“Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.
Өзбекстандын аэропортторунда хижаб кийген кыз-келиндерди текшерүү күч алды. Аэропорт кызматкерлери мындай көзөмөл кандай буйруктун негизинде жүргүзүлүп жатканын айта алышкан жок.
Түркмөнстанда 24 жаштагы дарыгер кумса экенин ачык билдирип чыкты.
Түркмөнстанда мектеп жетекчилери ата-энелерден бойго жеткен кыздарын гинеколог дарыгердин текшерүүсүнөн өткөрүүнү талап кылышууда. Бул өспүрүм курактагы кыздардын жүрүм-турумун көзөмөлдөө жана жашы жете электеги кош бойлуулуктун алдын алуу максаты менен түшүндүрүлдү.
Дүйнөлүк банк "Doing Business - 2020" иликтөөсүнүн жыйынтыгын жарыялады. Кытай Дүйнөлүк банктын "Ишкерликти жүргүзүү" баяндамасында акыркы эки жыл катары менен ишкерликти өнүктүрүү аракети боюнча алдыңкы он өлкөнүн ичине кирди.
Нур-Султан шаарында «террордук уюмдун катарында согушкан» деп айыпталган 14 адамдын сот иши башталды. Алар быйыл «Жусан» операциясынын негизинде Сириядан кайтарылган.
Германиянын Бонн шаарында кыргыздардын "KyrgyzClub-Germany" уюмунун 10 жылдык мааракеси өттү. Ага немис жергесинде окуп, иштеп, жашаган мекендештер катышты. Мындан тышкары Франция, Бельгия, Орусия жана башка өлкөлөрдөгү кыргызстандыктардын уюмдарынан өкүлдөр келишти.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөнүн тунгуч мамлекет башчысы Нурсултан Назарбаевдин кадр саясатындагы ыйгарым укуктарын кеңейткен буйрукка кол койду. Парламент депутаттары дээрлик бир ооздон бул буйрукту кубатташты.
“Өзбекстандын ислам кыймылынын” (ӨИК) террордук согушкерлери менен Кыргызстандын аскерлеринин 20 жыл мурдагы кагылышуусу “Баткен согушу”, “Баткен окуясы”, “Баткен коогалаңы” деген ат менен тарыхта калды.
Орусиянын президенти Владимир Путин Сауд Арабиясында өтчү сапарынын алкагында мунай боюнча кызматташууга жетишүүнү максат кылууда.
Казакстанда Кытайдан келген бир нече кайрылмандар Шинжаңдагы туугандары лагерде кармалып турганын айтып чыгышты. Алар көптөн бери туугандары кабарсыз болуп жатканына кабатыр.
АКШнын санкцияларына Касым-Жомарт Токаев көрүп келген «Hikvision» компаниясы да кирди.
Орусия чет өлкөлүк, анын ичинде борбор азиялык кесипкөй адистерге жарандык берүүнү жеңилдетти. Бул тууралуу мыйзам 2-октябрдан тарта күчүнө кирди.
Казакстанда Сириядан кайтарылган бир үй-бүлөнүн үч мүчөсүнө кылмыш иши козголгон. Жакында алардын бири - Аида Амангелдыны сот беш жылга эркинен ажыраткан өкүм чыгарды.
Өзбекстанда мектеп жетекчисинин орун басары мугалимге «талаптагыдай кийинип кел» деп айтканы үчүн анын жакындарынан таяк жеди. Бул иш учурда прокуратура тарабынан иликтенүүдө.
Украин президенти Владимир Зеленский 3-октябрда элине кайрылып, "Мен эч качан Украинаны сатпайм" деди. Бул сөздү ал "Штайнмайер формуласы" деп аталган документке Украина кошулгандан кийин чыккан нааразылык акцияларынан соң айтты.
Тажикстандык укук коргоочулар Сириядан кайтып келгендерге куугунтук башталганын билдиришүүдө.
Өзбекстандын Фергана облусунун акими сакалчан эркектерге жана хижабчан аялдарга орой сүйлөгөн видеосу Интернетке тараган. Көп өтпөй аким бул сөзү үчүн Сенатта кечирим сурады.
Тажикстанда көз карандысыз маалымат каражаттарынын ассоциациясы жакында жыйырма жылдыгын белгиледи. Мааракеге арналган иш-чара Дүйшөмбү шаарында өттү.
Казакстандык Диас Рахметов быйыл май айында тогуз жылга эркинен ажыратылган.
Актөбөдөн 90 чакырым аралыктагы Кандыагаш шаарынын тургуну төрт баласы менен быйыл майда Сириядан алынып келген. Анын күйөөсү Жакынкы Чыгышта өлгөн.
Дагы жүктөңүз