"Азаттыктын" штаттан сырткаркы журналисти. Эл аралык AIB сыйлыгынын жеңүүчүсү (2011).
Талибдердин режими кулап, өлкөгө эл аралык коопсуздук аскерлери киргизилгени менен Ооганстанда фракциялар аралык араздашуунун оту улам бир жерде жалбырттап, жардыруулардан кан төгүлгөн учурлар токтобой келатат. Ушуга байланыштуу сентябрга белгиленген президенттик жана парламенттик шайлоонун мөөнөтү алигиче жарыялана элек. Анын аралыгында, Ооганстанда Америкалык аскерлердин жергиликтүү түрмөлөрдө айыпкерлерге зордук-зомбулук көрсөткөнү боюнча жаңы иликтөө башталды.
Koшмо Штаттары Иракка суверендүүлүгүн эки күн мурда өткөрүп бергенден кийин, Вашингтон дайындаган Багдаддын администратору Пол Бремер кармалбастан, мекенине кайтып кетти. Ал Иракты бир жылдан ашык башкарып туруп, артында өз коопсуздугун кепилдей албаган өлкөнү жана оккупациялык бийликтин таасири сиңген өкмөттү калтырып кетти. Анда америкалык администратордун калтырган "мурасын" анализдеп көрөлү.
Ыстамбулда өтүп жаткан НАТОнун баш жыйынында Америка Кошмо Шттаттары альянстын Иракта өзүнө формалдуу жоопкерчиликти алышына басым жасайт деп күтүлүүдө. Бирок самитте чоң жаңылык болоору да күмөн.
Кошмо Штаттары жана Европа Союзу Ирактын жаңы өкмөтүнө колдоо билдиришти. Ирландияда кечээ аяктаган саммитинде тараптар ошондой эле Ирактын түрмөлөрүндө отурган айыпкерлердин укуктарын Женева келишиминин негизинде сактоонун зарылдыгын белгилешти.
Үстүбүздөгү айда Ирактын Фаллужа шаарында барымтага алынган алты жергиликтүү айдоочунун урук-туугандары айдоочуларды кыйнап өлтүрдү деп чет элдик согушчандарга жана радикал мусулмандарга доомат артышууда. Алардын айтымында, жергиликтүү полиция жана ирак аскерлери айдоочулардын өмүрүн сактап калууга эч кандай чара көрүшкөн эмес.
Биз бош убактыбызды ар түрдүүчө өткөрөбүз. Бирөөбүз киного барып, же досторубуз менен жолугабыз, башкалар тоого чыгып, суу боюнда эс алышат. Ал эми Филип Зингер жер кыдырып, сүрөт тартат. Ал быйыл жайында Борбор Азияга, Кыргызстан аркылуу Тажикстанга баруу пландары жөнүндө айтып берди.
Газа тилкесинде бир аптадан бери кан төгүлүп, кагылышуулар токтобой келатат. Бүгүн (16-майда) Израил аскерлери качкындардын Рафах лагеринде бир нече үйдү сүздүрүп салышты. Бул окуяны Кошмо Штаттары сынга алды. Израиль Египеттин чек арасына канаатташ жайгашкан бул лагерде жер алдындагы өткөөлдөр аркылуу палестин согушчандары чет элден куралдарды жардам катары алат деп ырастап, бул жакта өз көзөмөлүн күчөтүүдө.
Ирактык айыпкерлерге зомбулук көрсөткөн америкалык аскерлердин сүрөттөрү АКШнын өзүндө да, дүйнөнүн калган бөлүгүндө да катуу нааразылыкты жаратты. Араб жана мусулман өлкөлөрүндө терс пикир айрыкча катуу болуп жаткандыктан, Вашингтондун бедели Жакынкы Чыгышта кайта калыбына келбестей түштүбү деген суроону жаратууда.
Британияда иденттүүлүк картасын сыноо башталды. Мындай карта бардык Британ жарандарына милдеттүү киргизилсе, ал террордун жолун тороого огожо болобу же адамдардын жарандык укуктарын чектеп, улут аралык ынтымакка жик салабы?
Кошмо Штаттардын аскерлери Багдаддын жанындагы түрмөдө ирак жарандарына зөөкүрдүк көргөзгөн фактылар боюнча иликтөө башталып, алты офицердин үстүнөн кылмыш иши козголду. "(Түрмөдөгүлөрдү кыйноо) Ирактагы америкалык аскерлерге мүнөздүү көрүнүш эмес" деп ырастады армиянын Ирактагы операцияларынын жетекчилеринин бири генерал Марк Киммит.
Ирактыктар өз мекендештерине каршы ок атуудан тайсалдаган бир катар окуялардан кийин, Кошмо Штаттары Иракта козголоңчуларды бир жаңсыл кыла турган атайын аскер тобун түзүүгө киришти. Бул топ да Ирактын жарандарынан куралмакчы. Мындай күчтөр Ирак армиясынан же полициясынан канчалык айырмаланаары - азырынча белгисиз.
Кошмо Штаттарындагы соңку сурамжылоо президент Жорж Буштун эл арасындагы популярдуулугу өсүп жаткандыгын көрсөттү. Мындай таңкалыштуу көрүнүштүн сыры эмнеде?
Кошмо Штаттарындагы соңку сурамжылоо президент Жорж Буштун эл арасындагы популярдуулугу өсүп жаткандыгын көрсөтүүдө. Мындай таң калыштуу көрүнүштү "Азаттыктын" Вашингтондогу кабарчысы Эндрю Туллиге ардагер серепчи комментарийледи. Комментарий менен сиздерди Жаңыл Жусубжан тааныштырат.
Жорж Буш шейшембиде чоң пресс-конференция өткөрүп, кабарчылардын бир топ кычыктуу суроолоруна жооп берди. Ирактагы АКШ аскерлери үчүн айрыкча каргашалуу болгон апрель айынын капортосундагы маалымат жыйынында президент Иракта кырдаал улам оорлоп баратса да америкалыктарды көздөгөнүнөн кайтпоого чакырды. АКШнын президенти Ирактын эгемендигин башында пландалгандай эле Ирактын элине 30-июнда кайтарып берилээрин бышыктады.
Ирактын Фаллужа шаарындагы коалициянын чабуулдарынан жүздөгөн кишилер апаат болду. Ошондон кийин Ирактын Башкаруу Кеңешинин айрым мүчөлөрү АКШ армиясын катуу сынга алышууда. Алар өткөн айдагы төрт америкалыктын өлүмү үчүн өч алуу операциясы чектен чыгып, кызыл кыргынга айланып кеткенин айтышууда. Америкалык өкүлдөр мындай дооматтарды четке кагып, карапайым элдин арасындагы өлүмдү азайтуу үчүн бардык аракетти жасап жатабыз дешет.
Иракта абал бычактын мизинде турганда Ооганстанддын түндүгүндө жергиликтүү куралдуу топтордун кагылышуусу уланды. Анын аралыгында Кошмо Штаттары "террорчу" деп издөө салган экс-премьер Гүлбидин Хекматияр оогандарды АКШ баштап келген анти-террордук аскердик коалицияга каршылык көрсөтүүгө чакырды.
14-апрелде Чехиянын баш калаасында эларалык "Йеден Свет" же "Бир дүйнө" фестивалы башталууда. Европадагы эң абройлуу адам укуктары фестивалдарынын бирине айланган кароону Прагада көрөрмандар чыдамсыздык менен күтүшөт. Анда быйыл да Кыргызстан тууралуу фильм көрсөтүлмөкчү.
Америка Кошмо Штаттары үч айга жетпеген убакта Ирактагы бийликти ирактыктардын өздөрүнө өткөрүп берүүгө тийиш. Бирок экс-президент Саддам Хусейн кармалганына төрт айга аяк басып баратса да, Ирак тынчыбай койду - апта соңунда Ирактын бир нече шаарларында оккупациялык аскерлер радикал шийит молдонун колдоочулары менен кагылышып, 90 чакты киши набыт болду. Америкалык сенаторлор Иракка эгемендикти кайтаруунун мөөнөтүн узартууну сунуш этип жатышат.
Израилдин өкмөтү 22-март (дүйшөмбүдө) палестиндердин ХАМАС уюмунун руханий жол башчысын атып өлтүрттү. Шейх Ахмед Ясин Газа шаарында мечиттен чыгып үйүнө бараткан жолдо, ал түшкөн машинаны Израилдин тикучмалары ракета менен аткылашкан. ХАМАС уюму Ясиндин өлүмүн өч алуусуз калтырбай тургандыгын жарыялады. Бул окуя ХАМАС колдогон жанкечти чабуулдардын азайышына жардамдаш болобу же тескерисинче, өчөгүштүк күчөп, калаба күчөйбү деген суроону күчөттү?
Грузин парламентинин төрайымы Нино Буржанадзе бүгүн автономдуу Ажар жумуриятын борбордук Тбилиси өкмөтү менен жараштыруу максатында Батумиге келди. Буржанадзени Грузиянын мамлекеттик коопсуздук министри Зураб Адеишвили коштоп жүрөт.
Дагы жүктөңүз