“Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.
Мурунку биринчи вице-премьер-министр милдетин аткаруучу Данияр Үсөнов эл аралык «Либерман» аттуу юридикалык компаниясына берген 500 миң долларын өндүрүп берүүнү өтүнүп башкы прокуратурага кайрылгандыгы тууралуу өткөн жумада айрым маалымат каражаттары жазып чыгышкан. Бирок, бул маалыматты башкы прокуратура төгүнгө чыгарууда. Саясатчылар болсо, «Либерман» компаниясы менен кыргыз өкмөтүнүн түзгөн келишими чала түзүлүп калгандыгын айтып жатышат.
Вице-премьер-министр Адахан Мадумаров 13-декабрда «Пирамида» телерадиокомпаниясын талашып жаткан тараптар менен жолугушту. Анда вице премьер-министр бул чатакка президенттин эч кандай тиешеси жок экендигин билдирди. Жолугушууда «Пирамиданын» айланасындагы чырды башынан тарта, өткөн жылы компаниянын 50% акциясы «Ареопаг-Бишкек» компаниясынын колуна өткөндөн тартып иликтөө зарылчылыгы да белгиленди.
Президент Курманбек Бакиев мамлекеттин карамагында болуп келген «Кыргыз туусу», «Слово Кыргызстана» гезиттерин жана облустук басылмаларды акционерлештирүү боюнча жарлыкка Өткөн жумада кол койду. Анда айтылгандай, бул кадам мамлекеттик маалымат каражаттарынын коомчулуктагы ролун жогорулатуу максатында жасалган жана гезиттердин окуяларды калыс чагылдыруусуна шарт түзмөкчү. Бирок, басылмаларды акционерлештирүү кандай негизде ишке ашаары белгисиз бойдон калууда.
11-декабрда саясий партиялардын өкүлдөрү жана ишкерлер Конституциялык реформа боюнча тегерек үстөл талкуусун өткөрүштү. Анда мамлекеттик башкаруу системасын өзгөртүүнү, парламенттик шайлоону партиялык тизме менен жүргүзүүнү Баш мыйзамдын долбооруна киргизүү тууралуу сөз болуп, мыйзам долбоорун талкуулоону 24-январга чейин жылдыруу тууралуу сунуш кабыл алынды.
«Пирамида» телерадиокомпаниясынын төбөсүнө үйүлгөн кара булут дагы деле таркай элек. Белгисиз адамдар 9-декабрь күнү күндүзгү саат үчтөн өтүп калган мезгилде жана түнкү саат 12ге жакын телекомпанияга күч менен кирүүгө аракет кылышкан. Компания жетекчилиги «Пирамидага» жаңы бийликтин өкүлдөрү ээлик кылууну каалап жатышат деп билдиришүүдө.
Кыргызстанда 2006-жылы саламаттык сактоо, билим берүү жана социалдык тармактын кызматкерлеринин эмгек акылары жогорулайт. Ошондой эле жаңы жылдан тарта жаңы салык кодексинин долбоору Жогорку Кеңешке сунушталмакчы. Бул жөнүндө 8-декабрь күнү Экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров билдирди.
7-декабрь күнү Бишкекте «Кыргызстандын экономикасын көтөрөлү» деп аталган жыйын болуп өттү. Жыйын эл аралык ишкерлер кеңеши тарабынан уюштурулуп, ага эл аралык банктардын, компаниялардын жетекчилери, ишкерлер, бир нече өлкөлөрдүн элчилери жана премьер-министр Ф.Кулов катышты. Анда негизинен Кыргызстандын экономикасын көтөрүү үчүн жасалып жаткан иштер, чет мамлекеттик кызмат, маалымат алуунун эркиндиги, коррупцияга каршы күрөш тууралуу сөз болду.
5-декабрь күнкү отурумда Жогорку кеңеш эсеп палатасынын аудиторлорун шайлоону баштады. Эсеп палатасындагы 7 орунга жалпы 68 талапкерден арыз түшкөн. Гендерлик саясат тууралуу мыйзам боюнча, шайлануучу аудиторлордун 30% бөлөк жыныстан болууга тийиш. Жума күнкү отурумда депутаттар 7 орундун үчөөнү аялдарга берүүнү макулдашышкан.
4-декабрь күнү Казакстанда өтүп жаткан президенттик шайлоого Кыргызстандагы казак жарандар да салымын кошуп жатышат. Казакстандын элчилигинен алынган маалымат боюнча, күндүзгү саат үчкө чейин Кыргызстанда консулдук каттоодо турган 155 казак жаранынын 80% шайлоого келип, өз добуштарын берип кетишти.
2-декабрь күнү Кыргызстандын Жогорку Кеңеши Тынычбек Акматбаевдин өлүмүнө байланыштуу депутаттык комиссиянын ишине байланыштуу атайын токтом кабыл алды. Ошондой эле бул күнү 1-вице премьер-министрлик орунга Медетбек Керимкуловдун талапкерлигин бекитти. Добуш берүү жашыруун түрдө болду.
Мындан 45 жыл мурда 25-ноябрь күнү Доминикан Республикасынын саясий активисттери, бир тууган эже-сиңдилер Патрия, Минерва жана Мария тереза Мирабальдар жырткычтык менен өлтүрүлүшкөн. 1981-жылы Перулук феминистка Энкуентро бул күндү гендердик теңсиздикке каршы күн катары белгилөөнү сунуш кылган. Ал эми 1999-жылы БУУнун башкы ассамблеясы тарабынан 25-ноябрь аялдарга карата зомбулукка каршы эл аралык күн, деп жарыяланган. Кыргызстанда да дээрлик он жылдан бери бул күн - гендердик теңсиздикке каршы күн катары белгиленип келүүдө.
Үстбүздөгү жылдын март айынан бери өкмөт аппаратына Жогорку Кеңештин депутаттарынан 400 гө жакын суроо-талап келип түшкөн. Мындан тышкары министрликтерге жана аткаруу бийликтерине да эл өкүлдөрү тарабынан көп сандаган кайрылуулар болот. Бирок көпчүлүк учурда мындай кайрылуулар жоопсуз калат. Бул маселе 23-ноябрдагы өкмөттүк жыйында көтөрүлдү.
Баш прокурор Камбаралы Конгантиев 21-ноябрда өткөн Коопсуздук кеңешинде нааразылык акцияларын жана сөз эркиндигин чектөө боюнча сунуш киргизген. Анын буга чейин пикет, митинг жана жөө жүрүш сыяктуу нааразылык акцияларын уюштурууга бир жылдык мораторий жарыялоо тууралуу сунуш киргизгендиги белгилүү. Баш прокурордун мындай кадамдары саясатчылардын жана жарандык коом өкүлдөрүнүн арасында терс пикирлерди жаратты.
21-ноябрь күнү бир жумалык тыныгуудан кийин Жогорку Кеңеш кайрадан кезектеги отурумун баштады. Отурумда Жарандык кодекстин айрым бир беренелерине, Жер жана айыл чарба кодекстерине өзгөртүү киргизүү тууралуу маселелер каралып, депутаттар тарабынан 6 мыйзам долбоору кабыл алынды.
Президент 2006-жылдын 1-кварталында Кызылкыядагы цемент заводунун курулушун баштоо милдетин койду. Түштүккө цемент заводун куруу зарылчылыгы акыркы жылдарда цемент, шифер сыяктуу курулуш материалдарынын кескин кымбаттап кеткендигинен улам келип чыккан. Кызылкыяда цемент өндүрүүгө керектелүүчү чийки зат запасы бар экени Совет мезгилинде эле аныкталган.
16-ноябрь күнү «Белый параход» басылмасынын журналисттер жамааты маалымат жыйынын өткөрүп, орус тилин сактап калуу боюнча коомчулукка кайрылуу жасады. Анда айтылгандай, акыркы убактарда айрым бир саясий партиялар тарабынан орус тилинен расмий тил макамын алып салуу тууралуу көтөрүлүп жаткан маселе туура эмес. Орус тилин мындай жол менен кысымга алуу - аягында Кыргызстандын өзүн саясий-экономикалык кыйынчылкка алып келүүсү мүмкүн дешет кайрылуу ээлери. Ошол эле учурда орус тилинен расмий тил макамын алып салуу орус тилдүү элдердин укугун тебелөөгө жатпайт, тескерисинче жок болуп кетүү коркунучунда турган кыргыз тилинин тагдыры үчүн жакшы болот деген пикирлер да жок эмес.
Кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, быйыл кышка даярдык начар. Үстүбүздөгү жылы көмүр казып алуунун көрсөткүчү төмөндөп кеткен. Буга Каракече көмүр кениндеги чыр-чатактар, Ташкөмүр, Кызылкыя шаарларында көмүр казып алуунун азайганы себеп деген жоромолдор бар. Ушундан улам, кышында көмүрдүн баасы кыбматтоосу күтүлүүдө.
Кыргызстандын тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов бүгүн эки күндүк иш сапары менен Орусияга жөнөп кетти. Иш сапардын башкы максаты - орус жана кыргыз мамилесин ар тараптан чыңдоо. Иш сапар мындан сырткары буга чейин Кыргызстандын президенти жана өкмөт башчысы аркылуу орус бийлиги менен түзүлгөн бир катар келишимдердин кандайча ишке ашып жаткандыгын талкуулоого жана Орусиядагы кыргыз мигранттарынын абалы менен жакындан таанышып, алардын көйгөйлөрүн жеңилдетүүгө да багытталган.
«Манас» абамайданынан орун алган антитеррордук күчтөрдүн Ганси авиабазасы боюнча АКШ бийлиги менен кыргыз өкмөтүнүн ортосунда жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн 1-этабы аягына чыкты. Ага ылайык, “Манас” аба майданында жайгашкан Ганси атындагы коалициялык күчтөрдүн базасынын инфраструктурасын пайдалануу боюнча техникалык жана финансылык келишимдерди кайра кароо тууралуу биргелешкен билдирүү жасоого макулдашылды. Ошондой эле кыргыз өкмөтү тарабынан көтөрүлгөн кошумча компенсация тууралуу маселени кароо зарылдыгы белгиленди.
Он күндөн ашуун убакыттан бери Францияда болуп жаткан тополоң кыргызстандыктардын да тынчсыздануусун туудурууда. Азырынча, тополоңдон кыргыз жарандары жабыркаганы тууралуу маалымат жок. Ал эми кыргызстандык айрым саясатчылар Батыш Европада болуп жаткан бул тополоңду социалдык жарылуу катары баалап жатышат.
Дагы жүктөңүз