"Азаттыктын" штаттан сырткаркы журналисти. Эл аралык AIB сыйлыгынын жеңүүчүсү (2011).
АКШнын Мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл капысынан Олимпияданын жабылыш аземина катышуудан баш тартты. Грециядагы спорт мелдештери ушул жекшембиде аяктап жатат. Пауэлдин бул чечимине жума-ишемби күндөрдөгү Афиныда өткөн анти-америкачыл демонстрациялар таасир этти окшойт. Бирок Мамдепартамент ортодо байланыш жок деген билдирүү таркатты.
Палестиндер Жакынкы Чыгыш жараянында Кошмо Штаттары жөөт айылдары боюнча турумун өзгөртүп жатат деп шектенип, мындай көрүнүш тынчтык жараянын үзгүлтүккө учуратат деп эскертишүүдө. Израил басып алган жерлерде жаңы үй курууну токтотуу тынчтык планынын өзөгүндөгү шарт болчу. Эмне себептен Израилдин мындай курулушту кайра жандандыруу чечимине Кошмо Штаттары ачык каршы чыккан жок?
Кытайда бүгүн (22-августта) өлкөнүн маркум жол башчысы Ден Сяопиндин 100 жылдык мааракеси чоң салтанат менен белгиленди. Парламентте сүйлөгөн сөзүндө Кытайдын президенти Ху Цзинтао Дең Сяопин ар дайым элдин кызыкчылыгын биринчи орунга койгон адам болгондугун баса белгиледи. Мао Цзедундун ордуна 1976-жылы келген Ден 1987-жылы ардактуу эс алууга чыкканда, экс-президент Цзян Цземинди жана Ху Цзинтаону ордуна калтырып кеткен. 1989-жылы Тян-яньмен аянтындагы демократиялык козголоңду куралдын күчү менен баскандыгы менен да тарыхта калган Ден 1997-жылы, 92-жашында дүйнөдөн кайткан.
Түштүк Осетияда кайрадан согуш аракеттери жанданып, окко учкандар бар экени тууралуу кабарлар түшүп жатат. Грузия менен Түштүк Осетия мунун алдында биргелешкен бейпилдик күчтөрүнөн башка бардык куралдуу бөлүктөрдү аймактан алып кетүүгө макулдашкан эле. Анын аралыгында, Грузиянын бийликтери кырдаалды талкуулоо үчүн эл аралык конференция уюштурууга чакырууда.
Түркиянын жана Румыниянын тергөөчүлөрү жакында сексуалдык күңчүлүктүн курмандыктарынын арасында сурамжылоо жүргүзүп, беш шектүү кылмышкерди колго түшүрүштү. Бул - Түштүк-Чыгыш Европадагы уюшкан кылмыштуулукка каршы аймактык кызматташттыктын дагы бир жемиши болуп калды.
Нажаф шаарында согуш уланып жаткан чакта Ирактын өкмөт башчысы Аяд Алави катаң позициясын ого бетер күчөттү. Ал радикал шийилердин анабашы Муктада Садыр молдону январдагы шайлоого катышууга чакырып, бир эле мезгилде аны менен сүйлөшүүдөн баш тартты. Мындай келишпес туруму менен Алавинин Садыр Молдо менен чатакты токтото алаары күмөн туудурат.
Бириккен Улуттардын Ирактын мунайын азык-түлүккө алмаштыруу программасындагы корруцияны иликтеген көз карандысыз комиссиянын жетекчисинин айтымында, иликтөөнү аягына чыгаруу үчүн дагы бир жыл убакыт керек болмокчу. Убагында АКШнын борбордук банкын жетектеген Пол Волкер текшериле турган документтер өтө көлөмдүү болгондуктан, аталган программаны кимдир-бирөөлөр өз кызыкчылыгында пайдаланганы тууралуу айтуу али эрте экендигин белгиледи. Волкер ошондой эле Бириккен Улуттардын кызматкерлери тергөөгө тоскоолдук түзүп жатышат деген ырастоону четке кагып, Ирактык расмий өкүлдөр ага колдон келген жардамын көрсөтүп жаткандыгын ырастады.
Хантеңирде кар басып калгандардын басымдуу бөлүгү Чех жумуриятынын жарандары болду. 5-августтагы күтүлбөгөн кырсыкты чех басылмалары кеңири чагылдырып жатышат. Гезиттер бул - чех альпинизми оор жоготууга учураган окуя болуп калды деп жазышууда.
Кыргызстан, ага катар Казакстан билим берүү тармагын реформалоо жаатында Борбор Азияда сап башында келатышат деп айтылууда. Ошол эле убакта, учурдагы уңгулуу аракеттердин масштабы чектелүү, келечеги бүдөмүк. Анда "Азаттыктан" жогорку окуу жайлардагы паракорлук боюнча регионалдык түрмөгүбүздүн төртүнчү жана жыйынтыктоочу бөлүмү.
Koшмо Штаттарында теги араб жана мусулман динин карманган америкалыктардын саны аз болгону менен, келерки президенттик шайлоонун тагдырын чечип коюга даремети бар топту түзүшөт. Ушул күндөрү Бостондо өтүп жаткан Демократиялык партиянын улуттук курултайында да алардын катары мурдагыдан көп экендиги байкалат. Изилдөөлөр америкалык мусулмандар өткөн шайлоодон айырмаланып, быйыл басымдуу көпчүлүгүндө Республикачыл Жорж Бушка каршы добуш бере тургандыгын көрсөтүүдө.
Ооганстанда октябрдагы президенттик шайлоого талапкерлерди каттоо аяктап, ага 20 чакты киши катышаары дайын болду. Бирок бул мөөнөттүн эң акыркы күнү – ушул дүйшөмбүдө ат салышка Түндүк Алянстын таасирлүү өкүлү – Юнус Канунинин кошулушу көпчүлүк үчүн күтүлбөгөн кадам болуп калды.
Eвропа Шериктештиги ушул дүйшөмбүдө тышкы иштер министрлеринин кезексиз жыйынын өткөрдү. Анда соода жана Жакынкы Чыгыш маселелери менен катар, Бириккен улуттар уюму дүйнөдөгү учурдун эң оор гуманитардык кризиси деп атаган Судандагы Дарфур калабасы талкууланды.
Америкалык аскерлердин Иракта жана Ооганстанда айыпкерлерди кордоп, кыйнаганы пайда кылган жаңжалга эми жаңысы кошулду. Учурда америкалык үч карапайым атуулга Ооганстанда жергиликтүү тургундарды уурдап кетип, уруп-сабап, кыйнаган деген айып коюлууда. Мыйзамсыз түрмө иштеткендердин бири Жонатан Айдема биз эч кимди кыйнаган эмеспиз, Вашингтон өкмөтүнүн колдоосу менен иштегенбиз деп карганууда.
Адам баласы "ушу сабатым ачылбай, караңгы бойдон калсам экен, аркы-теркини түшүнбөгөн түркөй болсом экен" деп эч качан кыялданбайт болсо керек. Анда, түркөйлүктү акча берип сатып алгандарга эмне дейбиз?! Сөз жогорку окуу жайларындагы паракорлук жөнүндө болуп жатат. Мындай нерсе бизде эле бар бекен, адам баласы бардык жерде бирдей дегендер болушу мүмкүн. Бирок ачуу чындык ушунда, мурдагы советтик жумурияттарга мүнөздүү бул көрүнүш өнүккөн мамлекеттерде жок, алардын өнүгүп-өсүп жатышынын сыры ушунда жаткан болбосун!?
Ооганстанда жана Иракта АКШ армиясы баштаган коалициялык аскерлер колго түшүргөн туткундардын макамы Кошмо Штаттарында саясий курч маселе бойдон кала берүүдө. Учурда АКШнын Жогорку соту Кубадагы Гуантанамо базасында кармалып турган чет элдик туткундардын мыйзамдык макамын аныктоого далалат кылып жатат. Бул сот алардын укуктары Кошмо Штаттарынын өзүндөгү абактагылардыкы менен тең болушу керек деп айтууда.
Ирактын убактылуу өкмөтү да, эл да оор күндөрдү баштан кечирүүдө. Кошмо Штаттарынын аскерлери дагы деле түрмөлөрдү жана маанилүү обьектилерди көзөмөлдөп турганы менен, партизандык согушту күч алдырган куралчандар АКШнын союздаштарын аскерлерин чыгарып кетүүгө мажбурлашууда. Жекшембиде бир шаарда америкалык согуштук учак шектүү үйдү болбалап, ондон ашык киши каза тапса, түндүктө эки машина жарылып, полициячылар курман болушту.
Ооганстандын президенти Хамид Карзай жалпы улуттук куралсыздандырууга каршылык көрсөткөн кол башчыларга катаал чаралар көрүлөөрү айтылган жардыкка кол койду. Жардыкта куралсыздандырууга катышпаган жер-жерлердеги аскер башчылары чыккынчы жана козголоңчу деп табылып, тийиштүү жаза алаары айтылат.
Жакында Бишкекте Борбор Азиялык музыка жыйнагын түзүп жаткан адистер Кыргыз телерадиокорпорациясынын Бишкектеги баш кеңсесинде бир нече күн иштешти. Алар кыргыз шайырлары менен катар, коңшулаш өлкөлөрдөн атайын келген артисттердин ыр-күүлөрүн жаздырышты. КТРде Ташкенден келген уйгур өнөрпоздору да ыр жаздырышты.
Индонезияда алгачкы түз президенттик шайлоодо беш талапкердин бири да добуштардын жарымынан ашыгын ала алган жок. Экинчи айлампа күздө өтөт. Бирок сентябрда кайсы эки талапкер ат салышаары азырынча белгисиз. Эскперттер кимиси жеңип чыкса да терроризмди тизгиндөө жана экономикага тушоо салган проблемаларды чечүү оңой болбой тургандыгын айтышууда.
Жакында Кыргызстандын парламенти жаңы курула турган жолдорго акы киргизүүнү караган мыйзамды биринчи окулушунда кабыл алды. Ошол тушта 20 чакты депутат өлкөдө мекчиктештирүү адилетсиз жолдор менен ишке ашып келатканын эскертип, президент Акаевге кат жолдошту.
Дагы жүктөңүз