"Азаттыктын" штаттан сырткаркы журналисти. Эл аралык AIB сыйлыгынын жеңүүчүсү (2011).
Америкада качкындар тууралуу байыркы грек трагедиясынын Америкада, казак дастанчысынын катышуусу менен кайра коюлду.
Үстүбүздөгү аптанын соңку күнүндө, 2-февралда Чех Жумуриятында президент Вацлав Гавелдин кызмат мөөнөтү аяктады. Чыгыш Европа коммунизмдин чынжырын үзүп, Маскөөнүн үстөмөндүгүнөн бошоно баштаган коогалуу 1989-жылы бийликке келген Гавел аймакта ошол кездеги замандаш кесиптештеринин бардыгынан узак мезгил мамлекет башында турду. Чыгыш европалык коммунист лидерлер, Гавел менен тагдырлаш адамдардын азыр кимиси кайда, алардын ордун кимдер басты? Ушул темадагы уктурууну ЖЖ сунуш этет.
Шейшемби күнү АКШнын президенти Жорж Буш жалпы улуттук билдирүү жасайт. Анда Буш америкалык коомчулукту Иракка каршы согушка үгүттөйт деп күтүлүүдө. Бул Буштун президент болгондон берки жалпы улутка экинчи ирет кайрылуусу. Ал эми былтыр алгачкы билдирүүсүндө анын Иранды, Иракты жана Түндүк Кореяны "карамүртөз үчилтик" деп айыпташы курч талаш-тартыштарга түрткү болгон эле.
27-январь, дүшөмбү күнү Бириккен Улуттар уюмунун ядролук агенттиги МАГАТЭ Коопсуздук Кеңешинин алдында Ирактагы эки айдан берки курал инспекциянын жыйынтыгын баяндайт. Бул отчет Кошмо Штаттардын Иракка кол салуу пландарына огожо болобу жокпу? Бүгүн бүткүл дүйнө ушул суроонун жообун санааркап күтүп жатканда, МАГАТЭнин жетекчиси Мохамед Эл-Барадейи отчетто жаңы деле маалымат болбой тургандыгын айтты.
Көз карандысыздыктын жылдарында көз жаздымда калган маданий турмушту Интернет аркылуу жандандыруу мүмкүнбү? Сыбызгынын бүгүнкү темасы ушул, алгач маданий кабарлары менен тааныштырабыз.
Жакында Ливия дүйнөдөгү негизги укук коргоочу уюм болгон Бириккен Улуттар уюмунун Адам укуктары комиссиясынын төрагалыгын өткөрүп алат. Бул Америка Кошмо Штаттарын жана укук коргоочу уюмдарды нааразы кылууда. Америкалык өкүлдөр Ливия мындан 15 жыл мурдагы учак жардыруусу үчүн киргизилген эл аралык санкциялардан арыла электигин айтса, укук коргоочулар өз букараларынын укуктарын сыйлабаган Ливия башкаларга кантип үлгү болот деп аң-таң. Эки тарап тең мындай карама-каршылык БУУнун комиссиясына болгон ишенимге шек келтирээрин эскертип жатышат.
Вашингтон Пхеняндын өзөктүк амбициясына барып такалган кризисте айрым жылыш бар экендигин билдирүүдө. Бирок, соңку кабарларга караганда, Түндүк Корея ыкка келбей, америкалык өкүлдөр менен көзмө-көз сүйлөшүүнү талап кылып жатат. Бул жагдайга Жаңыл Жусубжан сереп салат.
Ушул темадагы тегерек стөл маегин Бишкекте Жаркын Суран кызы алып барат. Маекке Кыргызстандын Акыйкатчысы, белгилүү оппозиция лидери жана президенттин кеңешчиси катышат.
Кыргыздын көп кырдуу чыгармачыл ишмери, комизчу, режисер, актер Асанбек Кыдырназаровдун бейнесин Балбай Алагушев сунуш этет. Уктурууда айтылуу "Талаада калган сөөк" күүсүн таржымалы менен комузчунун өзүнөн уга аласыздар.
Өткөн жылдын жыйынтыгын чыгарып, жаңы жылдагы максаттарыбызды тактап жаткан жыл тогошуусунда, Борбор Азия аймагынын маданий турмушуна көркөм өнөр ишмерлеринин көзү менен карап көрөлү.
Кошмо Штаттар Ирак менен согушка даярдык көрүүсүн улантып, Перс булуңуна аскер жиберүүдө. Бирок Түндүк Кореянын ядролук программасы пайда кылган жаңжалды жөнгө салуу үчүн, америкалык президент дипломаттардын арага салуу менен чектелүүдө. Эмне себептен окшош кырдаалда Жорж Буш эки башка ыкма менен аракеттенип жатат? Бул - бүгүн көпчүлүктүн көңүлүндө турган суроо.
Суусунда балык жайнаган, жер алдында миллиондогон тонна мунай уюп жаткан, бирок бир ууч калкы бар Норвегия эч качан Европанын же дүйнөнүн супердержавасы боло албас. Кышы суук өлкө жер кезген саякатчылардын Меккесине айланат деп элестетүү да кыйын. Ошол эле убакта бардык европалык мамлекеттерден эң түндүктө жайгашкан, байыркы викингдердин мекени болгон Норвегиянын акчага сатып алууга болбой турган байлыгы бар: Норвегия бүгүн тынчтыктын дүйнөлүк борборуна айланган.
Иса пайгамбардын туулган күнү орустарда Рождество, Батышта Кристмас деген ат менен белгилүү. Бой жетип, баралына келгенде адамзатын сактап калган Иса ымыркайдын жарык дүйнөгө келишинин таржымалы - динчилдер үчүн калетсиз чындык, башкалар үчүн болгону кызыктуу уламыш гана. Глобализациянын доорунда, бирок, Иса пайгамбардын өзү көмүскөдө калып кеткендиги бүгүн хиристиандарды беймаза кылган суроо. Бүгүн Иса пайгамбардын туулган күнүндө башкы каарман деги ким?