“Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.
Оппозиция өз талапкери - Социал-демократтар партиясынын төрагасы Алмазбек Атамбаевди президенттикке татыктуу деп эсептейт. Азыркы президентти дагы бир мөөнөткө шайлоону сунуш кылып жаткан “Ак жол” партиясынын мүчөлөрү болсо Курманбек Бакиевге баштаган иштерин аягына чыгарууга мүмкүнчүлүк берүү керектигин белгилешүүдө.
Президенттик администрациянын мурдагы башчысы Медет Садыркуловдун сөөгү жекшембиде Боз-Бөлтөктөгү көрүстөнгө коюлду. Айрым саясатчылардын айтуусунда, бул окуянын себептерин иликтөө аягына чыгуусу күмөн.
Биринчи Май райондук соту 7-апрелде “Акыйкат үчүн” кыймылынын лидери Аликбек Жекшенкуловду камоо мөөнөтүн дагы бир айга узартты. Жекшенкуловдун адвокаты бул чечимди жокко чыгаруу өтүнүчү менен жогорку сот бутактарына кайрылмакчы.
Айдоо аянттарын ижарага берүү иштери көбүнчө эки тараптын оозеки макулдашуусу менен бүтөт. Тараптар бул ишти юридикалык жактан тастыктоого көп убактарда шашылбайт, бул болсо өз убагында жер ээси менен ижарачынын ортосунда чыр-чатактын чыгышына алып келет.
Орусиядан келчү 150 млн. доллар каражат кечээ Улуттук Банкка түштү. Бул акчанын кандай максатта жумшалары азырынча белгисиз. Коомчулукта мындай чоң өлчөмдөгү каражат президенттик шайлоого жумшалуусу ыктымал деген тынчсыздануу жок эмес.
“Ак жол” партиясы апрелдин он биринде курултай өткөзүп, Курманбек Бакиевди президенттикке талапкер катары көрсөткөн жатат. Ошондой эле ЭрК партиясынын саясий кеңеши да бүгүн жыйын куруп, шайлоого катышуу-катышпоо жөнүндө маселени чечүүдө. Бириккен оппозиция шайлоого бирдиктүү талапкер алып чыгарын билдирип, бирок аны атабай сыр кылып турат.
13-марттагы жол кырсыгында өрттөнүп кеткен сөөктөрдү аныктоо боюнча Москвада жүргүзүлгөн ДНК иликтөөсүнүн жыйынтыгы чыкты. Капчыгайдагы кандуу окуяда мерт болду деп айтылып жаткандардын бири - Медет Садыркуловдун туугандары болсо анын өлүмүнө ишенбестигин айтышууда.
Бүгүн жалпы өлкө боюнча өтө турган нааразылык акцияларында тартип менен коопсуздукту кармоо, бийлик менен оппозициянын ортосундагы мамилени татаалданткан себептер “Азаттыкта” өткөн тегерек үстөлдө талкууланды.
31-мартта Бишкекте Кыргызстанда жана Орусияда тартылган көркөм тасмалардын бет ачары болот. Белгилүү кинорежиссер Эрнис Абдыжапаров бул кинотасмалар тууралуу “Азаттыктын” түз обосунда кеп салып берди.
3-мартта белгисиз бирөөлөр өмүрүнө кол салып, денесинин 21 жерине бычак уруп, эки колун тең чыканактан өйдө сындырып кетишкен журналист Сыргак Абдылдаевге кечээ операция жасалды. Операцияны ишке ашырган Бишкектеги травмотология жана ортопедия борборунун жетекчиси, профессор Сабыр Жумабеков “Азаттыктын” таңкы түз ободогу суроолоруна жооп берди.
Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Мирослав Ниязов президенттин кайрылуусу, 27-марттагы оппозициянын акциясы, 23-июлда боло турган президенттик шайлоо тууралуу "Азаттыкттын" түз ободогу суроолоруна жооп берди.
21-марттан тарта президенттик шайлоо өнөктүгү башталды. Шайлоого көрүлүп жаткан даярдыктар жана шарттар жөнүндө БШКнын мүчөсү Самат Бөрүбаев "Азаттыкка" маалымат берди.
Эл аралык мунапыс уюму жылдык докладын жарыялап, жыл өткөн сайын өлүм жазасына тартылгандардын саны өсүп жаткандыгын билдирди. Кыргызстанда өлүм жазасы алынып салынган менен адамдар абактагы оор шарттан көз жумууда. Бул маселе жөнүндө “Жарандар коррупцияга каршы” уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова “Азаттыкта” ой-пикир бөлүштү.
Бириккен оппозиция 23-июлда боло турган президенттик шайлоого президент Курманбек Бакиевдин катышканынан караманча каршы болууда. Алар Бакиевдер катышкан шайлоо эгерим таза өтөрүнө таптакыр ишенишпейт. Ошондуктан БЭК К. Бакиевдин шайлоого чейин бийлигин өткөрүп беришин талап кылмакчы. 27-мартта бүт республика боюнча боло турган элдик митингдердин башкы урааны ушундай. Бул жөнүндө "Азаттыкка" БЭКтин Улуттук кеңешинин мүчөсү Мукар Чолпонбаев билдирди.
Бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү 23-мартта Бишкекте ички иштер министри М. Конгатиев менен жолугушуп, анын кызматтан кетишин талап кылышты. Ал жерде болгон сөз жөнүндө Азаттыкка “Кылым шамы” бей өкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдырасулова айтып берди.
2005-жылы 4-мартта элдик бийлик эң биринчи Жалал-Абат облусунда орногон. Бул күнү үй-бүлөлүк башкарууга каршы болгон эл облустук администрациянын имаратын ээлеп алган. Ошол убакта облустун элдик губернатору болуп дайындалган Медер Үсөнов бүгүн ошол окуяларды эскерип талдоо салат.
Бүгүн март ыңкылабына төрт жыл болду. Ыңкылаптын башталышы, максаты, элдин үмүтүн азыркы бийлик кантип алдаганы тууралуу март ыңкылабынын жигердүү катышуучуларынын бири, “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү Дүйшөн Чотонов “Азаттыкка” маек куруп берди.
Белгилүү ырчы Гүлзат Байзакова жакында “Аста-секин колукту” опереттасында Гүльмиранын ролун ырдап чыккан жатат.
АКШда жашап жаткан кыргызстандык саясатчы, 2005-жылы март ыңкылабынын катышуучуларынын бири Равшан Жээнбеков "Жоогазын ыңкылабы жана алдыдагы президенттик шайлоо жөнүндө.
Бүгүн БЭКтин Улуттук Кеңеши жыйынга чогулат. Анда 27-мартта өтө турган жалпы элдик нааразылык акциясы тууралуу сөз болору күтүлүүдө. Бул тууралуу “Азаттыкка” БЭКтин уюштуруу штабынын жетекчиси Азимбек Бекназаров маек куруп берди.
Дагы жүктөңүз