“Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.
Кочкордогу жана Баткендеги жер титирөөдөн жабыркаган аймактар боюнча 17-январда Жогорку Кеңештин өзгөчө кырдаалдар, токой чарбалар жана экология боюнча комитети кеңейтилген жыйын өткөрдү. Ага өкмөт мүчөлөрү жана Нарын, Баткен облустарынын губернаторлору катышып, кырсыктан жабыркагандарга берилип жаткан жардам тууралуу маалымат беришти. Айрым депутаттар өкмөт жер титирөөдөн жабыркагандарга жакшы көңүл бурбай жатат деп нааразы болушту.
15-январдан тарта орус өкмөтү чет элдик ишкерлерди өлкөдөн чыгара баштайт.Буга ылайык учурда Орусиянын шаарларында соодагерлик кылып жүргөн 200 миңге жакын Кыргызстандык жарандар да ишкерлигин токтотуп, кайра мекенине кайтып келүүгө аргасыз болушат. Ушундан улам көптөгөн кыргызстандыктар кайтып келүүнүн ордуна Орусия жарандыгын алууга аракет жасашууда.
Анжиян коогалаңына байланыштуу мекенинен качып чыгып, Кыргызстанда баш калкалап жүрүшкөн Өзбекстандык качкындардын абалы оор болууда. Аларга айрым эл аралык уюмдар тарабынан берилип келген батир үчүн төлөнүүчү каражат жана жан башына эсептелип берилүүчү тамак-аш берилбей калды. Качкындарга мындай жардам берип келген уюмдардын бири - “Адилет” укуктук клиникасы бул бир жолу гана көрсөтүлүүчү жардам экендигин белгилеп, бирок жаңы жылдан тарта Өзбекстандык качкындарга дагы колдоо болорун билдирүүдө.
Кумтөр алтын кенин иштетип жаткан “Кумтөр голд компани” ишканасы үч жылдык жер салыгын 45 млн сом өлчөмүндө төлөдү. Буга Кыргызстан тарап бир нече жолку соттошуулардан кийин гана жетишкендигин ЖК төрагасынын орун басары Кубанычбек Исабеков бүгүн журналисттерге жарыя кылды. Анын айтуусунда “Кумтөр голд компани” ишканасы менен түзүлгөн бир топ келишимдерди кайра карап чыгуу зарылдыгы бар.
АКШ куралдуу күчтөрүнөн түзүлгөн комиссия “Манас” аба майданында 26-сентябрда болгон эки учактын кагылышуусу боюнча иликтөөнүн жыйынтыгын чыгарды. Анда Кыргызстандын жарандык ТУ-154 учагы менен антитеррордук коалициянын КС-135 май куюучу учагы кокусунан кагылышканы, бирок бул окуянын болушуна Кыргызстандык аба диспетчерлери себепкер экендиги тууралуу айтылган. Бир аз мурдараак бул окуяны иликтөөгө алган Кыргызстандык комиссия бул кырсыктын болуусуна өз мезгилинде учуу тилкесин бошотпой койгон антитеррордук коалициянын учак экипажы айыптуу деген тыянагын чыгарып берген эле.
Кыргызстандын ХИПК программасын кабыл алуусуна каршы чыккан демилге топтун лидерлеринин бири, “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдурасулованын соту кечээ Ленин райондук сотунда башталды. Ага ХИПКке каршы нааразылык акциялары учурунда коомдук тартипти бузуп, бейбаштык кылган деген айып коюлууда. Айрым пикирлер боюнча Абдурасулованы жоопко тартуу саясий буйрук болушу да мүмкүн.
Бүгүн Жогорку Кеңеш ХИПИК программасына кирүү тууралуу маселени кароодон баш тартты. Депутаттар президент, өкмөт башчы келип, ХИПИКке кирүү боюнча келишилген шарттарды айтып беришин талап кылышып, бул маселени кароону бейшембиге калтырышты.
ХИПИК программасына кирүүдөн баш тартуу боюнча жарандык коом тарабынан уюштурулуп жаткан иш-чаралар уланууда. Кечээ, 13 – декабрда Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдар ХИПИКке байланыштуу эл аралык жана жергиликтүү эксперттердин, коомдук ишмерлердин катышуусунда тегерек үстөл өткөрүштү. Кыргызстанды ХИПИК программасына киргизүү шарттары боюнча Дүйнөлүк банктын миссиясы менен кыргыз өкмөтүнүн ортосундагы сүйлөшүүлөр өткөн жумада аяктаган.
Көз карандысыз НТС телеканалынын жетекчиси Бактыгүл Жээнбаеванын үйүн карактоого болгон аракетти айрым саясатчылар атайын кызматтар тарабынан жасалган иш деп баалап, ага саясий мүнөздөмө беришүүдө. Ал эми тартип коргоо органдары бул кадимки эле талап-тоноого жасалган аракет деп айтып жатышат.
7-декабрь күнү Барскоон кырсыгынан жабыркагандар “Кумтөр голд компани” ишканасынын Бишкектеги кеңсесинин алдына пикетке чыгышты. Алар ишкана жетекчилигинен мурда убада кылынган компенсацияны толугу менен төлөп берүүсүн талап кылышууда. Ошол эле учурда кыргыз өкмөтү тарабынан "Кумтөр" алтынын казып алуу боюнча мурда түзүлгөн келишимди кайра карап чыгуу зарылдыгы тууралуу сөздөр болууда.
Базаркоргон районунда “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди депутаттыктан чакыртып алуу боюнча 16 миң шайлоочунун колу жыйналды. Бул жөнүндө кол топтоону уюштурган “Базаркоргон саясий күчтөр” биримдигинин өкүлдөрү расмий билдирүү таркатышты. Ал эми Өмүрбек Текебаевдин жактоочулары чогулган кол аталган шайлоо аймагынын шайлоочуларына таандык эмес экендигин айтып жатышат.
ХИПК программасына каршы нааразылык акциясы бүгүн дагы уланды. Пикет “Кыргызстан ХИПКке киргизилбесин!” деген талап менен 29-ноябрдан бери уланып келе жатат. Кыргыз өкмөтү менен Дүйнөлүк Банктын миссиясы ХИПК программасы боюнча сүйлөшүүлөрдү улантууда.
Бүгүн «Реформа үчүн» кыймылынын лидерлери баштаган нааразылык акциясынын катышуучулары шаардык мэрияга жана КТРдин имаратына чейин жөө жүрүш жасап, бул мекемелердин жетекчилеринин отставкасын талап кылышты. Ошондой эле алар КТРден митинг тууралуу маалыматтарды бурмалабай жеткирүүсүн, түз эфир аркылуу элге кайрылып сүйлөөгө мүмкүнчүлүк берүүнү талап кылышты.
Башкы прокурор Камбаралы Конгантиев кол астындагы кызматкерлерге басма сөз каражаттарына, бейөкмөт уюмдарга жана жөнөкөй жарандарга уруксатсыз маалымат берүүгө тыюу салды. Бул маалыматты кечээ 24.kg агенттиги таратып, баш прокурор буйругуна 19-октябрда эле кол койгонун жарыялады. Камбаралы Конгантиевдин бул аракети маалымат каражаттары жана жарандык коомчулук тарабынан сөз эркиндигин жана маалымат айкындыгын тизгиндөөгө жасалган аракет катары сыпатталууда.
«Экстремисттик маанайдагы материалдарды жарыялаганы үчүн» жазаны күчөтүүнү караштырган бир катар мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору бүгүн Жогорку Кеңеште добушка коюлуп, өткөн жок. Бул долбоор бийликке саясий оппоненттерин куугунтукка алууга жакшы курал болуп берет деген пикирин билдирген айрым депутаттар мыйзам кабыл алынышына каршы турушту.
Кечээ Бишкекте кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын жыйыны аяктады. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча эки тарап Кыргызстан менен Тажикстанды бөлүп турган Чоңалай тоолорунун кыры менен өтө турган чегара сызыктарын жазуу иштерин баштады. Ал эми талаш аймактар боюнча тараптар дагы деле орток пикирге келе алышкан жок.
Бүгүн Жогорку Сот №39 Куршаб шайлоо округундагы талаш боюнча ишти кароону баштады. Биринчи Май райондук соту тарабынан Санжар Кадыралиевди депутат деп таануу тууралуу БШКнын чечими 6-октябрда жокко чыгарылган эле. Буга нааразы болгон Санжар Кадыралиев жана БШК райондук соттун чечимин жокко чыгаруусун өтүнүп, Жогорку Сотко кайрылышкан. Ошол эле учурда аталган сотко Мамат Орозбаев Биринчимай райондук сотунун чечимин күчүндө калтыруу арызы менен кайрылган.
Бүгүн Бишкекте “Реформа үчүн” кыймылына кирген коомдук-саясий уюмдардын демилгеси менен уюштурулуп жаткан улуттук форум өтөт. Ага президент менен премьер-министр да чакырылган. Уюштуруучулардын сөзү боюнча, форум 2-ноябрда болуучу митингдин жана мөөнөтсүз нааразылык акцияларынын алдында бийлик менен оппозициянын бир пикирге келишүүгө жасаган дагы бир жолку аракети болмокчу.
26-сентябрда “Манас” аэропортундагы учактардын кагылышуусу аталган аэропорттон антитеррордук коалициянын авиабазасын четтетүү тууралуу талаптардын кайрадан көтөрүлүшүнө негиз болуп берди. Мындай талап ээлери согуштук авиабаза эларалык “Манас” аэропортунун келечегине залал тийгизет деп эсептешет.
Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиевдин Өзбекстанга жасаган расмий сапары бүгүн аяктады. Ташкенде Курманбек Бакиев менен Ислам Каримов коңшулаш эки мамлекеттин ортосунда экономикалык жактан кызматташуу, террорчулукка каршы биргелешип күрөшүү келишимдерине кол коюшту. Айрым талдоочулар Курманбек Бакиевдин Өзбекстанга жасаган расмий сапары эки өлкөнүн мамилесинин чыңдалышына алып келеби же эки президенттин өз ара алакасынын жакшырышына эле өбөлгө түздүбү деген суроону коюшууда.
Дагы жүктөңүз