Сыртына “Даңаза” деп жазылган бул дептерди акындын жердеши Рысбек Маткасымов 37 жыл бою сары майдай сактаган. Өткөндө “Обон” гезитинен “Тургунбай Эргешовдун дептерлерине издөө салынат” деген жарыяны окуган соң редакцияга чалган.
- 1976-жыл болчу. Фрунзеде (азыркы Бишкек) окуган каракулжалык жердештер өз ара жолугуп турчубуз. Тургунбай аке ооруканадан жаңы чыккандыктан, сыйлап койолу деп “Соң-Көл” ресторанына чакыргам. Ал киши жазган ырларын жатка билет экен. Айтып берип, көпкө отурдук. Анан дептерин “сенде боло турсун” деп калтырып кеткен. Ошол бойдон жолукпай калдык. Окууну бүткөндөн кийин мен айылга кеттим. Дептерди берейин деп канча аракет кылдым. Моюнума карыз болбосун деген ой менен гезиттерге да жарыялап көрдүм. Бирок эч ким издеп келбеди да.
Ушул жылы Тургунбай Эргешовдун “Сүйүнчү” аттуу ыр жыйнагы жарык көрдү. Акындын ырларын уулу Уранбек чогулутуп жүрүп жыйнаган. Анын айтымында, Тургунбай Эргешовдун дагы көп ырлары элдин колунда:
- Тукем айылга колу сынып барганда 1700дөн ашык ырым бар деп айткан экен. “Сүйүнчүдөгү” ырларын деле эл арасынан ушинтип чогултуп алдык да.
Оңой бекен, ооруп жатып сагынуу.
Ойноп-күлүп жүрөсүңбү сары уулум?
Жетилгенде желең болсун Ата Журт,
Аргымакты туурап өскүн кулунум!
Бул ырды акын тун уулу Машайыкка арнап жазган экен. Атадан калган белекти көкүрөгүндө тумардай сактап жүрөт. Ал 4-класска барган кезинде атасынан айрылганын минтип эскерет:
- Менин көз алдымда калган көп нерселер эле кийин жоголуп кетти да. Ошол өлөрүнө жакын “Перзент” деп ырлар жыйнагын түзүп, басмаканага берген экен. Азыр ошонун дайынын таппай атабыз. Жазуучулар Союзунун поэзия жагын тейлеген катчы бар эле, ошол билет дешкен. Ага барышым керек. Кийин дагы бирөө “менде атаңдын калың дептери бар” деп айткан. Бирок иним Уран чалса жооп бербей коюптур. Ошентип көп эле топтолуп атат. Баарын чогултабыз. Кимге беришин билбей жүргөндөр да бар болсо керек.
Өмүрдө өксүп өткөнүм,
Өзөккө өрттү төккөнүм.
Эзилип жүрөт жүрөгүм да,
Эсиме түшүп өткөнүм, - деген ырларды жазган Тургунбай Эргешов 1948-жылы Кара-Кулжа районундагы Буйга кыштагында төрөлгөн. Көзүн көргөндөр турган жеринде оозунан ыр куюлган адам эле деп айтышат. Жазган ырлары эртеби-кечпи басылып калаар деген үмүт менен дос-тууганга калтыра берчү экен. Бирок ага тирүүсүндө бир дагы китебин басмадан чыгаруу бактысы буюрубаптыр.
Акын 1983-жылы, 34 жаш курагында узакка созулган оорудан кийин дүйнө салган. Көз жумгандан 10 жыл өткөндөн кийин алгачкы жыйнагы топтолуп, “Өлбөгөн жанга жаз келер” деген ат менен жарык көргөн. Экинчи жыйнагы 2002-жылы “Булбулдардын тукуму аз” деген аталышта чыкса, быйыл "Сүйүнчүсү" басылып күйөрмандарын сүйүнүчкө бөлөдү.