“Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.
Президент Курманбек Бакиев баштаган кыргыз делегациясы Санкт-Петербург шаарында өткөн эл аралык экономикалык форумга жана КМШ өлкө башчыларынын бейформал саммитине катышып келди. 7-июнь күнү мамлекет башчы Орусиянын президенти Дмитрий Медведев менен жолугушуп, эки өлкөнүн кызматташтыгынын өнүгүп жаткандыгы тууралуу пикир алышкан. Айрым саясатчылар КМШ өлкөлөрүнүн --> http://www.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2007/08/2EBFC814-A944-4600-828F-40A75EC36A8D.asp биригебиз деген демилгеси куру сөз, ал эми жетекчилердин жолугушуулары көнүмүш гана иш-чара, деп айтышып, КМШга мүчө мамлекеттер өз арбайын гана жакшылап согууга аракет кылып жатышкандыгын айтышат.
Азыркы бийлик эркин массалык маалымат каражаттарына кысымын күчөтүүнүн гана үстүндө келе жатат, деген пикирлер арбын айтыла баштады. Буга кечээ (2-июнда) “Де-факто” жана “Алиби” --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/free_speech/ky/2008/06/4C33F999-19B2-4297-A925-DA83781147A0.ASP эркин гезиттерине сот тарабынан 1 миллион сомдон айыппул салынышы да себеп болууда. Буга карата бүгүн бир катар саясий партиялар жана укук коргоочу уюмдар билдирүү таратышты. Алар март ыңкылабынан кийин келген бийлик сөз эркиндигин муунтуу менен демократиядан беш-алты кадам артка кеткендигин белгилешүүдө.
1-июндан тартып 31-августка чейин электр энергиясын маал-маалы менен өчүрүү токтотулду. Өкмөт мунун себебин жайдын ысык аптабына жана туристтик сезондун башталганына байланыштырууда. Ошол эле учурда Токтогул ГЭСинде --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/05/FCC15A2D-F642-4100-9487-D09CD67734AA.asp суу толбой жаткандыгынан быйылкы кышта энергетикалык кризис болушу күтүлүп жаткандыгын адистер тынчсыздануу менен белгилеп жатышат.
Кыргыз аялдары --> http://www.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/03/45CC78D1-97BF-44DC-9DEE-BD327196A5A3.asp башка чыгыш аялдарына салыштырмалуу коомдо өзүнчө орун ээлеп келишкени белгилүү. Тарых барактарында өткөн замандагы түштүк кыргыздарды кыргынга учуратпай сактап калган Курманжан датка, Кокон хандыгынын ордосунда аздыр-көптүр саясат жүргүзүүгө салым кошкон Жаркынайым тууралуу жазылган. Жергиликтүү серепчилердин айтуусунда, азыркы учурда да Кыргызстанда демократиянын өнүгүшүнө салым кошуп жаткан аялдардын бараандуу салымысыз бүгүнкү Кыргызстандагы саясий турмушту элестетүү мүмкүн эмес.
“Фридом Хаус” (Freedom House) уюмунун Кыргызстан сөз эркиндиги жок өлкөлөрдүн катарында турат, деген бүтүмүн өлкөдөгү журналисттер да кызуу талкууга алып жатышат. Айрым пикир ээлери уюм --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/free_speech/ky/2008/04/D3242A0E-D4E2-4004-885B-8E030F030B1D.asp Кыргызстандагы сөз эркиндигин батышчыл демократиянын жоболору менен карап жатат, бул биз үчүн ылайыксыз, деп эсептешсе, кээ бирөөлөр көз карандысыз электрондук маалымат каражаттарынын жоктугу, телеканалдардын баары бийликтин колуна өткөнү өлкөдө сөз эркиндигинин жоктугу, деп айтышууда.
“Бийлик уюштурган айрым бир чагымчылардын тоскоолдугу менен токтоп калганына карабастан, 26-апрелдеги “Ыйык Ата журтту коргоо үчүн” жүрүшү --> http://www.azattyk.kg/rubrics/politics/ky/2008/04/CF85A8DC-C754-4D7D-A300-6618962A0448.asp алгачкы максатына жетти. Жүрүштү токтотууга түрдүү аракеттерге баруу менен бийлик өз жүзүн, саясатын элге көрсөттү”. Бул тууралуу бүгүн “Акыйкат үчүн” кыймылынын координациялык кеңешинде айтылды. Оппозиция 26-апрелде Түптө жүрүшкө чыккандарга кол салгандарды жазалоо жана мыйзамдуулуктун бузулушун аныктоо талабы менен Башкы прокуратурага кайрылууну көздөөдө.
Бишкек шаардык кеңеши бүгүн кабыл алган чечимге ылайык троллейбус жана чоң автобустарга жол кире --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/society/ky/2008/04/35236C0E-C9B4-40B3-8EC4-B3D872CF712E.ASP 5 сом, чакан автобустарга жол кире 8 сом, кечкисин 10 сом болот. Чечим 1-июндан тарта күчүнө кирет. Шаардык кеңеш ошондой эле 1-майдан тарта борбордогу пенсионерлерге берилип келген жеңилдиктерди акчалай түрдө берүүгө өтүү тууралуу чечимди жактырды.
Бүгүн 24-апрелде КМШ өлкөлөрүнүн айыл чарба жана кайра иштетүү тармактарынын жетекчилери Казакстанда жолугушуп, азык-түлүк коопсуздугу маселесин талкуулашмакчы. Буга чейин Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев Казакстан буудайды --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/04/FB4EC412-E8A3-4BE2-8AC8-1D4982306DDA.asp сыртка чыгаруу боюнча тыюусун Кыргызстанга карата жокко чыгарат, деп билдирген. Айрым адистер бул багытта өкмөттөр аралык келишим түзүлмөйүнчө, буудай, нан маселеси чечилбей кала берерин айтышууда.
Бүгүн Кыргызстандын коммунисттер жана Коммунисттик партиясынын мүчөлөрү Владимир Лениндин Бишкектеги эстелигине гүл коюшуп, туулган күнүнүн 138 жылдыгын белгилешти. Ошол эле жерде “Айкөл Манас жана Сергий Радонежский атындагы фонддун” өкүлдөрү Коммунисттер партиясы менен чогуу америкалык авиабаза --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/security/ky/2008/03/7FACA88E-F430-4898-9962-AAFBDA8E8E7D.asp өлкө аймагынан чыгарылсын деген талап менен акция өткөрүштү. Аягында иш-чаранын катышуучулары президентке, өкмөт башчыга жана ЖК төрагасынын атына кайрылуу кабыл алышты.
Бүгүн “Акыйкат үчүн” кыймылы Каркырага байланыштуу маселени талкуулады. Кыймылдын мүчөлөрү “Акыл ордо” жыйынынын Түп жергесинен Бишкекти көздөй жөө жүрүшкө чыгуу жана “Ыйык Ата журтту коргоо” коомун түзүү тууралуу сунушун колдоого алды. Ага ылайык үстүбүздөгү жылдын 26-апрелинде Каркыраны кайтарып алууну жана парламентти таратууну талап кылган жөө жүрүш акциясы Бишкекке карай багыт алат.
Апта башында Жогорку Кеңештин депутаттарынан түзүлгөн атайын топ Каркыра --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/04/576D8AB7-0229-407F-8E72-5F44BAFFD6D2.asp жайлоосуна барып, талашка түшүп жаткан аймактар менен таанышып келген. Кечээ ЖК эл аралык мамилелер комитети буга байланыштуу жыйын өткөрүп, кыргыз-казак чек арасы тууралуу 2001-жылы 15-декабрда түзүлгөн келишимди ратификациялоо зарыл деген бүтүмгө келишти. Бул келишим буга чейинки экинчи жана үчүнчү чакырылыштагы парламенттер тарабынан Кыргызстандын бүтүндүгүнө шек келтирет деген жүйөө менен жактырылбай келген. Айрым пикирлер боюнча кыргыз-казак чегарасы тууралуу келишимди ратификациялоо маселеси президент Курманбек Бакиевдин Казакстанга күтүлүп жаткан иш сапарынын алдында атайын козголуп, парламентке коюлуп жатат.
Жазгы талаа иштерин жүргүзүү үчүн бөлүнгөн күйүүчү май дыйкандарга толук жеткирилет. Мамлекеттик материалдык резерв боюнча агенттик бул маселени жакынкы күндөрү жөнгө салат. Бул тууралуу айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министри Арстанбек Ногоев бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтуусунда жазгы талаа иштери үчүн бөлүнгөн үрөн, күйүүчү май --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/04/C7286BFD-8659-4E2B-B26E-2095D10F2802.asp жана башка нерселердин убагында дыйкандарга жетпей атканына жалгыз Айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрлигин күнөөлөөгө болбойт.
Бүгүн Биринчи май райондук соту “Де-факто” жана “Алиби” гезиттерине байланыштуу президенттин иниси Жаныш Бакиевдин уулу Асылбек Салиевдин доо арызы боюнча соттук териштирүүнү улантты. Жараяндын жүрүшүндө жоопкер тарап гезиттерге басылган макалаларга филологиялык-лингвистикалык экспертиза жүргүзүү тууралуу өтүнүчтү сотко жолдоп, сот өтүнүчтү канааттандырды.
Быйылкы жылы түштүктө пахта жылдагыдан аз айдалары маалым болду. Буга эң биринчиден акбула баасынын --> http://azattyk.kg/rubrics/economics/ky/2008/04/1F691054-49EF-4E34-87DD-1ED4925AC368.asp өтө арзан болуп, дыйкандардын жумшаган мээнети акталбай калып жаткандыгы себеп болууда. “Адам жана базар” экономикалык түрмөгүнүн бул жолку чыгарылышы мына ушул маселеге арналды.
Ушул тапта жазгы талаа иштери кызуу жүрүп жаткан учур. Бүгүнкү күнгө чейин жаздык дан эгиндеринин 45% себилди. Кыргыз өкмөтү жазгы айдоо иштерин жүргүзүүгө мүмкүнчүлүктүн жетишинче колдоо көрсөтүп жаткандыгын билдирүүдө. Ал эми дыйкандар болсо убада кылынган үрөн, күйүүчү май жана минералдык жер семирткичтер өтө аз өлчөмдө берилип жаткандыгына нааразы.
БУУнун адам укугу боюнча комиссариаты Кыргызстандын Акыйкатчы институтунун ишмердүүлүгүнө баа берет. Бул тууралуу билдирген акыйкатчы Турсунбек Акундун “Азаттыкка” билдиргени боюнча БУУнун атайын миссиясы май айынын ортосунда келип, текшерүү жүргүзмөкчү. Бул иш-чара Кыргызстандын Акыйкатчы институту менен БУУнун ортосундагы кызматташуу максатында болууда.
Бүгүн президент Курманбек Бакиев өкмөттүк жыйын өткөрөт. Алдын ала берилген маалыматтар боюнча жыйында өлкөдөгү абал жана мурда берилген тапшырмалар кандай аткарылгандыгы тууралуу сөз болот. Президенттик басма сөз жыйынга өкмөт курамы толугу менен, президенттик администрация, Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү да катышарын билдирген. Айрым байкоочулар президент бүгүнкү жыйында өлкөнүн экономикалык абалына көбүрөөк басым жасаса деген пикирлерин айтышууда.
Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы күн санап кымбаттоодо. Майбекет ээлери буга дүйнөлүк мунай базарында баалардын өсүп жаткандыгы себеп дешет. Ошол эле учурда баалар жазгы талаа иштерине байланыштуу кымбаттап жатат деген пикирлер да бар.
Бүгүн АКШнын Иракка согуш ачканына беш жыл толду. Кыргызстандык саясатчылар дээрлик 70 миңден ашуун кишинин өмүрүн алып кеткен согуш АКШнын экономикалык кызыкчылыгы үчүн жүрүп жатат деп эсептешет. Ошол эле учурда беш жылдан бери жүрүп жаткан согуш Ирактагы адам укугу жана демократиянын кызыкчылыгы үчүн болууда, деген пикирлер да жок эмес.
Бүгүн Аксыда алты жыл мурунку кан төгүүгө байланыштуу Элдик сот --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/human_rights/ky/2008/03/55D622B3-822E-4DA3-B2B4-57488335C2C3.asp болот. Ага Аксы окуясынын күнөөкөрлөрү катары 40тан ашуун, күбө катары 50дөн ашуун адам чакырылган. Аксылык жабырлануучулар алты адамдын өмүрүн алып кеткен ок атууга азыркы бийлик тарабынан да акыйкат баа берилбейт, деген бүтүм менен Аксы окуясына Элдик сот аркылуу баа берүүнү чечишкен. Ошол эле учурда Элдик сот – демократиянын жоболоруна каршы келет деген пикирлер да айтылууда.
Дагы жүктөңүз