"Азаттыктын" штаттан сырткаркы журналисти. Эл аралык AIB сыйлыгынын жеңүүчүсү (2011).
Кошмо Штаттары баштаган маң заттарына каршы жаңы программа жеке дыйкандардын апийим өстүрүүсүн токтотууга басым жасайт, бирок эл аралык гумманитардык жардам агенттиктери бул план карапайым дыйкандарды жакырчылыктын сазына батырып, ошол эле мезгилде ортоңку жана жогорку деңгээлдеги соодагерлердин кылмыштуу иштерин токтотуу жаатында дээрлик чара көрүлбөй жаткандыгын сынга алышты. Ооганстандын президенти Хамид Карзай болсо маң заттарын мыйзамсыз өстүрүүнү токтотууну башкы милдеттердин бири деп аныктаган.
Экономика кайда баратканын айлык-маянанын төлөнүш шартынан боолголосо болот. Бул нерсе Жаңы Жыл фестивалын майрамдап жаткан Кытайдын мисалынан айрыкча даана байкалат. Жүз миңдеген ички мигранттардын бир катары жаңы жылдын алдында айлыгын алып, туулуп-өскөн жерине кайтышат, бирок жумушчуларын жоготкусу келбеген иш берүүчүлөр алардын айлыгын төлөбөй коюп, мигранттар асынып өлөбүз деп коркутканга чейин барган учурлар катталууда.
Иран ядролук курал өндүрүүгө жардам болчу иш-аракеттерин толук токтотууга макул болду. Буга караганда АКШнын каршылыгына карабастан, Бириккен Улуттардын ядролук агенттиги келерки жумада Иранды жумшак сындаган резолюция кабыл алат.
Казакстанда ушул жекшембиде президент Назарбаевдин партиясынын баш кеңсесинде эки жарылуу болгон эле. Полиция жардыруу ээнбаштардын колунан келди деп болжолдоп жатат.
Украинда оппозицияны колдоочулар жетинчи күн катары менен демонстрацияга чыгышты. Парламент ишембиде шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапкан - Укранинанын улуттук жыйыны премьер-министр Виктор Янукович менен оппозиция өкүлү Виктор Ющенконун ортосундагы өткөн жекшемби күнкү таймашта көп эреже бузуулар болду деп айтылган резолюция кабыл алган. Бул резолюция бийликтин башка бутактары үчүн аткарылышы милдеттүү документ эмес. Ошого карабастан парламенттин бүтүмү оппозицияга жаңы шайлоо комиссиясынын жетекчилигинде кайрадан добуш берүү өтөт деген үмүтүнө үмүт кошту. Тараптар ошондой эле Жогорку соттун дүйшөмбүдө чыга турган бүтүмүнө кылчактап турушат.
25-ноябрда Борбор Азияда аялдарды кодулоого каршы өнөктүк башталууда. Жылыга өтүүчү иш-чара "гендерлик зордук-зомбулукка каршы активизмдин 16 күндүгү" деп аталат. Аялдар үй-бүлөдө туш келген зордукчулукка кошумча болгондордун арасында кайнене жана өмүрлүк жолдоштун башка урук-туугандары да жок эмес.
Югославиядагы согуш кылмыштары боюнча трибуналдын баш прокурору Карла Дел Понте айым Сербия менен Черногориени шектүү согуш кылмышкерлерин кармоого кол кабыш кылбай жатат деп айыптады. Дел Понте Бириккен Улуттардын Коопсуздук кеңешинде трибуналдын ишин оор-топондоп, бүтүрүүгө айрыкча Белград бут тосуп жаткандыгын билдирди. Дел Понте ошондой эле Босниянын курамындагы Српска Жумуриятынын жана Хорватиянын жардамына муктаж экендигин кошумчалады.
Бириккен Улуттардын баш жыйынынын комитети Иранда сөз эркиндиктеринин жана адам укуктарынын тепселишин айыптап чыкты. Адам укуктары комитети кабыл алган резолюция Иранды юриспруденция, жазалоо тармактарын реформалап, аялдарды жана диний азчылыктарды дискриминациялоону токтотуугa чакырат. Иран бул айыптоолорду кабыл алган жок. Резолюцияга бир катар өнүгүп келаткан өлкөлөрдүн катарында, Кыргызстан да каршы добуш берди.
AКШдагы соңку шайлоодон кийин, бул өлкөнүн саясатындагы диндин орду тууралуу маселе алдыңкы планга чыкты. Ушул айдын башында Президент Жорж Буш Библияны сөзмө сөз түшүнгөн, адам баласы руханий жактан кайра жаралмайынча кудай алдындагы күнөөсүнөн арыла албайт деп ишенген протестант христиандардын кеңири колдоосу менен кайра шайланды. 2-ноябрдагы шайлоодо жүргүзүлгөн сурамжылоодо бардык шайлоочулардын болжол менен төрттөн бири өзүн "кайра туулган" же "протестант" деп атаган. Булар Буштун экинчи кызмат мөөнөтүнө таасир тийгизиши мүмкүнбү, эгер тийгизсе ал кандай таасир болот?
Шейшембиде Иракта 15 миңдей америкалык жана ирактык аскерлер Фаллужа шаарына чабуулун улантышты. Каршылык көрсөтүү айыгышкан мүнөздө болуп, согуш үймө-үй, көчөмө-көчө жүрүп жатат. Шейшембинин таңына чейин чабуул жасагандар кеминде бир чакырым алга жылып, шаардын эки ооданына кирип барышты.
Ooганстанда президенттик шайлоодо берилген добуштарды саноо ушул жекшембиде да улантылып, президент Хамид Карзайдын алдыда келатканы дагы бир ирет бышыкталды. Бирок Кабулда апта соңунда жанкечтинин эки кишинин өмүрүн алган кол салуусу Ооган жергесинде бейпилдиктин жолу катуу экендигин эскерткендей болду.
Иракта Багдаддын шийит мусулмандары отурукташкан Садыр ооданындагы куралдуу кагылышууну токтотуу тууралуу келишим жетишилди. Жекшемби күнү белгилүү болгондой Ирактын өкмөтү жана америкалык аскерлер Садыр ооданына мындан ары чабуул жасабайт, ал эми жоочулар оор куралдарын тапшырышат.
Aбхазиянын Борбордук шайлоо комиссиясы кечээ президенттик шайлоону бир аймакта кайра өткөрүүгө бүтүм кылды. Мындай чара Конституцияда каралбаганы менен, чыр-чатактын күчөп кетишине жол бербөө үчүн бардык талапкерлер ушундай мунасага келишти.
Пакистанда жашаган ооган качкындарын Ооганстандагы президенттик шайлоого каттоо дагы бир күнгө узартылды. Бул тууралуу билдирүү жасаган Эл аралык миграция уюму аялдар аз катталып жаткандыгын бышыктады. Уюм Ооганстандын өзүндөгү эскичил жамааттарды 9-октябрдагы шайлоого аялдарды көбүрөөк катыштырууга чакырууда. Бирок Пакистанда жашаган ооган аялдары арасында саясий активдүүлүк анчейин байкалбай жатат.
Британиянын полициясына көп жылдардан бери теги азиялык жана африкалык британдарды көбүрөөк ишке алгыла деп кысым көрсөтүлүп келатат. Мындай иш-чаранын жактоочулары азчылыктардын өкүлдөрү өздөрүнө улутташ полициячыларга көбүрөөк ишенип, жакшыраак кызматташмак дешет. Өкмөт да жакында бул жаатта жылыш аз болуп жаткандыгы айтылган отчёт жарыялады. Көп улуттун өкүлдөрү жашаган оодандарда тартип сактоону кандайча жүргүзүш керек? Мындай квота киргизүү жардам береби?
Ушул шейшембиде Бириккен улуттар уюмунун Баш Жыйыны 59-сессиясын баштоодо. Жарым айга созулуучу дебаттарда БУУнун Коопсуздук Кеңешин жана башка мекемелерди реформалоо маселеси негизги темалардын бири болот. Ал эми Индия, Германия сыяктуу өлкөлөр туруктуу мүчөлүк алуу маселесин көтөрүшөт деп күтүлүүдө.
Ирактын убактылуу президенти Гази ал-Явад ушул шейшембиде Брюсселде болуп, НАТО өлкөлөрүн Ирактагы азыркы жупуну машыктыруу миссиясын кеңейтүүгө чакырды. НАТОнун жетекчиси бул чакырыкты түшүнүү менен кабыл алды, бирок жакын арада чоң жылыш болоору күтүлбөйт.
Жекшембиден дүйшөмбүгө караган түнү Ooганстандын түштүк-чыгышындагы Забул дубанында автоматтар жана ракета аткычтар менен куралданган кишилер америкалык аскерлердин турумуна кол салышты. Ал эми өлкөнүн батышындагы Герат ооданында алдыңкы күнкү тополоң токтоп, америкалык жана ооган күчтөрү жайгаштырылгандан кийин, турмуш мурдакы калыбына келе баштады. Гераттагы тополоң келерки айда кайрa шайланууга үмүттөнгөн президент Карзайдын жер-жерлердеги таасиринин солгун экендигин айгинеледи.
Террористтер Кошмо Штаттарында төрт учакты ала качып, алардын үчөөнү Нью-Йоркто жана Вашингтондо жардырганына үч жылдын жүзү болду. Төртүнчү учак Пенсилвания штатында талаага түшүп кыйраган. 2001-жылдын 11-сентябрындагы бул окуялар эл аралык терроризмге каршы чоң казатка түртү болду, бул казат бүгүн да уланууда. Антитерроризм согушунун жүрүшүндө Ооганстан менен Ирак бомбаланып, бийликтери алмашты, Испания, Өзбекстан, Саударавия өңдөнгөн ар кыл өлкөлөрдө бир катар чабуулдар орун алды.
Терроризм көп элдердин жүрөгүнүн үшүн алган көрүнүшкө айланды. Бул коркунуч сезимдин күч алышы мындан туура үч жыл мурда Кошмо Штаттарында орун алган террордук чабуулдарга барып такалат. 2001-жылдын 11-сентябрында бир күндө 3 миң чакты киши ажал тапкандан кийин, "ал-Каидага" байланышкан же ушул террордук уюм дем берген террордук топторду жок кылуу үчүн дүйнөдөгү көп өкмөттөр күчүн бириктире баштады.
Дагы жүктөңүз