"Азаттыктын" штаттан сырткаркы журналисти. Эл аралык AIB сыйлыгынын жеңүүчүсү (2011).
Грузия Aжарияга каршы экономикалык сакция киргизүү тууралуу жарыясын ишке ашыра баштады. Бүгүн Түркия менен гана жалпы чек арасы бар Ажарияны Тбилиси деңизден, абадан жана кургактан тосмолоого киришти. Буга жооп кылып, Ажариянын президенти Аслан Абашидзе жумуриятта чукул абал жарыялады.
Орусиядагы кечээки президенттик шайлоодо мамлекет башчысы Владимир Путин, күтүлгөндөй эле, басымдуу көпчүлүк менен жеңип чыкты. Шайлоодон кийин Путин кабарчылар менен жолугуп, көп партиялуу демократияны улантууга жана сөз эркиндигин коргоого убада кылды. Кабарларда айтылгандай, бийликтер шайлоочуларды шайлоого катыштыруу үчүн жиндиканалардан бери добуш берүү бекеттерин ачып, жан сабап иштешти.
Ушул шаршембиде Германиянын, Франциянын жана Британиянын саясий лидерлери Берлинде жолугушту. Бул самит, айрымдардын болжолунда, Европа Биримдигин жаңы нукка салат. Башкалар үч өлкө бөлүнүп, жең ичинен саясат жүргүзүп жатышат деп доомат коюшууда.
Америкалык чалгын аналитиктери Ирак согушу башталаардан үч ай мурда эле Саддам Хусейндин кыргын куралдарын табуу кыйын болоорун эскертишкен, бирок эскертүү АКШнын президенти Жорж Бушка жеткен эмес. Бул тууралуу америкалык "USA Today" гезити жазып чыкты.
Өткөн жумада Нурланбек менен Рысбек Америка сапарынан ата-журтуна кайтып келишти. Эки шайыр Бостондогу эки жумалык арт-резиденция программасына катышып, америкалыктарга кыргыз элинин музыкалык чыгармачылыгы, анын ичинде дастанчылык өнөрүн таанытышты.
Президенттик шайлоонун босогосунда турган Орусияда таанымал саясатчы дайынсыз жоголууда. 5-февралдан бери издөө салынган Иван Рыбкинди бир булактар аман табылды деп жарыялашты, бирок парламенттин экс-спикеринин бар-жогу, болсо кайда экени беймаалым кала берип жатат.
Ушул күндөрү Кыргызстандан эки өнөрпоз Кошмо Штаттарында жүрөт. Манасчы Рысбек Жумабаев менен аткаруучу, композитор Нурланбек Нышанов АКШнын университеттик борбору болгон Бостон шаарында Борбор Азияга арналган музыкалык кечелерге катышып, ар кыл өлкөлөрдүн өкүлдөрү менен биргелешкен долбоорлордун үстүнөн иштеп жатышкан кези.
Экологиялык теманы назарыңыздарга сунуштайбыз. Ушул тапта чыгыш европалык "жашылдар" күрөң аюулардын маселесин кабыргасынан коюп, аларды коргоо үчүн иштиктүү чара көрүүнү талап кылышууда.
Ооганстанда шейшембиде бир канадалык аскер курман болгон жардыруу үчүн жоопкерчиликти өлкөнүн кулатылган талибан кыймылы өзүнө алып, мындай чабуулдар бүт өлкөнү кызыл уук кылат деп эскертти. Айткандай эле, эртеси Кабулда дагы бомба жарылып, бир британ аскери каза тапты. Кеминде төрт британ аскери жараат алганы кабарланып жатат. Анын аралыгында, америкалык сенаторлор Ооганстанды турукташтырып, калыбына келтирүүгө берген убадасынын өтөөсүнө чыкпайт деп НАТО өлкөлөрүнө доомат койушту.
Ооганстанда 26-январь күнү өлкөнүн жаңы конституциясы күчүнө кирди. Аялдар менен эркектердин тең укуктуу экени айтылган баш мыйзам бир эле мезгилде Исламдын жоболорун сактоону милдеттендирет. Анын аралыгында баш калаа Кабулда жанкечти жардырган бомбадан канадалык бир аскер каза таап, ондон ашык киши жараат алды.
Ирандын реформисттер басымдуулук кылган парламенти өткөн жекшембиде шайлоо реформасын чукул жактырган. Бул мыйзам долбоору 8200 кишинин дээрлик жарымынын талапкердигин тизмеден чыгарып салган Көзөмөл кеңешинин чечимин жокко чыгаруу максатын көздөгөн. Бирок консерваторлор үстөмдүк кылган кеңеш бул долбоорду да четке какты.
АКШнын вице-президенти Европа жана башка өлкөлөрдөн Жакынкы Чыгышты демократиялаштырууга жардам сурады. Швейцарияда өтүп жаткан Дүйнөлүк Бизнес форумда ал ошондой эле Иракты калыбына келтирүүгө Бириккен Улуттарды жардамга чакырды. Ошол эле кезде Дик Чейни дипломатиядан майнап болбосо, Кошмо Штаттары курал колдонуудан кайра тартпай тургандыгын эскертти.
Казакстанда президенттин жардыгы менен айыпкерлерди өмүрүнүн акырына чейин түрмөгө салуу практикасы кабыл алынды. Бул чара өлүм жазасы менен катар киргизилүүдө. Борбор Азияда Түркмөнстан гана өлүм жасасынан баш таркaн.
Грузияда АКШда билим алган, жаш жана Батышка көбүрөөк ык тарткан саясатчынын бийликке келишин Маскөө салкын кабыл алды. Эдуард Шеварднадзе ноябрь айында отставкага кеткенден кийин Тбилисинин түндүктөгү күч-кубаттуу коңшусу менен мамилеси оңду-солду чайпалып, тең салмакка келе албай жатат. Михаил Саакашвилинин президенттиги Маскөөнүн Кавказда үстөмөндүгүн сактап калуу далалатына кандай таасир тийгизиши мүмкүн?
Террордук “ал-Каида” уюмунун жетекчиси Осама бин Ладен мусулмандарды ыйык согушун улантууга чакырды. Анын билдирүүсүн Катардан обого чыгуучу "Aл-Жазира" сателлит телеканалы уктурду. Үн тасманын чынында да номер биринчи террорист деп санаган адамга тийешелүү болгон-болбогону текшерилип жатат.
Жаңы аяктаган 2003-жылда Ирак согушу бүткүл дүйнөнү дүрбөлөңгө салган башкы окуя болуп калды. Өлкө эски жылды оккупациялык режимдин шартында узатты. Бирок жаңы жылда ирак эли эгемендүүлүгүн кайра кайтарып алмакчы. Ал эми дүйнөнүн калган бөлүгүндө майрамды кандай белгилешти экен?
Өтүп бараткан жыл Ирак үчүн да, Ирактын оккупацияланышына байланыштуу, дүйнө үчүн да өзгөчөлүү жыл болду. Бир четинен карөзгөй диктатуралык режимдердин бири жер менен жексен болду. Ошол эле мезгилде, 21-кылымда суверендүү өлкөнү башка мамлекеттин басып алышы көпчүлүктү катуу бейпайга салды.
Азаттыктан кезекти "Турмуш белестери" радио-журналына беребиз. Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы кыргыз мигранттарынын көйгөйлөрүнө назарыңыздарды бурабыз.
Kети Мелуа Грузиянын Батуми шаарында туулган. Кичинекейинде ата-энеси менен Британияга көчүп кеткен. Бүгүн ырчы жана акын кыздын бир ыры Британияда эң популярдуу 20 ырдын катарына кирип, ал эми алгачкы ырлар жыйнагы "алтын" альбом болуп калды.
Дүйшөмбү күнү Москвага келген Кытайдын коргонуу министри үстүбүздөгү жуманы Орусияда өткөрөт. Цао Гаңчуандын визити эки өлкөнүн аскердик кызматташтыгын, анын ичинде курал соодасын бекемдөө максатын көздөөдө.
Дагы жүктөңүз