжылкиевдин туулган күнү. Ал тирүү болгондо 73 жашка толмок. Прага шаарында орус маданият үйүндө кыргыздын уулу, СССР эл артисти, Ленин сыйлыгынын ээси, атактуу опера ырчысы Болот Миңжылкиевди эскерүү кечеси өттү.
Мекенден алыс туруп, өз элине эмгек сиңирсе болорун жердешибиз Вера Осмонкулова да далилдеди. 2002-жылдан бери Германияда жашаган музыкант кыргыз кайрыктарын классикага айлантып, өзгөчө жүз берип келет.
23-февраль - Мекенди коргоо күнү. Глобалдашкан доорду өздөштүргөн кыргыз жигиттери алыскы чет жерлерде да аскердик милдетин өтөшүүдө.