"Азаттыктын" Бишкектеги журналисти.
Акыркы кездерде Бишкек шаарында жолбун иттердин көбөйгөнү айтылууда. Шаар тургундары көчө иттердин эми адамдарга, айрыкча аялдарга жана балдарга асыла баштаганын айтып, кооптонушууда.
Он беш жылдан бери китепканаларга мамлекеттен колдоо көрсөтүлбөй, андагы китептердин 60-80 пайызынын эскилиги жеткен. Китепканачылар азыркы тапта мамлекеттик колдоого өтө муктаж экенин айтып жатышат.
Кыргызстан өзбек газын буга чейин миң куб метрин 145 доллардан алып келген болсо, жаңы жылдан бул баа 300 долларга чыгаары күтүлүүдө. Бирок бул тууралуу сүйлөшүүлөр азырынча аягына чыга элек.
Статистикалык маалымат боюнча үй-бүлөсүн таштап чет жерде иштеп жүргөн мекендештердин саны 40 миңден ашуун. Эл аралык миграция уюму кыргызстандык мигранттардын саны миллионго жетерин айтып келет.