“Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.
Евробиримдик Кыргызстанга “Жалпы жеңилдиктер системасы плюс” макамын берди. Бул Кыргызстанда өндүрүлгөн товардын 6 миңден ашуун түрүн биримдиктин аймагына эч кандай төлөмдөрсүз экспорттоого жол ачат.
Кыргызстанда күнөскана иштетүүгө кызыккандар көбөйдү. Чакан күнөсканадан түшкөн каражат кризис шартында үй-бүлөлүк бюджетке кошумча киреше алып келген жакшы бизнес болууда.
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча Кыргызстанда эмгекке жарамдуу 200 миңден ашуун киши жумушсуз.
Кыргызстандын тигүү тармагы кыйын-кезеңди башынан кечирүүдө. Бир жагынан Орусиядагы кризистен улам, товарларын сатуу кыйла басаңдаса, экинчи ЕАЭБ шартына ылайык, биримдиктен тыш өлкөлөрдөн келүүчү сырьелордун бааcы өстү.
Екатеринбург шаарында 4-январда жоголгон кыргызстандык тестиер кыздын дайыны эмгиче табылбай жатат.
Тигүү тармагынын абалы оорлоодо.
Сириядагы кырдаал бир аз тынчыганы менен эми аймактарда, анын ичинде Борбор Азияда диний экстремизм көмүскө күч алуусу ыктымалдыгын эксперттер эскертишүүдө.
Бишкектеги тор кийим токуучу ишканалар ассоциациясы электр үзгүлтүгүнөн жабыркап жаткандыгын айтып чыгышты. Электр энергиясынын бир калыпта келбегени жана кокустан өчүп калуусу кездеме токуучу кымбат станоктордун бузулушуна алып келүүдө. “Түндүк электр” ишканасы быйыл кышы-жайы жарыкты өчүрүү болбогонун билдирет.
“Кыргызстан” фракциясынын сунушу менен мандатынан ажыратылган депутат Элмира Жумалиеванын фракция лидери Канат Исаевдин үстүнөн жазган арызын Башкы прокуратура иликтеп баштады.
Кыргызстан ЕАЭБге киргенден бери тоок чарбаларынын иши солгундады. Ишкерлер өкмөттөн жок дегенде чет мамлекеттен алып келинген жем жана башка азыктардын салыгын алып, жеңилдик берүүнү суранышууда.
ЭлТРдин мурдагы жетекчиси Максуда Айтиева өзүнө карата козголгон кылмыш иши кайрадан иликтенүүсүн талап кылып Жогорку Сотко кайрылууда.
Кыргызстан ЕАЭБге киргенден бери, өлкөдөгү тоок чарбаларынын иши солгундады. Ишкерлер өкмөттөн жок дегенде чет мамлекеттен алып келинүүчү жем жана башка азыктардын салыгын алып, жеңилдик берүүнү суранышууда.
Суу кодекси Кумтөр алтын кенин иштетүү боюнча Кыргызстан менен “Центерранын” ортосунда түзүлгөн кырдаалда саясатка айланды.
Жаңы жылды тосууга утурлай өткөрүлүүчү жамааттык кечелерди ишкана же мекеменин бюджетинен өткөрүү быйыл бир кыйла азайды. Жаңы жылдык корпоративдерге бейчеки чыгым коротуудан алыс болууга 19-декабрда өкмөт башчы Темир Сариев да чакырды.
Парижде Улуттар Уюмунун климаттын өзгөрүүсүнө арналган эл аралык конференциясы соңуна чыгууда. Жүз жылдыктын соңунда планетадагы орточо температураны 2 градус Цельсийден ашырбоону караган жаңы макулдашууга кол коюлары күтүлүүдө.
13-ноябрдагы террордук кол салуулардан кийин Парижде мигранттарга жана мусулмандарга көз караш өзгөргөнү айтылууда. Полициячылар текшерүүлөрдү күчөттү. Жергиликтүү эл болсо бала баккан, үй кызматында жардам берген араб жана башка улуттагы адамдарды европалыктарга алмаштырууга өтүштү. Ошол эле учурда мусулмандар менен террорчуларды эки бөлүп караган француздар да жок эмес.
13-ноябрдын кечиндеги Франциянын борбору Париждин бир катар райондорунда куралдуу кол салуудан мерт кеткендердин саны 130га жеткен жана ондогон адамдар жаракат алган. Жардырууларды “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу өз жоопкерчилигине алган болчу. Террордук кол салуулардан кийинки Париж кабарчыбыз Замира Кожобаеванын көзү менен.
Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Париждеги чоң жыйында тоолордогу мөңгүлөрдүн абалына токтолду.
22-ноябрдын таңында Ош аба майданында кыргызстандык “Авиа Трафик” компаниясына таандык "Боинг-737" учагы конуп жаткан учурда тилкеден чыгып кетип, кырсыкка учураган.
Дагы жүктөңүз