"Азаттыктын" штаттан сырткаркы журналисти. Эл аралык AIB сыйлыгынын жеңүүчүсү (2011).
АКШ армиясынын үчүнчү жөө аскерлер дивизиясы бир жумадан бери Кербела шаарынын айланасында оор салгылашуу жүргүзүп келди. Кербела Ирактын байтактысы Багдаддан 80 чакырымдай түштүктө жайгашкан. Мына ушул дивизия менен чогуу жүргөн "Азаттыктын" кабарчысы Рон Сыновиц жана Кувейтте турган кабарчыбыз Чарльз Рекнагел жаңы жиберген кабарлар менен тааныштырабыз.
Кошмо Штаттары ушул дүйшөмбү күнү дүйнө жүзүндөгү адам укуктары жана демократия тууралуу жылдык отчетун жарыялады. Былтыркы отчетто талибдерге жана алкаидачыларга каршы АКШ жаңы согуш баштаган Ооганстан "адам укуктары айрыкча басмырланган өлкө" деп айыпталса, быйыл элдин эң жаманы – Ирак деп көрсөтүлөт.
Соңку күндөрү Ирактын ири шаарларында айыгышкан каршылыкка туш келген АКШнын куралдуу күчтөрү бир канча убакыт активдүү согуш аракеттерин токтоткону жатат деген кабар болгон эле. Жекшембиде АКШнын Коргонуу катчысы мындай кабарды төгүнгө чыгарып, "танапис жарыяланган эмес" деп билдирди. Ушул кыйчалышта Ирактын түндүгүндөгү күрд аскерлеринин айрым ийгиликтери коалициялык күчтөрдүн көңүлүн жубаткан "жагымдуу" кабар болуп калды.
Ирактагы чоң казаттын онунчу күнүнө карата, согуш узакка созулуп кетет деген кооптонуу күч алды. Эгер мындай кооптонуулар ырасталса, анын кесепетинде америкалык аскерлер Иракта партизандык согуштун сазына батып, эл аралык коомчулуктагы анти-америкалык маанай күч алышы мүмкүн. Узак согуш АКШда жана бүт дүйнөдө экономикалык өнүгүүнү артка тартышы да ажеп эмес. Апта соңунда дүйнөлүк маалымат каражаттарында кеңири талкууланып жаткан бул теманы сиздерге Жаңыл Жусубжан сунуш этет.
23-март, жекшемби күнү катуу кайтарууга алынган Лос-Анжелес сарайында Мартин Скорсезенин "Чикаго" мюзикли "Оскар" сыйлыгын жеңип алды. Ирак согушунун көлөкөсү астында өткөн салтанатта польшалык режисер Роман Полански "Пианист" тасмасы үчүн "эң мыкты режисер" деп таанылды. Ал эми эң мыкты аткаруучулук өнөрлөрү үчүн башкы сыйлыкты Николь Кидман жана Андриен Броди алды. Ошол эле убакта, Американын гана эмес, дүйнөлүк кино өнөрүнүн да башкы окуясы саналган "Оскар" тапшыруу каадасында күтүлбөгөн жаңылыктар менен катар, согуштан улам айрым ыңгайсыз кырдаалдар жетиштүү болду.
Перси булуңундагы экинчи согуш башталгандан берки төрт күндүн ичинде АКШ баштаган коалициялык күчтөр Ирактын байтактысы Багдадга жарым жолгo келип калышты. Ирактын өкмөтү согуш башталгандан бери үч карапайым киши набыт болуп, 250 чактысы жараат алгандыгын билдирди. Бирок курмандыктар тууралуу так маалыматтар жок. Коалициялык күчтөр азырынча согуш майданына караганда кырсыктардан алда канча көп жоготууга учурап жатышат. АКШнын президенти Ирактагы согуш узак жана оор болоорун эскертти.
Финляндияда жекшемби күнү өткөн шайлоодо оппозициядагы Борборчул партия саналуу добуш менен жеңип алды. Шайлоо жыйынтыгы президенти аял киши болгон өлкөдө өкмөт башына да аялдын келишине жол ачууда. Ошол эле убакта, азыр бийликте турган социял-демократтар борборчуларга куйрук улаш келип, жеңүүчүнүн колдоосу чектелүү болгондуктан, азыркы премьер-министр бийлигин сактап калышы да ажеп эмес.
Батыш демократ-реформатор деп баалаган, серб улутчулдары жек көргөн Зоран Жинжичтин сөөгү Белградда 15-март, ишембиде жерге коюлду. Тажияга 100 миңдеген киши келди. Жинжичтин партиялашы Зоран Живкович маркумдун ишин улантууга сөз берди. Жинжич өлтүрүлгөндөн кийин Сербиянын өкмөт башчысы да, президенти да жок калды - өткөн жылдагы добуш берүүгө шайлоочулар өтө аз келгендиктен, президент шайланбай калган эле. Теманы Жаңыл Жусубжан улантат.
Иракта согуш башталса, жүз миңдеген киши өлкөдөн качып чыгат деп күтүлүүдө. Бирок коңшулаш өлкөлөрдүн көбү ирактык качкындарды кабыл алуудан баш тарткандыктан, гуманитардык кризиске дайардык солгун жүрүп жатат.
Мындан 20 жылча мурда Европада күрдүлөрдү анчейин билишкен эмес. Бирок Туркиядан жана Жакынкы Чыгыштан келген күрдү качкындарынын саны өскөн сайын алардын Европа өлкөлөрүндөгү жамааттары кеңири таанымал боло баштады. Бул тууралуу "Азаттыктын" кабарчысы Брефни Орурктун баяндамасы менен Жаңыл Жусубжан тааныштырат.
Бүгүн Борбор Азия тилдерине жана маданиятына Батыштагы кызыгуунун күч алышы тууралуу сөз болмокчу.
Адамзат тарыхындагы тунгуч Эл аралык Кылмыш соту ушул шейшембиде ишке киришүүдө. Соттун уставы ага адамзатына каршы кылмыштар, анын ичинде тукум курут саясаты үчүн жазалоого укук берет. Соттун түзүлүшүн колдогондор бул окуяны акыркы жарым кылымда адам укуктарын коргоодо орун алган эң ири жылыш деп баалашууда. Ошол эле убакта, айрым уюштуруу иштерине байланыштуу, сот дароо эле милдетин аткарууга кирише албайт.
Ирактан келерки бир жуманын ичинде куралсызданууну талап кылган резолюция Бириккен Улуттардын Коопсуздук кеңешинде эртең-бүрсүгүнү колго салынат деп күтүлүүдө. Добуш берүүнүн алдында резолюцияны колдогон жана ага каршы болгон тараптар жалаң өз позицияларын бекемдөөнүн аракети менен болуп жатышат.
Өткөн жекшембиде Эл аралык Хелсинки Федерациясы жылдык отчетун жарыялады. Документ “Өзбекстандагы адам укуктарынын абалы -- Коопсуздукка коркунуч келтирген иштер” деп аталат.
5-мартта советтик диктатор Иосиф Сталин жарык дүйнө менен кош айтышкан күнгө 50 жыл толду. Бул күн Коммунисттик партия жүргүзгөн репрессиялардын эң каардуу дооруна соңку чекит койгон эле. Бирок, "Азаттыктын" Маскөөдөгү кабарчысы Грегорий Файфер жазгандай, орустардын арасында Сталинди өз өлкөсүнүн тарыхындагы улуу адамдардын бири катары санагандар көбөйүп баратат. Файфер Маскөөдөн жиберген маалымдама менен ЖЖ тааныштырат.
Кыргызстанда окуп, жакшы адамдарды базарда жолуктурган, паракорлукту кыргыздардын эң башкы көйгөйү деп эсептеген, Бишкектеги Америкалык Университетти Прагадагы Нью-Йорк Университетинен кыйла күчтүү деп билген чех студенти менен маек.
Айрым аналитиктер Кошмо Штаттары келерки төрт-беш күндө Иракка каршы согуш ачышы ажеп эмес деп эскертишүүдө. Ошол эле убакта, Ирак маселесинде Батышта да, араб өлкөлөрүндө да ажырым күндөн күнгө тереңдөөдө -- Британия баш болгон айрым союздаштар Бириккен Улуттардын алдынан бир өтүп кою талабын коюшууда; Түркия америкалык аскерлерди жайгаштыруудан баш тартты; Канада Вашингтондун Саддам Хусейнди бийликтен четтеттүү сунушун сынга алды.
Рок, рок-н-ролл, жазз дегенде дегенде биз негизинен Батыштан келген, кайсы бир деңгээлде чыгыш элдеринин ой таанымга бөтөн музыка деп түшүнөбүз. Ошол эле убакта якут туугандар рок музыкасынан шамандар добулбас менен сүкүткө түшкөн ритмдерди таап, өздүк рок музыкасын жаратышкан. Бүгүн казак туугандар да казак-рок, казак-жазз менен тажрыйба жүргүзө башташты.
Оңдой берди болуп, Ирактын президенти Саддам Хусейн бийликтен кетип калса, бүткүл Жакынкы Чыгыш аймагын астын-үстүн кылып, бүт дүйнөнү солкулдатат деп кооптонткон согуш болбой калмак. Ушул мүмкүнчүлүккө үмүт артып, Саударавия ирактык бийлик төбөлдөрүнө башбаанек берүү демилгеси менен чыкты. Анын аралыгында, Түштүк Африканын экс-президенти белгилүү шартта Саддам Хуссейндин өз ыктыяры менен бийликтен кетишине арачы түшөөрүн кулак кагыш кылды. Бул теманы ЖЖ иликтеди.
Пауэлдин Ирак боюнча билдирүүсү тууралуу маек.
Дагы жүктөңүз