"Азаттыктын" штаттан сырткаркы журналисти. Эл аралык AIB сыйлыгынын жеңүүчүсү (2011).
АКШнын кысымы менен Израилдин өкмөтү акыры эл аралык жаңы тынчтык планын жактырды. Бул кадам эбактан дымып калган тынчтык жараянын кайра жандантууга мүмкүндүк ачууда. Ошол эле убакта "жол картасы" деп аталган планга Израилдин айрым олуттуу чектөөлөрдү коюшу палестиналык тарапты азыртадан эле нааразы кылды.
Ирак эл аралык санкциялардан арылары менен 13 жылдан бери токтоп калган мунай экспортун кайра жолго салууда. Ирактын мунай министринин айтымында, жакынкы апталарда мунай өндүшүрү дагы жогорулатылат. Бул ишти ирактыктар толугу менен өз колуна алганга чейин, мунай ишканаларынын коопсуздугун камсыздоо америкалык аскерлердин мойнунда кала бермекчи.
Ушул айда Сауд Арабияда орун алган террордук чабуул бул өлкөнүн Кошмо Штаттары менен алакасын дагы начарлатып, ички саясий таймашты тереңдетти. Кошмо Штаттары азыр эл аралык терроризмди пайда кылган саясий жана идеологиялык кырдаалдар менен күрөшкө басым жасап, Сауд Арабияны ички террор проблемасын чечүүсүн талап кылууда.
«Ооганстандагы кыргыздар жана вахийлер» китебинин автору, профессор Назиф Шахрани менен маек.
Kытайда чыккан САРС оорусу Казакстанды да чек арасын жаап, Кытайдан келгендерди текшерүү үчүн, чек ара аймагына дарыгерлерди жөнөтүүгө мажбурлады. Чек аранын жабылышы майда соодагерлерди да, мамлекетти да экономикалык бир топ чыгымга учуратып жатат.
Ушул аптанын башында Эр-Риядда болгон жанкечтилердин үч катар чабуулунан кийин, АКШ менен Сауд Aрабиянын мамилеси дагы сууй түштү. Бирок америкалык расмий өкүлдөрдүн жана эксперттердин айтымында, эгер мунайга бай Сауд Aрабия жардырууларды иликтөөгө Кошмо Штаттары менен чын дилинен жардам берсе, эски союздаштардын мамилесин сактап калуу анча кыйын болбойт.
Дүйнөдөгү эң ири шаарлардын бири - Истамбулда качкын болуп жашаган Айнур Доган - улуттук жана диний азчылык топтордун өкүлү, салттуу мусулман өлкөсүндө сахнага чыккандан тартынбаган ырчы кыз. Жакында Айнур Доган Европалык Радио журналисттер биримдигинин Истамбулдагы семинарында конок болду. Ал Европа Союзуна кирүүгө умтулган Түркиядагы жашоосун кеп кылып, багламада ойногон Енгин Арслан менен күрд ырларын ырдап берди. Сөз семинарга катышып келген Жаңыл Жусубжанда.
Кытайда былтыр кеч күздө өнөгөсүз өпкө оорусу жаңы чыкканда, бийликтер ал тууралуу убагында жетиштүү маалымат берген эмес эле. Натыйжада Кытайдын эл аралык беделине гана доо кетпестен, өлкөнүн экономикасы оор соккуга дуушар болуп, коомдогу бейпилдикке коркунуч келүүдө. САРС оорусун жаап-жашыруу менен аны жеңе албастыгын түшүнгөн Бейжин кеч болсо да, катасын оңдоп, маалымат таркатуунун тартибин күч алдырды.
«Азаттыктын» куржунунда сары майдай сактаган программаларыбыз бар. Бүгүн мына ушул куржунга өткөн жайда түшкөн "Америкалык эскиздер" радио-түрмөгүнөн тартуу бир шиңгил кылабыз. Азыркы уктуруубузду Жаңыл Жусубжан Вашингтондо былтыр июнь-июль айларында өткөн «Жибек Жол» Фестивалынан даярдаган эле. Кабарчыбыз чыгыш түркстандык кыргыздардын чыгармачылыгы менен жакындан тааныш уйгур ырчысынын мукамын угуп, кыргыз, казак, уйгур өзбектерди бүт түркестандык деп жакын туткан журналист менен жолуккан.
Koшмо Штаттарынын Ирактагы администратору Жей Гарнер Иракта убактылуу өкмөт ушул айдын ортосуна чейин түзүлүшү күтүлөт деп жарыялады. Ал эми Ирактын айрым аймактарында уруу башчылары жана диний чөйрөлөрдүн өкүлдөрү жергиликтүү бийликти өз колдоруна алып жатышат. Сөз Жаңыл Жусубжанда.
Февраль айында америкалык космос кемеси кыйрап калгандан кийин космосто калууга мажбур болгон орус-америкалык экипаж ушул жекшембиде Жерге аман келип конду. Учуу багытынан 400 чакырымга кыйгап кетип, радио байланышы үзүлүп калган "Союз" капсулу Казакстандын түндүк-батышынан эки саат дегенде табылды. Үч кишиден турган экипаждын абалы жакшы экендиги кабарланууда.
Түркияда кайра жер силкинди. Бул ирет өлкөнүн түштүк-чыгышында катуу жер титиреп, жүзгө чукул киши набыт болду. Жараат алгандар да көп болуп жатат.
Азиз Улуу - Туркиянын Ван өрөөнүндө отурукташкан оогандык кыргыздардын өкүлү. Азыр Истамбулда британиялык "Баджет" (Budget) саякат фирмасында бөлүм башчысы болуп иштейт. Келинчеги Зуура - кытайлык кызылсуулук кыргыздардан. Сулайман, Харун деген эки уулу бар. Азиз Улууну анын Истамбулдагы эл аралык "Ата Түрк" аба бекетиндеги кеңсесинде Жаңыл Жусубжан сөзгө тартты.
Ирактагы согуштун дээрлик бүтүшү Ирак калкынын 60 пайызын түзгөн шиий мусулмандарынын улуу майрамына туш келди. Саддам Хусейндин бийлиги кулагандан көп өтпөй, ирактык шиийлер акыркы 30 жыл ичинде биринчи жолу имам Хусейндин күмбөзүнө зияратка келишти.
Жакында Вашингтондо жайгашкан Америкалык университеттин студенттери жана мугалимдери "Азаттыктын" Прага студиясында конокто болушту. Алар Чехияга Иракта согуш баштала электе (13-мартта) келип кетишкен. Алардын окуу жайы менен Бишкектеги Америкалык университеттин ортосунда эч кандай байланыш жок. Юридика илимдеринин доктору, профессор Майкл Мэсс (Мichael Mass) анын университетинде Кыргызстандан бир нече студент окуп жаткандыгын, дагы башка татыктуу кыргыз жаштарын кабыл алууга кызыкдар экендигин билдирди. Ал эми бүтүрүүчү курстун студенти Паула Малазовски (Paula Malazowski) ушул жайда Кыргызстанга барганы жатат.
Апта соңунда Ирактын баш калаасында америкалык аскерлердин саны азайтылып, коменданттык саат киргизилди. Ал эми дүйшөмбү күнү Багдадга Ирактын убактылуу өкмөтүн жетектей турган отставкадагы америкалык генерал Жей Гарнер келди. Анын аралыгында, Кошмо Штаттары издөө салган дагы эки ирактык, анын ичинде Саддам Хусейндин күйөө баласы кармалды.
Эмгек мигранттары, мыйзамсыз келген бозгундар, гастролерлор. Кыргызстандан жылыга Орусияга, Казакстанга жана башка өлкөлөргө өз бетинче жумуш издеп кеткен жарым миллиондон ашык кишини мекенинде эмгек мигранттары деп коюшат. Ал эми барган жеринде жымсалдабай эле "нелегалдар", "гастролёрлор" деп жектешет. Мигранттардын жол азабы, он-ондоп шыкалып жашаган бир бөлмө батирлери, кечинде көчөгө чыккандан жүрөк заада болуп корунган турмушу тууралуу ачуу чындыкка ушул айда Прагада көрсөтүлгөн "Гастролёрлор" деп аталган бир сааттык даректүү тасмадан күбө болдук. Тасманын режиссёру Динара Сүймалиева менен Жаңыл Жусубжан маектешти.
Урматтуу угармандар. Ушул шаршембиде Чехиянын баш калаасында адам укуктарына арналган документалдуу фильмдердин "Бир Дүйнө" аттуу фестивалы соңуна чыкты. Жүздөгөн тасмалардын арасында жаш режисер Динара Сүймалиеванын "Гастрелерлор" аттуу кыргыз мигранттары тууралуу тасмасы да болду. "Азаттык" радиосунун "Сыбызгы" радио-журналында бүгүн Динара Сүймалиева конокто. Радио-журналдын редактору Жаңыл Жусубжан ошондой эле фестивалдын жюри мүчөсү, финляндиялык режиссёр Арто Халлонен менен кыргыздар жана Манас тууралуу баарлашты.
Өнүккөн Батыш, көптөгөн чыгыш өлкөлөрү бүгүн Интернетке кошулуп, дүйнөлүк компютердик тармактын үзүрүн көрүп жатышат. Борбор Азия бул процесске кийинчерээк аралашса да, соңку жылдары бир топ жылыш жасады. Бирок аймактын чабал телекоммуникация тармагы жана интернетке кошулуунун кымбаттыгы бул ишти артка тартып келатат.
Ирак согушу Европалык Биримдиктин ичтен бөлүнүп-жарылышына алып келди. Айрым мүчө-мамлекеттер башкалардыкына караманча кайчы келген позициялары жөнүндө союздаштарын алдын-ала эскертип да коюшкан жок. Бирок бир мүдүрүлгөнү менен Европа Биримдиги интеграция идеалдарынан баш тартууга нийеттенген жок. Экономикалык кабелтең пайдубал түзө алган альянс азыр тышкы жана коопсуздук саясатын бир нукка салуунун кандай жолдорун караштырып жатышат? Бул тууралуу Азаттыктын баяндамачысы Брефни Орурк жүргүзгөн иликтөө менен Жаңыл Жусубжан тааныштырат.
Дагы жүктөңүз