“Азаттыктын” иликтөөсү чыгардын алдында Башкы прокуратура “Бишкектин санитардык полигону” ишканасынын мурдагы жетекчиси Болот Асаналиев кармалып, таштанды полигонуна байланыштуу Бишкектин экс-мэри Албек Ибраимовго издөө жарыяланганын билдирди.
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын, “Азаттыктын” кабарчысы Зайырбек Ажыматовдун өмүрдөн өткөнүнө эки жылдын жүзү болду. Ал 2020-жылдын 29-апрелинде 44 жаш курагында капилет кан басымы түшүп, дүйнөдөн кайткан. Акындын замандаштары анын ырларын окуп эскерет.
АКШ президентинин майыптыгы бар адамдардын эл аралык укугу боюнча атайын кеңешчиси Сара Минкара инклюзивдик чөйрөнү коом өзү гана жарата алат деген пикирде. Ал шайлоого майыптыгы барлардын катышуусу, аларга түзүлгөн шарттар, инклюзияны баштоонун оңой жолдору тууралуу "Азаттыкка" маек курду.
Шаар ичиндеги жашоого бир аз ыңгайлаштырылган мурдагы сарайда төрт балалуу үй-бүлө жашайт. Балдардын улуусу мектепте 2-класста окуйт. Бакча дегенди билбеген балдарына апасы жөлөк пул ала албай кыйналып келет. Жашаялмет үй-бүлө оорукчан атасынын күнүмдүк таап келгени менен жашоого аргасыз.
2020-жылдагы Октябрь окуяларындагы башаламандыктардын чыгымы 372 млн. сом деп эсептелип, ондогон курал-жарактар жоголгону белгилүү болду. Бийлик алмашуусуна алып келген тополоңго байланыштуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баш богон бир нече саясатчыга кылмыш иши козголгон.
Кыргызстан Кумтөрдү алган соң кенде коррупциялык схемаларга жол бербөө үчүн аракеттер көрүлүүдө. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Азаттыкка» маегинде билдирди. Ал Кумтөр боюнча келишим, экономикадагы абал, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге көрүлчү чара
Бишкектин санитардык аймагында таштанды төгө турган жаңы полигон куруу жана ал жерди рекультивациялоо иштерине алынган 22 миллион евронун 6 миллиону гана калды. Бирок ушул күнгө чейин акыр-чикир төгүлгөн талаа толук тазаланбай, полигондун курулушу ордунан жыла элек.
Бишкек шаарындагы Кыргыз-түрк достугу ооруканасы 2021-жылдын сентябрь айынан бери иштеп жатат. Анда азырынча жүрөк, кан тамыр оорулары менен жабыркаган бейтаптар дарылана алышат.
"Жоогазын ыңкылабы" деген аталыш менен тарыхка кирген 2005-жылдын 24-мартындагы окуяга 17 жыл болду. Бул күнү президент Аскар Акаев бийликтен куулган Бул окуяга ар кыл баа берилип келет. Айрымдар аны Борбор Азиядагы алгач жолу элдин эрки менен коррупциялашкан бийликтин кулатылышы катар баалашат.
Бишкекте BURANA FASHION WEEK 2022 деп аталган мода жумалыгынын 6-сезону ачылды. Мында 20дан ашык кыргызстандык дизайнерлер эмгектерин көрүүчүлөрдүн сынына койду.
2002-жылы 17-мартта мурдагы президент Аскар Акаевдин бийлигине нааразылык билдирип чыккан элге ок атылып, алты адам көз жумган. Аксы окуясы эгемен Кыргызстандын тарыхындагы кара так болуп калды. Тынч митингге бара жаткан элге каршы ок чыгарууга кандай зарылчылык болду эле?
Саннирабига Бектурган кызы Бишкектеги жаза аткаруу кызматына караган 7412 аскердик бөлүгүнүн оркестринде барабанчы. Ал кыргыз улуттук консерваториясынын урма аспаптары бөлүмүн аяктаган жалгыз кызСаннирабига быйылтан баштап музыкалык мектепте сабак бере баштаган.
Орусиянын Украинага чабуулу кыргыз коомчулугунда дагы кызуу талкууга алынган темага айланды. Украинадагы кырдаал тууралуу кыргызстандык талдоочулардын пикири кандай?
Тоң районундагы балыктын икрасын иргеп, тандап өстүргөн ишкана быйыл 8 миллион сига менен 300 миңден ашуун форелдин чабагын көлгө чыгарууну пландап жатат. Эки жылда кыргыздын беш музыкалык аспабын үйрөнүп алган англиялык Самуэл Жорж эми дастанчылык өнөрү боюнча билим алууда.
Этно-музыкант Нурбек Серкебаев баштаган маданият адамдары өлкө башчы Садыр Жапаровго кайрылып, 190 батирлүү турак жайдын курулушу үчүн 340 млн. сом бөлүп берүүнү өтүнүп, маалымат жыйын өткөрүштү.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов менен Жогорку Кеңештин спикери Талант Мамытов жолугуп, парламентте өкмөт өкүлүнүн дарегине айтылган сын-дооматты талкуулашты.
Аламүдүн районундагы Васильевка айылына Өзбекстандан жана Тажикстандан көчүп келип жашап жаткан этникалык кыргыздар турак-жай маселеси курчуганы үчүн, жашылдандырууга деп 25 жылдык мөөнөткө берилген жерлерине куруп алган үйлөрүн мыйзамдаштырып берүүнү талап кылышууда. Айыл өкмөт башчысынын айтуусунд
Кыргыз-тажик чек арасындагы аягы үзүлбөгөн чыр-чатактан улам, Баткен облусунда 62 айылга өзгөчө макам берилип, казынадан колдоо болоору айтылган.
Кыргыз-Тажик чек арасындагы 27-январдагы куралдуу жаңжалдан кийин 29-январда эки тараптуу сүйлөшүүнүн экинчи айлампасы өттү. Жолугушууга Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев жана Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети
Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы кошумча күчтөрдү артка алып кетүү жараяны аяктады. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, Чек ара кызматы кадимки режимде иштеп жатат. Баткенде чек арадагы кырдаалдан улам 11 миңден ашуун тургун эвакуацияланган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алардын 10 миң 410у коопсуз аймактагы үйлөргө көчүрүлсө, 642 адам убактылуу түзүлгөн пункттарга жайгаштырылганын билдирген.
Дагы жүктөңүз